Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:43

Макрон Борбор Азияда дос жана уран издейби?


Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев менен Франциянын президенти Эммануэл Макрон Самаркандда, 1-ноябрь, 2023-жыл.
Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев менен Франциянын президенти Эммануэл Макрон Самаркандда, 1-ноябрь, 2023-жыл.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон Казакстанга жана Өзбекстанга сапар менен келди. Ал президенттик кызматка киришкенден бери Борбор Азияга биринчи жолу аяк басты.

Макрондун Астанадагы расмий сапарынын жүрүшүндө Франция жана Казакстан стратегиялык минералдар жаатында кызматташуу тууралуу декларацияга кол коюшту. Ал эми Самаркандда президент Шавкат Мирзиёев менен соода-экономикалык жана инвестициялык багытта сүйлөштү.

Эл аралык маалымат агенттиктери француз мамлекет башчысынын Казакстан жана Өзбекстанга сапары ал өлкөлөрдү Орусия менен мамилелерди алсыратууга жана Евробиримдик менен байланыштарды чыңдоого көндүрүүнү көздөшү ыктымал деп болжолдойт.

2-ноябрда Самаркандда Шавкат Мирзиёев менен Эммануэл Макрон жолугушту. Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы жыйында соода-экономикалык, инновациялык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык жааттагы маселелер талкууланганын кабарлады.

"Жашыл" энергетика, мунай казуу жана кайра иштетүү, логистика, инфраструктураны өнүктүрүү, туризм жана башка тармактарда жаңы долбоорлор каралды.

Ташкентте өзбек-француз жогорку окуу жайын ачууну тездетүү жана француз тили мугалимдерин даярдоодо кызматташууну кеңейтүү макулдашылды.

Макрон Самаркандга 1-ноябрдын кечинде Астанадагы сүйлөшүүлөрдөн кийин барган. Аны Мирзиёев өзү тосуп алып, кечинде Макрон менен эски шаарга сейилдөөгө чыкты.

"Kара кийинген кишилер мени аңдып келатышат"

Шаршембиде француз президенти келгенде Астанадагы француз элчилигинин алдында коопсуздук чаралары күчөтүлгөнү кабарланды.

Макрондун сапарынын алдында Казакстанда катталбаган оппозициячыл "Алга, Казакстан!" партиясынын активисттери нааразылык акциясына чыга турганын билдиришкен. Алар француз лидиринен катталбаган партиянын лидери, белгилүү марафончу, жарым жылдан бери абакта жаткан Марат Жыланбаевге арачылык кылууну өтүнгөн.

Бирок активисттер элчиликке бараткан жолдо тоскоолдуктарга кабылган. "Тигине кара кийинген кишилер мени аңдып келатат. Жөн эле басып келаткам, кантип таанып алышты, түшүнбөй турам", - деди активисттердин бири Айсулу Нурмухамбетова.

Көп өтпөй Казакстанда тынч акцияларга чыккан жарандарды куугунтуктоо учурларына байкоо салган NotExtremists уюму активист Асет Абишев кармалганын билдирди.

Ал "Алга, Казакстан!" оппозициялык партиясын түзүү боюнча демилгелүү топтун мүчөсү. Маалыматка караганда, кармоо учурунда анын жанында дагы эки активист бар эле.

Журналисттер борбор шаардын полиция департаментине кайрылган, бирок жооп ала элек.

1-ноябрда "Азаттыктын" казак редакциясы Франциянын Астанадагы элчилигине жакын жерде бир киши кармалганын кабарлады. Полиция кызматкери эч ким кармалбаганын, районду кайтаруу күчөтүлбөгөнүн, автозактар келбегенин радионун кабарчысына айткан.

Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (International Partnership for Human Rights - IPHR) уюму Эммануэл Макронду Казакстанда жана Өзбекстанда адам укуктары темасын козгоого чакырган.

Кеңсеси Брюсселде жайгашкан IPHR 31-октябрда билдиргендей, Макронго жолдонгон ачык катта Казакстанда кандуу Январь окуялары маалындагы укук бузууларга баргандар жазасыз калганы, былтыр Каракалпакстанда болгон нааразылык акцияларынан кийин жергиликтүү активисттердин, журналисттердин, блогерлердин куугунтукталышы, негизги эркиндиктердин бузулушу тууралуу айтылат. Уюм мунун бардыгы казак жана өзбек бийликтеринин "саясий реформаларга байланышкан кооз сөздөрүнө каршы келерин" белгилеген.

Бирок Макрондун казак бийлиги менен жолугушуусунда адам укуктары темасы козголгон-козголбогону белгисиз.

"Tарыхый" сапар

Эммануэл Макрондун Астанадагы расмий сапарынын жүрүшүндө Франция менен Казакстан стратегиялык минералдар жаатында кызматташуу тууралуу декларацияга кол коюшту.

Стратегиялык минералдардын тобуна радиоактивдүү металлдар да кирет. Bloomberg агенттиги Макрондун сапары алдында Казакстан дүйнөлүк уран базарында чоң роль ойной турганын жазган. Франциялык Orano атомдук компаниясы Казакстанда уран кенин иштетет.

Ак Ордонун басма сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүүлөрдө соода, экономика жана инвестициялар чөйрөсүндөгү алака-катнашты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушлду.

"Үстүбүздөгү жылдын сегиз айында өлкөлөр ортосундагы сооданын көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 21% өсүп, 2,7 миллиард долларга жетти. Франция биздин негизги чет элдик инвесторлорубуздун катарына кирет", - деди казак лидери Касым-Жомарт Токаев.

Токаев ошондой эле Макрон менен өткөргөн маалымат жыйында сапарды "тарыхый" деп атап, эки тараптын кызматташтыгын өнүктүрүү "азыркыдай татаал геосаясий жана геоэкономикалык кырдаалда өзгөчө актуалдуу" деп баалады.

Документтер арасында Казакстанда Франциянын Өнүгүү агенттигинин тобун түзүү, эл аралык француз мектептерин ачуу, француз тилин орто мектептерде окутуу тууралуу макулдашуулар бар.

Украина жана Орусия фактору

Ал эми Макрон Казакстандын Украина боюнча позициясын кубаттап, Токаевге "айрымдар кысым көрсөтүп жатканын" кыйытты.

"Франция сиздин өлкөңүз басып жаткан жолду жогору баалайт, кандайдыр бир державага күнкор болуудан баш тартып, ар кайсы өлкөлөр менен элиңиздин кызыкчылыгы үчүн тең салмактуу мамилелерди курууга умтулуп жатасыз. Мындай философия Францияга жакын", - деди Макрон.

Ал ошондой эле Карагандыдагы шахтада кырсыктан каза болгон кенчилердин үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты.

Макрондун кеңсеси буга чейин эки президент эл аралык жана аймактык маселелерди, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоо перспективаларын, атап айтканда, соода жана инвестицияны өнүктүрүү жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты чечүүнү пландап жатканын билдирген.

Касым-Жомарт Токаев жана Владимир Путин.
Касым-Жомарт Токаев жана Владимир Путин.

Кремль Макрондун Астана сапарын сабырдуу түр менен комментарийледи. "Казакстан - эгемендүү мамлекет", - деди 1-ноябрда орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Тышкы иштер министри Сергей Лавров өткөн аптада Батыш Орусиянын "коңшуларын, досторун жана союздаштарын" алыстатууга аракет кылып жатканын айткан.

Белгилей кетсек, казак президенти 2022-жылы Санкт-Петербургда өткөн эл аралык форумга орус лидери Владимир Путин менен чогуу отуруп катышкан. Форумда Москванын Украинага жасаган "атайын операциясы” тууралуу суроого орусиячыл жикчилдер түзүп алган Донецк жана Луганск "квазимамлекеттерин" Казакстан тааныбай турганын айтып жооп берген. Ал ошондой эле Батыш Орусияга салган санкцияларды Астана бузбай турганын да айткан.

Расмий Астана Орусиянын Украинага кол салышы тууралуу нейтралдуу позицияда экенин маалымдаган.

"Макрон уран издейт"

Француз лидери Макрон Украинада согуш башталгандан бери Батыштын көңүлүн кайра өзүнө бурган Борбор Азияга биринчи жолу аяк басты. Серепчилер анын Астанага учуп келишинин жөнү бар экенин айтышат.

Анткени Казакстан Францияга атомдук электр станцияларга керектелүүчү уран жана чийки мунай экспорттойт.

Франциянын Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, Казакстан былтыр уран экспорттогон өлкөлөрдүн сап башына чыккан. Муну менен катар коңшу Өзбекстан да Францияга уран сатат.

Bloomberg агенттиги Макрондун Казакстанга жана Өзбекстанга жасаган сапарын "ал Путиндин аймагында жаңы досторду жана уран издейт" деп жазды.

Макалада Париж жаратылыш ресурстарына бай Казакстан менен тыгыз кызматташууну каалап, ошол эле учурда Борбор Азияны "Путиндин таасиринен алаксытууга" аракет кылып жатканы айтылат.

"Сапардын негизги максаты — Франциянын энергетикалык коопсуздугун чыңдоо" деп жазылат маалыматта.

Франция Казакстанга 18 миллиард евро инвестиция салган жана өлкөдө 170тен ашуун француз компаниясы коңшу өлкөдө иштейт. 2022-жылы Париж менен Астананын ортосундагы соода жүгүртүү 4 миллиард еврону түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу 30% өскөн.

Франция - СССР тарагандан кийин Казакстан менен стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол койгон биринчи европалык мамлекет. Франсуа Миттеран 1994-жылы өлкөгө келген биринчи батыш мамлекет башчысы болгон. Елисей сарайынан эң акыркы жолу Астанага 2014-жылы Франсуа Олланд келген. Президент Касым-Жомарт Токаев болсо Францияга былтыр ноябрда барган.

Ал эми өзбек президенти Шавкат Мирзиёев 2016-жылы бийликке келгени Францияга эки жолу барган.

Былтыр ноябрда Мирзиёевдин Париждеги сапарында эки өлкөнүн ортосунда энергия, шаарды башкаруу жана транспорт тармагында жыйырмадан ашык кызматташуу келишимине кол коюлган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG