Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:23

"Митингдерге тыныгуу жарыялайлы"


Кышкы Бишкек
Кышкы Бишкек

“Эл үнү” берүүсүнө кайрылган угармандардын айрымдары массалык маалымат каражаттарын өлкө башчысын каралай бербөөгө чакырып, Бишкек шаарын Манас деп өзгөртүү сунуштарын билдиришти.

Бишкек шаары, Алмаз Орозбаков: Кечээ премьер-министр Алмаз Атамбаев “Мамлекеттик резервдеги буудайды ун кылып, муктаж болуп жаткан 340 миң үй-бүлөгө таратабыз”,-деп айтты. Ошону чын эле бир мүшөк ундан берсе жакшы. Ал эми аны ортодон шылуундар пайдаланып дагы жок кылып койсо эмне болот?

Мен ойлойм, уурдап кетчүлөр азыртадан эле колдорун ушалап отурушса керек. Анткени Атамбаев 2009-жылдагы президенттик шайлоодо өзүнүн партиясынын штабында миллиондогон акчалар кайда кеткенин билбей калган болчу. Ошондуктан мен талап кылат элем, бул ун Кыргызстандын резерви. Ошого көзөмөлдү катуу кылып, кийин ар бир мүшөк ун кайда кеткени тууралуу отчет берсин.

Бишкек шаары, Атыркүл Ибрагимова: Бүгүнкү күндө журналисттин өзүнүн оюубу же заказбы, айтор массалык маалымат каражаттарында президент Роза Отунбаеваны ар түрдүү бир жактуу каралаган материалдар көп чыга баштады. Акты ак, караны кара деп айта турган мезгил келди. Буга чейин Аскар Акаев, Курманбек Бакиев эки президент демократия деп отуруп, демократияны анархияга айлантып салышты.

КМШнын тарыхында биринчи жолу ачык, таза, административдик ресурстар колдонулбаган таза шайлоону ушул аял киши, Роза Отунбаева президент болгондо өткөрбөдүбү.

Экинчиден, биздин мамлекет өтө криминалдашып кетти. Булар менен мурдагы эки президент тең каршы күрөшүүгө эрки жеткен жок. Мына азыр Роза Отунбаева аял башы менен кылмыштуу топторду тез арада жок кылуу маселесин кабыргасынан койду. Аял башы менен криминалдарга согуш ачты. Муну кантип танабыз?

Үчүнчүдөн, 7-апрелден кийин бири-бирине башы бирикпей жаткан эркек саясатчылардын башын кошуп, керек болсо мамлекетибизди сактап калды.

Бишкек шаары, Т.Мукамбетов, тоо-инженери: Азыркы убакта эл арасында алтын өнөр жайы боюнча көп сөз болуп жатат. Буга чейинки биз казган алтын кендерди биздин жетекчилердин саткындыгы аркасында, кыргыз эли абдан чоң жоготууга учурады.

Бул үчүн үч маселени караш керек. Биринчи, чет элдиктер менен алтынды казганда алар менен алтынды бөлүшүү жагы тыкат каралышы керек. Экинчиси, алтынды иштетүү боюнча биргелешкен ишкана түзүлсө биз тарап ошону башкарууга толук киришүүсү керек. Мына "Камеко" менен чогуу ишкана түздү эле чындыгында канадалыктар эле башкарып калды. Кыргыз тарап сыртта калды.

Үчүнчүдөн, эмне үчүн кыргыз ишкерлеринин ошол чет өлкөлүктөрдөй эле кенди иштеткенге мүмкүнчүлүгү жок? Чет элдиктер деле кенди алып алып, аны залогго коюп, кредитке акча таап иштетип жатпайбы. Биз деле ошентип иштетсек болмок.

Бишкек, Нурсултан Жаманкулов: Алдыда кыргыз элинин жалпы курултайы болот деп атышат. Мен ошого сунуштарымды айтайын дедим эле. Биринчи сунушум, ушул жаңы 2011-жылды Тынчтыктын жылы деп Жогорку Кеңештин чечими менен, президенттин жарлыгы менен жарыяланса. Эл митингден тажады. Жок дегенде бир жыл эч кандай митинг, пикет өткөрбөй элди эс алдырыш керек.

Экинчи сунушум, Бишкек шаарынын атын Манас деп которуу керек. Борбордук аянттагы аялдын эстелигин алып, анын ордуна Манас баатырдын айкелин орнотуу керек. Оң жагына Бакай бабаны, сол жагына Каныкей энени, артына кырк чоросунун эстелигин орнотуш керек. Накта ошондо ачык музей астындагы тарыхый музей болот эле. Борбордук Ала-Тоо аянты азыркыдай жаштардын көңүл ачкан жайы эмес, ыйык, куттуу жерге айланат эле.

Эгерде сизди түйшөлткөн маселелер, кызыктырган суроолор болсо, кубанычтуу кабарларды же жеке көз карашыңызды билдирем десеңиз Бишкектеги кеңсебизге 31-61-65 же 31-61-53 номурлуу телефонуна чалып, “Эл үнү” программасына деп пикириңизди жаздырып коюңуз.
XS
SM
MD
LG