Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:55

Кытайдагы зилзала 100дөн ашуун кишинин өмүрүн алды


Жер титирөөдөн жапа чеккен айылдардын бири. Кытай, 19-декабрь, 2023-жыл
Жер титирөөдөн жапа чеккен айылдардын бири. Кытай, 19-декабрь, 2023-жыл

Кытайдын түндүк-батышында зилзаланын кесепеттерин жоюу, аман калгандарды издөө иштери уланууда. Расмий маалыматка караганда, күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө 100дөн ашуун кишинин өмүрүн кыйды, 400дөн көбү жараат алды. Куткаруу иштерин катуу суук кыйындатып жатат.

Линься шаарындагы катардагы кафеде беймарал тамактанып отурган кардарлар жер катуу силкингенде бардыгын таштап көчөгө чуркап чыккан.

Дүйшөмбүдө түн ортосуна жакындап калганда Ганьсу провинциясындагы тамактануучу жайлардын бириндеги камералар зилзала болгон учурду тартып алган. Жер титирөөнүн очогу ошол Линься шаарынан 52 чакырым алыс жерде, Ганьсу жана Цинхай чөлкөмдөрүнүн чек арасында орун алган.

Зилзаладан урап калган имараттардын бири. Кытай, 19-декабрь, 2023-жыл
Зилзаладан урап калган имараттардын бири. Кытай, 19-декабрь, 2023-жыл

Жергиликтүү маалымат каражаттары шейшембиде эртең менен кабарлагандай, зилзала жер көчкүгө алып келген Хайдонг айылында ылай менен баткак жер тамдарды жарым-жартылай басып, тургундар сыртка чыга албай калды. Жеринде куткаруучулар иштеп жатат.

Кытайдын Жер титирөөлөргө байкоо салган борбору 18-декабарда кечки саат 11.59да күчү 6,2 баллга жеткен силкинүү катталганын кабарлады.

Ал эми АКШнын Геология кызматы зилзаланын күчү 5,9 балл болгонун билдирди.

Кытайдын бийлиги жүздөн ашуун адам каза тапканын, 400дөйү жараат алганын, айрымдарынын абалы оор экенин маалымдады, турак жайлар, инфраструктура объектилери жабыркады. Ганьсуда эле 5 миңдей үй урап калды. Айрым райондордо энергия жана суу менен камсыздоо үзгүлтүккө учурады.

Бийлик өкүлдөрү жер титирөө кайталанышы ыктымалдыгын эскертишүүдө:

"Алдыдагы күндөрдө силкинүүнүн очогунда 5 баллдык жер титирөө кайталанышы мүмкүн. Чөлкөмдүн тиешелүү мекемелери сейсмологиялык көзөмөл жүргүзүп, маалыматтарды талдап, зарыл болгон чараларды көрөт", - деп айтты Ганьсу администрациясынын өкүлү Гао Сяомин.

Зилзала болон жерде иштеген куткаруучулар. Кытай, 19-декабрь, 2023-жыл
Зилзала болон жерде иштеген куткаруучулар. Кытай, 19-декабрь, 2023-жыл

Жаратылыш кырсыгынан жапа чеккен аймакка өрт өчүрүүчүлөр, куткаруучулар барды. Кытайдын төрагасы Си Цзинпин тирүү калгандарды издөө иштерин ыкчамдатууга чакырды. Бирок куткаруучулардын ишин катуу суук кыйындатып жатат.

Ганьсунун Саламаттыкты сактоо комиссиясынын жетекчи орун басары Бай Юпингдин айтымында, зилзаладан жабыркаган аймакта медициналык кызматкерлердин 19 тобу иштеп жатат:

"Биз мындан ары провинциядагы бардык ресурстарыбызды тартып, аракеттерибизди медициналык, психологиялык жардам, кеп-кеңеш берүүгө, эпидемиялардын алдын алууга, суунун сапатын текшерүүгө жумшайбыз. Оор жараат алгандардын абалын билип, жакшыраак шарт түзүү максатында облустук ооруканаларга которууну карап чыгабыз".

Бир катар лидерлер, анын ичинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзинпинге жер титирөөдөн курман болгондорго байланыштуу көңүл айтты.

Бир нече тектоникалык плита кесилишкен аймакта жайгашкан Кытайда жер титирөөлөр көп катталат.

2008-жылдын май айында эң кыйратуучулардын бири болгон. Сычуань провинциясында ошондо 87 миңден ашуун киши каза тапкан. 2013-жылдын апрелинде ошол эле жерде болгон зилзала 196 кишинин өмүрүн алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG