Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:06

ӨҢҮТ: Эл мүдөөсү жана сабырдуулук


please wait

No media source currently available

0:00 0:20:13 0:00
Түз линк

Караколдогу соңку окуялар элдин үрөйүн учурду. Өкмөт өкүлү Эмилбек Каптагаевди демонстранттар барымтага алып, машинасы менен кошо өрттөгөнү жатыптыр деген кабар өлкөгө чагылгандай тарады. Эки ыңкылапты башынан өткөргөн өлкө дагы эмне болуп кетээр экен деп кыйлага дымып калды. Кумтөрдөгү алтынга байланышкан бул соңку чатактан кийин Азаттык өзүнүн өңүт программасын эл мүдөөсүнө зордук-зомбулуксуз, кан төгүүсүз жетсе болобу деген темага арноону чечти. Ар кыл өлкөлөрдө алтын кени эле эмес, улуттун боштондугу үчүн күрөштү зордукчулукка жол бербей жүргүзгөн активисттер сабырдык түбү сары алтын экенин айтышууда. Алардын тажрыйбасы Кыргызстанга үлгү боло алабы?

XS
SM
MD
LG