Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:38

"3-4 мүнөттө жетип бардык". Балыкчыда сууга чөккөн балдар куткарылды


Балыкчыда сууга түшүп кеткен эки өспүрүм жана алардын куткаруучулары.
Балыкчыда сууга түшүп кеткен эки өспүрүм жана алардын куткаруучулары.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 8-январда Балыкчы шаарындагы Озерная кѳчѳсүндөгү кѳлмѳдѳ муз тээп жатып сууга түшүп кеткен эки бала куткарылганын билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, окуя болгон жерде төрт куткаруучу иштеп, алар чала тоңгон көлмөнүн музун жиреп сүзүп барып, балдарды куткаруучу шаймандардын жардамы менен аман алып чыгышкан. Куткаруучулардын бири Амантур Бакиров окуя жөнүндө "Азаттыкка" учкай маек курду.

- Амантур мырза, алгач окуя кандайча болгонун өзүңүздөн уксак.

Амантур Бакиров
Амантур Бакиров

- 2024-жылы 8-январда саат 15:30 чамасында мага нөөмөтчүнүн жардамчысы Улан Курманалиев чалып, чөгүп жаткан 2 бала жөнүндө маалымат берди. Мен кесиптештерим Темирлан Кубатбеков, Байболот Мамытов үчөөбүз окуя катталган Балыкчынын чыгышындагы “Восьмерка” деген жерге жөнөдүк. Өзүбүз убакытты эсептеп жатканбыз, 3-4 мүнөттө жетип бардык.

Барсак, бир бала муздун үстүндө калкып калыптыр. Экинчиси жок экен. “102ге” чалып кабарлаган апа да ошол жерде экен. “Тездегиле, бирөө чөгүп кетти” деп калды. Шашылыш, эч нерсени ойлонбой эле сууга кирип кеттим. Эки жакка бут шилтеп, бутум менен издеп баштаганда, колуна урундум. Дароо колунан кармап чыгарып алдым. Андан кийин экинчисине жардам көрсөттүк. Ага-ини бир туугандар экен.

- Балдардын абалы кандай эле сиз алып чыккан учурда?

- Улуусун алып чыкканда жансыздай көрүнгөн болчу…

- Мындай окуялар кыш-жаз мезгилинде көп эле болсо керек. Тажрыйбаңызда буга чейин да ушундай куткаруу иштери болду беле?

- Негизи мындай окуялар Балыкчы шаарында чанда кездешет. Адатта мындай окуялар туристтик сезон кызыган жай мезгилине мүнөздүү. Жайкысын 1-2 баланы куткарып калганбыз. Буга окшош окуя 2022-жылы 2-февралда да катталып, сууга түшүп кеткен кызды алып чыккам.

- Бул окуя соцтармакта да кызуу талкууланып, айрымдар куткаруучуларга бардык керектүү шарттар түзүлүшү керектигин да жазып жатышат. Сиз эмнелерди айта аласыз?

- Азыр министрликтен, жергиликтүү бийликтен колдоо жагы жакшы. Боди камера, планшеттер берилип, санариптештирүү иштери жолго коюлуп жатат. Кудайга шүгүр, азыр баары жакшы.

Куткаруучулар Байболот Мамытов, Амантур Бакиров, Темирлан Кубатбеков.
Куткаруучулар Байболот Мамытов, Амантур Бакиров, Темирлан Кубатбеков.

- Айрымдар сизди сыйлыкка көрсөтүү керектигин да жазып жатышат…

- Ооба, анткендер да болуп жатат. Мен да комментарийлерди окуп жатам. Эми аны биз чече албайбыз да. Чоңдор бар, ошолор чечпесе, биз эч нерсе айта албайбыз.

- Элдин мындай пикири жагымдуу болсо керек…

- Биз жумушубузду гана аткардык. Мекенди, жарандардын коомдук коопсуздугун сактайбыз деп ант да бергенбиз. Ошол антыбызга бекем турдук деп ойлойм. Ата-энелер да жашы жете элек балдарына жоопкерчиликтүү болсо деп айтат элем.

- Амантур мырза, маек үчүн ыраазычылык, ишиңизге ийгилик!

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG