Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:55

Кыргызстанды эл аралык соттор чүнчүтөбү?


"Залкар" банкы
"Залкар" банкы

Кыргыз өкмөтү Азия универсал банктын, "Манас" банкынын кожоюндары менен эл аралык соттордо беттешүүгө камданууда. Бул үчүн чет өлкөлүк юридикалык компаниялар тандалып алынды. Ал эми “Ак кеме” мейманканасына байланыштуу сотто Кыргызстан утулуп калганы маалым болду.

Кыргыз өкмөтүн Азия универсал банктын мурдагы жетекчиси Михаил Надель сотко бергени маалымдалды. Өкмөт өз кезегинде сотторго катышуу үчүн кам көрүп, өлкө кызыкчылыгын коргоо үчүн Winston & Strawn LLP аттуу эл аралык юридикалык компанияны тандап алды. Бул маалыматты өкмөттүн аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүн башчысы Эркин Мамыров тастыктады:

- Азия универсал банк боюнча тендер өтүп, ошол юридикалык компания утуп чыкты. Өкмөттүн буйругу чыкты. Ага ылайык, тендерди утуп чыккан компания менен келишим түзүп, кол коюу тапшырмасы Каржы министрлигине берилди.

Winston & Strawn LLP 15ке чукул өлкөдө кеңсеси бар эл аралык денгээлдеги юридикалык компания.

Мамыров Михаил Наделдин Кыргызстанга коюп жаткан доонун суммасы боюнча азырынча маалымат жок болгонун айтты. Доо арыз 2010-жылдагы апрель ыңкылабынан кийин Азия универсал банкты мамлекетке кайтарууга байланыштуу берилген. Иш качан каралары азырынча белгисиз.

Эл аралык сотторго Кыргызстанга каршы доону "Манас" банкынын кожоюну жана Максим Бакиевдин өнөктөшү Валерий Белоконь да берип жатат. Мамыров ал боюнча да Lorenz аттуу юридикалык компания тандалып алынганын белгиледи:

- “Манас" банкы боюнча да сотко берип жатат. Ал үчүн дагы бир юридикалык компания тандалып алынган. Келишим түзүү үчүн Каржы министрлигине тапшырма берилди. Ал компания эл аралык сотто Кыргызстандын кызыкчылыгын коргош керек.

Валерий Белоконь Кыргызстанда бизнесин 2008-жылы "Манас" банкын негиздөө менен баштаган. 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин Азия универсал банк да, "Манас" банкы да арам акчаны адалдоого байланыштуу айыпталып, башкаруучулары алмаштырылган. Азия универсал банктын бир бөлүгү “Залкар" банкка айлантылган.

Юрист Мукар Чолпонбаев эл аралык соттордо кыргыз өкмөтү утулуп калышы күтүлөт дейт:

- Кыргыз өкмөтү бул эки процессти тең уттурат. Анткени башында туура эмес иш жасалган. Бул жерде Убактылуу өкмөттүн жоопкерчилиги бар. Бул маселени эчак эле жалпы элге билдириш керек эле. Биз эки айдан бери айтып келатабыз. Алар элден жашырып, айтпай келатышкан.

Дагы бир юрист Марат Кайыпов Кыргызстан эл аралык соттордо бул банктарда арам акчаларды адалдоо жүргөнүн жана башкалардын бизнесин тартып алуулар болгонун далилдөөгө аракеттениш керек дейт:

- Сөзсүз далилдеш керек. Арам экенин далилдеш керек. Уурдалганын, акчанын коррупциялык жолдор менен келгенин далилдеш керек. Акча кайсы булактардан келгенин көрсөтүш керек. Банктарды мажбурлап бириктирген сөздөр жүрөт. Ошону кантип мажбурлаган? Ал үчүн банктардын мажбурлоого туш болгон мурунку ээлеринен арыздарды кабыл алыш керек.

Ошондой эле Марат Кайыпов Азия универсал банк жана "Манас" банкка байланыштуу иштердин Кыргызстан сотунда бардык инстанциялардын өтүп, мыйзамсыз иштеринин далилдениши маанилүү экенин белгиледи. "Ансыз Кыргызстан утулуп калышы толук мүмкүн", - дейт Кайыпов.

Кыргызстанды “Ак кеме” мейманканасы боюнча Түркиянын “Системмухендислик” компаниясы эл аралык сотто утуп алып, учурда Кыргызстандын “Центеррадагы” 11 млн. доллар өлчөмүндө акцияларын алууга умтулууда. Кыргыз тарап түрк фирмасы менен маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракеттенип жатканын өкмөттүн аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Мамыров тастыктады.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG