Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:29

Баткен: тажик мектебиндеги кыргызча оюн


1-октябрда Баткен облусундагы Андарак айылында Жаштар борбору ачылып, жергиликтүү тажик мектебинде кыргызча оюн коюлду.

Кыргыз, тажик балдардын биргелешкен оюнун көрүп отуруп, карапайым элдин, балдардын ынтымакта, тынчтыкта бирге жашоо ниети күч экенине ишенгиң келет.

Эртеси Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылында жамааттык бала бакча ачылып, облустагы социалдык долбоорлорду колдоп келаткан жергиликтүү лидерлер, ЮНИСЕФ уюму жана Британия өкмөтүнүн өкүлдөрүнө чакан концерт тартууланды.

Лейлек районундагы Андарак айылында сегиз миңге чукул адам жашайт. Манас (кыргыз тилиндеги) жана Андарак-1 (тажик тилиндеги) мектептеринин «Форум» театры мектептеги рекетчилик жөнүндө оюн коюп, анда башкы ролдорду Шахзод, Керемет, Жахонгир, Элиза, Элбек жана башка окуучулар аткарышты. Оюндун ар бир бөлүмүнөн кийин талкуу уюшулуп, рэкетчиликти канткенде токтотсо болот деген суроого ар түркүн жооптор (тактап айтканда, сахнада аткарылган "актердук жооптор") сунушталды.

Тасмада: балдар ойногон спектаклден үзүндү

Баткендеги балдардын спектаклинен үзүндү
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:42 0:00


Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылы – Баткен облусундагы эн чоң айылдардын бири. Анда 30 минден ашуун адам жашайт. Жарымынан көбүн жергиликтүү тажиктер, калганын кыргыз, өзбек жана башка улут өкүлдөрү түзөт. Айылда он мектеп, беш бала бакча иштеп жатат. Жаңы ачылган жамааттык бала бакчага балдар күнүнө үч саатка кабыл алынат. Алар кыргыз, орус жана англис тилдери, сүрөт тартуу сыяктуу өнөрлөрдү үйрөнүшөт.

Үч-Коргон: "Манас" айткан тажик жеткинчектер

"Манас" айткан тажик жеткинчектер
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:25 0:00

Баткендеги жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эл аралык уюмдардын жардамы менен ар башка айылдарда алты Жаштар борборун ачууну белгилеген. Азырынча мындай борбор Баткен шаарында жана көп улуттуу Андарак айылында иштей баштады. Ар бирине жети-сегиз компьютер коюлуп, принтер, сканер өңдүү керектүү заманбап техника, жогорку ылдамдыктагы интернет орнотулуп, жаштарды англис жана орус тилине окута турган ыктыярчылар тандалган.

Андарактагы айыл өкмөтүнүн жепирейген эски имаратында акталып-сырдалган бөлмөлөргө чогулган жергиликтүү жаштар аларга биринчи кезекте спорт менен машыга турган жайлар, баарынын башын бириктирген маданий жана башка клубдар зарыл экенин айтышты. Көпчүлүгү келечекте айылынан алыска кетээрин, жумушсуздуктун айынан Орусия жана башка алыскы өлкөлөрдө бакыт издөөгө камынып жатышканын жашырган жок.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG