Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:21

Ала качуудан дагы бир өмүр кыйылды


Ала качуудан дагы бир өмүр кыйылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:12 0:00

Ала качуудан дагы бир өмүр кыйылды

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда 20 жаштагы Ырыс Касымбай кызы бул дүйнөдөн аша кечти. Акыркы кадамга барууга ала качуу себеп болгону айтылууда.

Маркумдун ата-энеси кызынын өлүмү үчүн ала качкан тарапты айыптап, милицияга арыз менен кайрылды. Ак-Суу райондук милициясы бул факты боюнча кылмыш ишин козгоп, териштирүүгө киришти.

Ырыстын апасы Динаркүл Мусаеванын айтымында, ал кызынын аркасынан кууп барайын деген ою деле жок болчу, бирок ала качкан күйөөнүн жашы улуу экенин билген соң иниси менен улуу эжесин ээрчитип барган:

- Түнү менен ала качып барып, дароо никесин кыйыптыр. Эртеси ачуу басары келди. Бала канчанчы жылкы десек, 78-жылы туулган дешти. Мурун үйлөнгөн экен. Анан барсак, кызым такыр башкача, баягы Ырыс жок. Эжеси эмне, кандай болгонун сурады...

Ал эми өз жанын кыйган кыздын эжеси Чолпон Касымбай кызы Ырыска никени зордоп кыйып койгон дейт:

- Кетесиңби?, деп сурасам, "кеткенге болбой калды", деп көшөрүп туруп алды. Кемпир-кесектин баары кечинде төшөк салып, жаткызып койгонун айтты. "Ата-энесинин уруксаты жок эле кантип ушундай кыласыңар, жок дегенде телефон чалып, сурап койсоңор болот беле" деп куда тарапты уруштук. Үч сааттай алышып, айтчу сөздү айтып кеттик. Кызыбыз намыстанып, "босогону кантип аттайм", деп калып калды.

Ошентип Ырыс барган жеринде эки күн турган соң ата-энесине телефон чалып, алып кетүүсүн өтүнгөн.

- "Мен бул жакта жашай албайм, алып кеткиле" деп калды. Жашабайм деп атса кыйнамак белек? Алып келдик. Ала качкан баланы мурда тааныбаганын, болгону эки-үч жолу эле көргөнүн, бирок сүйлөшпөгөнүн айтты. Артынан тиги баланын ата-энеси келди, бирок Ырыс көргүм келбейт деп чыкпай койду. Анан эле эртең менен жанын кыйып атпайбы...

Ырыс Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин 2-курсунда окуп жаткан. Экзамендерин жаңы эле бүтүп, үйүнө барган. Эки-үч күндөн кийин Бишкектеги эжесиникине барууга камданып жаткан учурда ала качып кетишет.

"Өзү намаз окуган, токтоо кыз болчу. Жаңы эле экзамендерин бүтүрүп, Бишкекке кетем деп турган", - дейт маркумдун эжеси Чолпон.

Ырысты Шайымбек Иманакунов аттуу сарыкамыштык 36 жаштагы тургун Теплоключенко айылынан алып кеткен экен. Бирок ал Ырысты ала качпаганын айтат:

- Туугандарым, классташтарым баары ал кыз менен сүйлөшүп жүргөнүмдү билчү. Өзүнүн макулдугу менен эле үйүнөн алып кеткем. Мен өзүм жалгыз машине айдатып келип, алып кеткем. Кезигишип турчубуз...

Жогорудагы видеотасмада бирок, Шайымбек Шариат боюнча кызга барып жолугуп сүйлөшүүгө тыюу салынгандыктан, телефон аркылуу гана сүйлөшкөм деп тактоо киргизет. Ошого карабастан, Шайымбек кыздын өз өмүрүн кыйышына ата-энеси себеп болду деген оюн ортого салат:

- Мен намаз окуп жатканда келип, “атаң ооруп жатат, коштошуп кал” деп алып кетишиптир. Кетип жатканда, "мени кайра алып кетсин" дептир. Анан барсам үйүнө киргизбей, жолуктурбай коюшту. Эртең менен агасы чалып, “өлүп калды, келгин!” - деди. Барсам мени "сен күнөөлүүсүң" деп чапкылашты.

Бул арада Шайымбектин иниси Айбек да сөзгө аралашты:

- Макулдугу менен келген үчүн калып жатат да. Кантип эле зордуктап калтыралы. Из кууп келишти, жакшынакай узатканбыз.

Биздин сөзгө кошулган Шайымбектин кошунасы Зуура Ишенбаева жаңы келин болуп келген Ырыстын колунан чай ичип калганын, ал жакшынакай эле жүргөнүн кошумчалады.

Шайымбек менен Ырыстын никесин кыйган Азамат Алышбаев аттуу молдону да сөзгө тарттык:

- Мага Шайымбек чалды. Келсем келин жоолукчан отуруптур. Туугандары, теңтуштары бар экен. Анан мен баарын чыгарып, кызга никенин шарттарын түшүндүрдүм. Макулдугун сурасам “ооба, Шайымбекке келинчек болушка макулмун” деди. Ошол, анан калган туугандарын, теңтуштарын чакырып, никесин кыйып кете бердим.

Анткен менен Ырыскүлдүн ата-энеси кызынын бейажал өлүмүнө ала качуу себеп болду деп милицияга арыз беришти. Анын негизинде тергөө иштери башталгандыгын Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Кудайберген Кендирбаев билдирди:

- Өз жанын кыйган Ырыс Касымбай кызы Шайымбек Иманакунов менен эки жылдан бери сүйлөшүп жүргөнү, 8-июнь күнү Шайымбек менен чогуу жашаганга макул болгону, 9-июнда ата-энеси барса кетпейм деп койгону тууралуу айтылып атат. Анан 10-июнь күнү телефон чалып, жашоо шарты начар экен, жашай албайм деп ата-энесине айтыптыр. 11-июнь күнү болсо өзүнүн (ата-энесинин) короосунда асынып алыптыр. Азыркы тапта текшерүү иштери жүрүп жатат.

Ошентип көл кылаасында кыз ала качуудан чыккан мындай кайгылуу окуялар кайрадан коомчулуктун назарына түштү. Былтыр да бул аймакта ала качуунун айынан эки кыз өз өмүрүн кыйышкан эле.
  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG