Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:16

"Күнөөсүз мусулман" АКШга нааразыларды көкүттү


Куралчан ливандык Бенгази шаарындагы өрттөнүп жаткан АКШ консулдугунун жанында. 11-сентябрь, 2012.
Куралчан ливандык Бенгази шаарындагы өрттөнүп жаткан АКШ консулдугунун жанында. 11-сентябрь, 2012.

11-сентябрда шамдан кийин куралчандардын тобу Ливиянын Бенгази шаарындагы АКШ консулдугуна кол салышты.

Консулдукка жасалган ракета чабуулунда АКШ элчиси Кристофер Стивенс менен кошо үч америкалык өлгөнүн Ливиянын бийликтери маалымдашты. Кечээ АКШнын Каирдеги элчилигине да кол салынган. Бул эки окуяга “Күнөөсүз мусулмандар” деген фильмдин Ю Тюбга (You Tube) жарыяланган үзүндүсү шыкак болгон.
Адам каалаганын эле жасаганга укуктуу эмес. Бул адамдын жеке кызыкчылыгына каршы болмок. Чеги жок эркиндик жок.

Ливиянын чыгышындагы Бенгази шаарындагы АКШ консулдугунун жанында куралчан согушчандар менен коопсуздук күчтөрү ортосунда катуу аткылашуулар болгону, консулдуктун имараты өрттөн кыйрап калганы да маалымдалды.

Мурдараак Мамкатчы Хиллари Клинтон Мамдепартаменттин бир кызматкери өлгөнүн ырастап, “Кошмо Штаттар башкалардын диний ишенимин каралоо үчүн атайын жасалган ар кандай аракеттерге аябай өкүнгөнүн”, бирок бу сыяктуу зобун-зордукту актабай турганын билдирген.

Ал эми АКШнын Триполидеги элчилиги атайын билдирүүсүндө “адашкан жеке адамдардын мусулмандардын диний сезимдерине жана бардык диндеги адамдарга жараат келтирүү аракеттерин” катуу айыптады. Ошондой эле сөз эркиндиги боюнча универсалдык укукту бузуп, кимдир бирөөлөрдүн диний ишенимин кемсинтүүчү ар кандай аракетти эгерим колдобосу маалымдалды.

Америка консулдугуна кол салууга “Күнөөсүз мусулмандар” деген фильм түрткү берди. Тасманы The Wall Street Journal гезити өз сайтында жазганга караганда, Израил-АКШ жарандыгы бар, калифорниялык бизнесмен Сэм Василе каржылаган. Аз бюждеттүү фильмдин Ю Тюбга жарыяланган 14 мүнөттүк үзүндүсү египеттик копт-тарсаларга зобун-зордук көрсөтүүнү ашкерелеп, Мухаммед пайгамбарды кемсинткен сюжет-кадрларды камтыйт.

Өрттөлүп-бүлүнгөн консулдуктун жанында интервью берген Бенгазинин жашоочусу ливандыктар үчүн Мухаммед алейсалам жөн адам эмес экенин айтат:

- Ливиялыктар өз пайгамбары жөнүндөгү жаман сөздөрдү сүйүшпөйт. Мухаммед пайгамбар ал Усама бин Ладен эмес. Ал жөнөкөй бирөө эмес. Ал биздин пайгамбарыбыз.

Демонстранттар АКШ элчиканасындагы Кошмо Штаттардын желегин асабадан түшүрүп салууда. Каир, 11-сентябрь 2012
Демонстранттар АКШ элчиканасындагы Кошмо Штаттардын желегин асабадан түшүрүп салууда. Каир, 11-сентябрь 2012
Бенгази шаарындагы чабуулдан мурдараак, ошол эле 11-сентябрь күнү жүздөгөн демонстранттар Египеттин борбору Каирдеги АКШ элчиканасына келип, “Күнөөсүз мусулмандар” тасмасына байланыштуу нааразылык билдиришкен. Радикал исламчылардын чоң тобу элчикананын калың коргонуна чыгып алышып, 2001-жылдын 11-сентябрындагы АКШнын шаарларындагы террордук чабуулдардун курмандыктарын эскерип, асабасына жарым ылдый түшүрүлгөн америкалык желекти алып салышкан. Жана АКШнын желегинин ордуна “Алладан башка Кудай жок, Мухаммед анын пайгамбары” деген жазуусу бар кара желекти илип коюшкан.

Нараазылардын бири Хосем Юсуф Исмайыл тасмада Мухаммед пайгамбарды шылдыңдап көрсөтүүнү айыптап, сөз эркиндиги адамдар Исламды каралоого укук бербейт деди:

- Адам каалаганын эле жасаганга укуктуу эмес. Бул адамдын жеке кызыкчылыгына каршы болмок. Чеги жок эркиндик жок. Эркиндиктин да чеги болот. Диний ишенимдин негиздерин дүйнөдө ар бир адам сыйлаш керек. Мен бул фильмди көрбөдүм. Угушубузча, фильм пайгамбар алейсаламды кемсинтет экен. Биз мусулмандарда кызыл чек бар экенин, негизги ишенимбиз бар экенин бүтүн дүйнөгө кабарлаганга аракет кылуудабыз. Маалымат каражаттары бизди негизги ишенимибизден чыгарганга аракеттенеби же жокпу, биз эч качан андан кайтпайбыз.

“Нью-Йорк Таймс” гезитинин жазышынча, АКШдагы террордук чабуулдардын 11 жылдыгы күнкү жогорудагы кол салуулар “региондо болгон өзгөрүүлөр Кошмо Штаттарды жек көрүүчүлүктү азайтпаганын зобун-зордуктар аркылуу эске салды”.

XS
SM
MD
LG