Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:53

Март ыңкылабы: Кыргызстан кандай сабак алды?


24-март, 2005-жыл. Бишкек
24-март, 2005-жыл. Бишкек

Кыргызстанда "Жоогазын ыңкылабы" деген аталыш менен тарыхка кирген 24-март окуясына быйыл 19 жыл болду. Коомчулукта бул дата демократияга жол салган чоң саясий күрөш деп сыпатталганы менен, өлкө бийлиги ошол кездеги талаптардын өтөсүнө чыга албаганы айтылып жүрөт.

24-марттагы бийлик алмашуу революциябы же төңкөрүшпү деген талаш-тартышка азыр да чекит коюла элек. Үй-бүлөлүк башкаруунун жана таза эмес шайлоолордун айынан чыккан көтөрүлүштүн башкы каармандарынын карааны саясий аренадан алыстады.

"Ошол эле күрөш, ошол эле камоолор..."

Ошол учурда жаркын келечекке умтулган жаштардын арасында болгон Бурул Усманали ал кезде толкуган элдин мүдөөсү дагы эле ишке аша элек деген ойдо:

Бурул Усманали
Бурул Усманали

"Активист болууну ошондо баштагам. Азыр деле күрөшүп жүрөм. Дээрлик эч нерсе өзгөргөн жок. Ошол эле күрөш, ошол эле камоолор, бүгүн андан да күчөп жатат. 2005-жылдагы 24-март окуясынан дагы эле сабак албай жүргөнүбүзгө абдан өкүнөм. Сабак алыш үчүн 24-мартты, андан кийин бийлик алмашкан күндөрдү - 7-апрелди, 6-7-октябрды жамааттык эскерүү күнү катары коомдук аң-сезимге сиңирүү керек, чоң иш-чараларды уюштуруу зарыл. Ошондо гана эл арасында ойлонгондор көбөйүп, сабак алынат".

24-март 2008-жылдан тарта Элдик революция күнү катары расмий белгиленип келген. 2010-жылы кайрадан бийлик алмашып, 2012-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен бул датаны расмий белгилөө токтотулган. Жалал-Абаддын борбордук аянтында 24-марттын урматына орнотулган "Эркиндик" монументи четке жылдырылган. 2016-жылы президенттин жарлыгы менен бул дата "Эскерүү күнү" деп бекитилген.

Саясатчы Мавлян Аскарбеков да 19 жыл мурдагы үмүт актала элек дегендердин бири:

Мавлян Аскарбеков
Мавлян Аскарбеков

"Салыштырып эле айта турган болсок, ошол жылдары түстүү ыңкылаптарды башынан өткөргөн Арменияда, Грузияда адамдар кандайдыр бир жыйынтыктарды чыгарып, кийинки аракеттерди эмоция менен эмес, акыл-эс менен жасаганга умтулуп жатышат. Саясий жараяндар да ушуга жараша болууда. Кыргызстанда аналитикалык борборлордун жоктугу, жакыңкы тарыхты элге түшүндүрүп берген кадамдардын жоктугу бул окуядан сабак алууга жетиштүү аракет кылбаганыбызды көрсөтүп турат".

2005-жылы демонстранттар өлкөнү 15 жыл башкарган Аскар Акаевдин үй-бүлөлүк системасына каршы чыгышкан. 4-марттан тарта Жалал-Абад облусунда, 18-марттан Ош облусунда бийлик оппозиционерлердин колуна өткөн. 24-марттагы Бишкектеги ири демонстрация башаламандык менен коштолуп, Акаевдин режими кулатылган. Аскар Акаев үй-бүлөсү менен Москвага качып кеткен.

"Эл жөндөн жөн эле козголбостугун жадыбыздан чыгарбашыбыз кажет"

Президент Садыр Жапаров 24-марттын 19 жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуусунда калктын авторитардык бийликке каршы күрөшү “Аксы окуясынан башталып, 24-марттагы Элдик революция, 7-апрель окуялары менен уланып, акыры Октябрь окуясына алып келгендигин” белгиледи.

“Мамлекеттүүлүккө таасири зор мындай өзгөчө окуя, урунттуу учурлар баарыбызга сабак болушу керек! Баш мыйзамыбызда бадырая белгиленип жазылган бийликтин чыныгы ээси эл экенин эч качан унутпашыбыз зарыл. Эл жөндөн жөн эле толкубастыгын, негизи жок эле козголбой турганын жадыбыздан чыгарбашыбыз кажет. Кокус мунун баарын көз жаздымда калтырып, кайдыгер мамиле кылсак, бийликтин ээси болгон элибиз дагы, калыбынан жазбаган карт тарых дагы кечирбейт!” – деп жазылган кайрылууда.

Март окуясы адилетсиз бийликке нааразылыктын туу чокусу болгон. Бирок андан кийин да Кыргызстанда эки жолу митинг, демонстрациялардын коштоосунда бийлик алмашып, кан төгүлгөн.

Феликс Кулов
Феликс Кулов

Саясатчы Феликс Кулов кыргыз бийлиги 2005-жылдагы талаптардын өтөөсүнө чыга албай келгенин саясий эрктин жана жөндөмдүн жоктугунан көрөт:

"Саясий жараяндар бат эле болуп калбайт. Андан сабак алуу, туура багыт тандоо үчүн жылдар керек болот. Мындай жагдайда саясий күчтөр эрк көрсөтүшү керек. Тилекке каршы, бардык эле саясий партияларда андай жөндөм болгон жок".

Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасынын орунбасары Эдил Байсалов 19 жыл мурдагы бийликтин алмашуусун чоң тарыхтын башаты катары мүнөздөдү:

Эдил Байсалов
Эдил Байсалов

"Азыр деле бул тарых уланууда. Эмки жылы 20 жыл толот. Тазаланууну, акыйкаттыкты талап кылууну жана демократия курууну талап кылган революциябыз дагы эле уланууда. Азыр экономикабыз өнүгө баштады жана туруктуу жолго түштүк десек болот. Уюшкан кылмыштуу топторго, коррупцияга каршы кескин күрөш эми башталды. Жүздөгөн ишканалар ачылып, инвестициялар тартылууда. 2005-жылы көздөгөн максаттарыбыз азыр ишке аша баштады".

"Билимдүү коом болгондо гана сабак алынат"

Байсалов ошондой эле Кыргызстанда эми гана шайлоо ачык өтө баштады деген пикирде. Бирок талдоочу Сейтек Качкынбай мындай ойлорго кошулбайт:

Сейтек Качкынбай
Сейтек Качкынбай

"Жарым жыл мурун эле Улуттук статистика комитети кыргыз калкынын 33% жакыр деген баяндама жарыялаган. Бул менин эсебим эмес, же болбосо айрымдар айтып аткандай эл аралык "бузуку" уюмдардын маалыматы эмес, мамлекеттик органдын билдирүүсү. Миллиондон ашуун кыргызстандык Орусияда мигрант болуп жүрөт. Орто класс пайда болмоюнча, ыңкылаптардан сабак алынбайт. Эмне үчүн орто класс маанилүү? Себеби көпчүлүк жакшы жашаган, ар бир үй-бүлөдө жок дегенде бир адам айына 1000 доллар маяна тапса, балдарынын билимине көңүл бура баштайт. Билимдүү коом жаралганда гана ыңкылаптардан сабак алуу тууралуу сүйлөсөк болот".

Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган Аскар Акаев 16 жылдан кийин, 2020-жылы мекенин биринчи жолу келип, Кумтөр иши боюнча сурак берген. Экинчи жолу сурак берип кеткенден кийин "Московский комсомолец" басылмасына курган маегинде ага карата "куугунтук токтотулганын", "бардык иштер жабылганын" билдирген.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) "Кумтөр иши" боюнча, анын ичинде Аскар Акаевге байланыштуу тергөө уланып жатканын жана жаңы айыптар тагылганын маалымдаган.

Анын өлкөгө келишине нааразылыктар айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG