Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:51

Голландия: “Гауда” быштагынан даам татып көрүңүз


Hrunendorf's farm - Hauda, Netherlands, July 2010.
Hrunendorf's farm - Hauda, Netherlands, July 2010.

Дасторкондогу сүт азыктарынын бири - сыр - мындан 8 миң жыл мурда Түштүк-Чыгыш Азияда жаралганы айтылат. Ачытылган сүттөн жасалчу азык бүгүн Голландиянын негизги экспорттук продукцияларынын бирине айланган. Бул өлкөнүн быштагы дүйнөдө өзгөчө даамы, жасалуу ыкмасы менен бааланат. Биз адатта “Голланд сыры” деп атап жүргөн быштакты голландиялыктар өздөрү “Гауда” дешет.

Одри Хрунендорф: "Биз кулдай иштейбиз, а бирок хандай жашайбыз"
Гауда – бул Голландиянын түштүгүндөгү шаарча. Анын тургундары сырды тээ VI-кылымдан бери жасап, салтты улам жаңы ыкма, кошулмалар менен толуктап келишүүдө.

Кабарчыбыз Төрөкул Дооров ошол шаарчага барып, кадимки сыр жасаган дыйкан-фермердин бир үй-бүлөсү менен таанышты. Кабарчыбыздын баянын угуп, “Гауда” сырынан даам татып көрүңүз.

Эйсселе жана Гоуве дарыяларынын кесилишкен жериндеги бул порттун өзгөчө токтоо, бирок жайдары мүнөзү ушул сырдын даамынан да байкалып тургансыйт.

Кылымдардан бери голланддар "Гауда" сырын жасоо ыкмасын, техникасын улам байытып, бүгүн ага райхандан тарта, жалбыз, зиреге чейин бир топ жыттуу чөптөрдү кошушат.
“Биз, гаудалык фермерлер, үчүн бул ыракат, бакубат жашоо менен айкалышкан жакшы бизнес”, - дейт бул ферманын кожейкеси Одри Хрунендорф.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG