Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:01

Кыргызстанда Улуу Жеңиш күнү белгиленүүдө


Бир жыл мурдагы Жеңиш майрамындагы ардагерлер
Бир жыл мурдагы Жеңиш майрамындагы ардагерлер

Бүгүн Жеңишке 71 жыл толду. Экинчи Дүйнөлүк согушка жалпысынан 365 миң кыргызстандык катышып, алардын 114 миңден ашыгы кайтпай калган.

Бул күнгө карата митинг-реквием Бишкектеги Жеңиш аянтында өттү. Иш-чарага президент Алмазбек Атамбаев баштаган өлкө жетекчилери, согуштун жана ооруктун ардагерлери, шаар тургундары катышты.

Бишкекте Жеңиш майрамында сөз сүйлөгөн президент Алмазбек Атамбаев ардагерлерге кайрылып, башкы аскер командачысы катары аларга узак жашоо тилеп, "буйрук берди".

Президент Улуу Жеңиштин барк-баасын жаштар унутпашы керектигин белгиледи. Ал Орусиядагы фашисттик идеологияны колдогон скинхеддердин пайда болуусуна токтолуп, бул көрүнүш жаштар арасында Жеңиштин маанисинин унутулуп бараткандыгынын кабар берерин билдирди.

Ошондой эле “Өчпөс полк” аттуу жүрүш өттү. Иш-чараны уюштуруучулардын айтышынча, катышуучулардын колоннасы 2 чакырымга дейре созулду. Алар Түштүк магистралдан Жеңиш аянтына чейин согушта курман болгон жакындарынын сүрөттөрүн көтөрүп келип, “өчпөс отко” таазим кылышты.

“Өлбөс полк” акциясы алгачкы ирет 2014-жылы уюштурулган.

Бишкектеги Жеңиш майрамы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:02 0:00

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 820га жакын согуштун, жети миңден ашуун ооруктун ардагери бар.

Согушка жалпысынан 365 миң кыргызстандык катышып, алардын 114 миңден ашыгы кайтпай калган.

Экинчи Дүйнөлүк согушта (1939-1945) 50 миллиондон ашык адам каза тапкан. Анын 27 миллиону мурдагы СССРдин жарандары болгон.

Кыргызстанда Улуу Жеңиш күнү белгиленүүдө

XS
SM
MD
LG