Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:32

"Майрам маанисин жоготту". 23-февралды белгилөөдөн чыккан талаш


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

23-февраль Кыргызстанда 2003-жылдан бери Мекенди коргоочулардын күнү катары белгиленип келет. Бул майрам Совет доорунан калганын, Кыргызстан эгемендикке жетишкенден кийин маанисин жоготконун айтып, аны майрамдоодон баш тартууга чакыргандар да бар.

23-февралда өлкө боюнча дем алыш жарыяланып, майрамды утурлай мамлекеттик деңгээлде ар кандай иш-чаралар уюштурулуп турат.

Бала бакчадан баштап, окуу жайларда жана дээрлик бардык тармакта эмгек жамааттарда мырзалардын майрамы катары кабыл алынып, белгилөө адатка айланган.

Совет доорунда пайда болгон майрамдын Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин мааниси жоголгонун айтып, анын жоюлушун, улуттук баалуулуктарга басым жасаган майрамдарды киргизүү сунушталып жүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламентте ушундай маселе көтөргөн.

“23-февралды жөнөкөй эле күн деп таанысак болмок. Мекен коргоочуларынын күнү дегенибиз менен 29-майда Куралдуу күчтөрдүн күнү белгиленип жүрөт. Бул майрам Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин маанисин жоготту. Бизде саясий майрамдар көп. Ошого үй-бүлөлүк, мисалы, балдар же энелер күнү сыяктуу белгилесек жакшы болот”.

Жарандык активист Айпери Болотжан 23-февраль - Советтер союзунан калган деп эсептейт:

"Советтер союзу таңуулап берген күн катары сезилет. Тарыхка кайрылсак, СССР өзүнүн кубаттуулугун патриоттук духту жаратуу менен кармаш үчүн майрам күнүн ойлоп тапкандай. Кыргызстан эгемен өлкө болгон соң, актуалдуулук жок. Жогорку жактан кайра карап чыгып, мектеп, окуу жайларда “шаблон” болуп майрамдоо токтотулса жакшы болмок. Аскерлер, мекен сакчылардын күнүн белгилөө зарыл болсо - 29-май турат. Мындай күндөр мектептерде шаан-шөкөт катары эмес, түшүндүрүү, талкуулоо багытында белгиленсе алда канча пайдалуу болот деп ойлойм. Анткени, эркин ой-жүгүрткөн муунду өстүрүү зарыл”, - деген пикирде Айпери Болотжан.

23-февралды утурлай негизинен күч органдарында иштеген кызматкерлерге ар кандай сыйлыктар, наамдар ыйгарылат.

Бул күн совет доорунда Кызыл армиянын негизделген күнү катары майрамдалып келген. СССР тарагандан кийин андан бөлүнгөн өлкөлөрдүн көбү аны белгилөөдөн баш тарткан. Орусия, Беларус, Тажикстан жана Кыргызстанда расмий майрам болуп саналат.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин майрамдардын тизмесинен чыгарылып, 2003-жылдан тарта кайрадан жылнаамада кызыл менен белгилене баштаган.

Коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматов мамлекеттик деңгээлдеги майрамдардын саясий-идеологиялык мааниси бар деп эсептейт:

“Кыргызстанда бул күндү майрамдап калган муун алмашсын. Кийинкилер өз муктаждыктарына жараша майрамдарды белгилей берсин. Азыр Орусиянын майрамын белгилеп, ага баш ийип калдык деген маселе көтөрүлүп жатат. Биз Кыргызстан – эркин өлкөбүз, эркиндикти баалайбыз. Бирок коомчулуктун бир бөлүгү бул майрамды белгилеп жаткан соң, алардын тилегин канааттандырууга тийишпиз”.

Коомдук ишмер Эмил Үмөталиев империялык түшүнүктөрдөн арылып, дүйнө эли менен гумандуу мамиле түзүү үчүн балдарга аскердик жагдайды көрсөтүүнү, даңазалоону азайтуу керектигин айтты.

Эмил Үмөталиев.
Эмил Үмөталиев.

“Кыргызстан көз карандысыздыгын жарыялаганы менен СССР доорундагы империяга пайдалуу болгон, колониялык саясатка ыктаган чечимдер, мыйзамдар, эрежелер дагы эле өзгөрө элек. Ошонун негизинде СССРдин мураскору болгон Орусия бизди кайра эле байлап алганга аракет кылып атат. 23-февралга окшогон символдор биздин улуттук кызыкчылыктарыбызга дал келбейт. Бул керек болсо бир учурларда жерибизге келип, аталарыбызды багындырып, өзүнүн эли-жерин коргогондорду кырган “кызыл шапкечендердин” күнү. Өзүбүздүн улуттук кызыкчылыгыбызды коргоп, өлкөнүн коопсуздугу үчүн кызмат кылган армиянын күнүн андан айырмалантып турушубуз керек. Бул жол бизди кулдук маанайдан, империялык режимдин үстөмдүгүнөн куткара турган баалуулуктардын бири”.

23-февралдан тышкары Кыргызстан совет мезгилинен бери 1-майды - Эмгек күнү, 9-майды Жеңиш күнү катары расмий белгилейт. 2017-жылга чейин 7-ноябрь Улуу Октябрь социалисттик революция күнү катары белгиленип келген. Ошол жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен 7-8-ноябрь күндөрү Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү деп жарыяланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG