Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:22

Македониянын аталышына "Түндүк" кошулду


“Түндүк Македония Республикасына кош келиңиздер”. Мындай жазуулар Грекия менен мурдагы Түндүк Македониянын чек арасына орнотула баштады.

Эми Грекиядан бараткан жолоочуларды кире бериште «Түндүк Македония» деген жазуулар тосуп алат. Өлкө аталышын өзгөртүү боюнча алгачкы кадам Афины менен Скопьенин ортосундагы келишимге ылайык жасалууда. Үч күндүн ичинде жолдорго, чек ара өткөөлдөрүнө жаңы белгилер коюлууга тийиш.

«Бул күн Грекия менен Түндүк Македониянын жылдап созулган достугунун башаты болсун деп тилейбиз. Өткөн чакты өзгөртө албайбыз, бирок келечекти, өнөктөштүктү жана достукту кура алабыз», - деп жазды Түндүк Македониянын тышкы иштер министри Никола Димитров 13-февралда «Твиттерге».

13-февралда Бириккен Улуттар Уюму Скопье өлкөнүн жаңы аталышы жөнүндө расмий маалымат жөнөткөнүн бышыктаган.

Буга чейин БУУда өлкө «Югославиянын Мурдагы Республикасы Македония» деп расмий аталып келген. Анткени Афины Грекиянын түндүк бөлүгүндө ушундай эле аймак бар экенин белгилеп, «келечекте талаш чыгышы мүмкүн» деп кошуна өлкөнү Македония деп атоого каршы чыккан.

БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дужаричтин айтымында, баш катчы Антонио Гутерриш бир топ жыл созулган талаш-тартыштын жөнгө салынганын кубаттап, «бул окуя эң татаал маселелер да диалог, саясий эрк аркылуу чечилсе болоорун көргөздү» деп билдирди.

12-февралда Скопье Македония мындан ары Түндүк Македония деп расмий аталаарын жарыялаган. Балкандагы эки коңшу өткөн июнда көптөгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин мунасага келген. Муну менен тараптардын мамилелеринин жакшырышына гана эмес, Скопьенин НАТО менен Евробиримдикке мүчө болушуна шарт түзүлгөн. Афины Македониянын ал блокторго кошулушуна каршы чыгып вето коюп келген.

8-февралда болсо грек парламенти НАТО менен Македониянын ортосундагы макулдашууну альянстын мүчөлөрүнүн арасынан биринчи болуп ратификациялады.

НАТО менен Скопье мүчөлүк протоколуна 6-февралда кол коюшкан. Түндүк Атлантикалык Альянстын калган мүчөлөрү документти эмки жылга чейин ратификациялашы күтүлүүдө.

Мурдагы Югославиянын курамына кирген Словения, Хорватия жана Монтенегро буга чейин НАТОго кабыл алынган. Сербия менен Босния да альянска мүчө болуу ниетин билдирип келатышат.

Былтыр июнда кол коюлган келишимде ошондой эле төрт айдын ичинде кеңселердеги, ишканалардагы расмий такталар алмаштырылары айтылган. Түндүк Македониянын Ички иштер министрлиги быйылкы жылдын аягына чейин жаңы паспортторду чыгарууга, Борбордук банкы эмки жылдын башынан тартып жаңы банкноталарды басууга киришүүгө тийиш.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG