Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:37

Школьный: Динчил көрүнгүсү келгендер көбөйдү


Владимир Школьный.
Владимир Школьный.

Дин жолуна түшүп, жаңыча жашоону тандагандардын аң-сезими, көз караштары жана жүрүм-туруму кандай өзгөрүүлөргө дуушар болуп жатат?

Динчил адамдар эмнени жактырат, эмнеден тайсалдайт жана алардын ички дүйнөсүндө кандай сезимдер болот? Дин жарандарыбызга руханий тынчтык алып келип жатабы?

Динчил адамдардын психологиялык абалы тууралуу Кыргыз-Орус (Славян) университетинин доценти, психолог Владимир Школьный "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Владимир мырза, эгемендүүлүк алгандан бери динчил адамдарыбыздын психологиясы өзгөрдүбү?

Владимир Школьный: Ооба, өзгөрдү. Өкүнүчтүүсү - терс жагына өзгөрдү. Психологияда "болгондой болуу" жана "болгондой көрүнүү" деген түшүнүк бар. Эл азыр "болгондой көрүнүүгө", башкача айтканда динчил болуп көрүнүүгө аракет кылууда.

Азыркы учурдагы динчилдик - бул табигый динчилдик эмес, адамдар диндин көбүнесе сырткы көрүнүшүнө, символдорго, кийим-кечеге маани берип жатышат.

Адам жаралгандан топтошуп жашагандыгы үчүн башкалар эмне кылса ошону туурайт эмеспи. Элден бөлүнүп калбаш үчүн элге окшоп, элдей болууга аракет кылат. Азыркы учурдагы динчилдик, динзардашуу ушул максатта калыптанууда. Жарандарыбыз коомдон бөлүнүп калбашы үчүн динге багыт алууда.

Бир таанышым мага "Жогорку Кенештин депутатына жихад жарыяладым" деп айтты. Мен ага: "Жихаддын кайсы түрүн жарыяладың?" десем, ал: "Кайсы түрү болчу эле?" деп сурайт.

Өткөндө бир таанышым мага "Жогорку Кеңештин депутатына жихад жарыяладым" деп айтты.

Мен ага: "Жихаддын кайсы түрүн жарыяладың?" десем, ал: "Кайсы түрү болчу эле?" деп сурайт. Жихад эмне экенин билбей туруп "жарыяладым" дейт.

Так ошондой эле бир аял "мусулмандардын календарында 8-март деген майрам жок" деп айтты. Бирок мусулмандардын жыл санагы боюнча канчанчы жылда жашап жатканына кызыгып да койбойт. Кыскасы ар ким укканына, көргөнүнө карап динчил болууда. Изилдеп, окуп, ойлонуп динди үйрөнгөндөр аябай эле аз. Жоолукту да ошондой эле салынып жатышат. "Баары салынып жүрөт, ошон үчүн мен да салындым" деп.

"Азаттык": Динди катуу карманган жарандарыбыздын айланасындагы адамдар менен болгон мамилесин кандай баалайсыз?

Владимир Школьный: Кайсы дин болсо да, динди чындап катуу кармангандар негизи үч пайыздан ашпайт. Ал эми калгандары ошол динге моюн сунгандар болуп эсептелет. Себеби, көпчүлүк негизги диний жөрөлгөлөрдү билгени менен диндин маңызын түшүнбөйт. Көпчүлүк мусулмандар жана христиандар беш маал намаз окуу же болбосо Пасхадан кийин орозо кармоо сыяктуу жөрөлгөлөрдү аткарышканы менен тактап сурасаң, алардын маани-маңызын түшүнө беришпейт.​

Бишкектеги айт намаз. 2017-жыл. Сүрөт Бишкек мэриясынын сайтынан алынды.
Бишкектеги айт намаз. 2017-жыл. Сүрөт Бишкек мэриясынын сайтынан алынды.

Эң өкүнүчтүүсү - адамдар ар түрдүү шылтоолорду айтып, диний жактан өнүгүүгө аракет кылбай жатышат. Динди терең үйрөнүүгө, анын маңызын түшүнүүгө, өзүн өнүктүрүүгө аракет кылгандар аз. Диндеги адам ар дайым жаңы нерселерди таап, жаңы деңгээлге көтөрүлүшү керек. Буга кошумча бизде жакшы насаатчылар жок жана алардын саны бир колдун манжаларынан ашпайт.

"Азаттык": Диний насаатчылар жөнүндө, албетте, сүйлөшөбүз, бирок социалдык жана экономикалык маселелер динчилдердин психикасына кандай таасир тийгизүүдө? Ушул жөнүндө айтып берсеңиз.

Владимир Школьный: Аябай чоң таасир этүүдө десек болот. Негизи адамдын тамактануу, турак жайга ээ болуу, сексуалдык талап сыяктуу муктаждыктары болот. Булардын баары жашоо үчүн керек болгон жана инстинкттин негизинде камсыз кылууну талап кылган муктаждыктар. Бул муктаждыктар камсыз болгон учурда гана адам руханий жана диний өнүгүүгө багыт алат.

Биздин элдин арасында жогоруда айтылган муктаждыктарын камсыз кыла алган, башкача айтканда жетиштүү тамак-ашка, турак жайга ээ, үй-бүлөлүк жана сексуалдык муктаждыгын камсыз кыла алган киши канча? Ток этээр жерин айта турган болсок, эгер адам өз муктаждыктарын камсыз кыла алса гана руханий жактан өнүгөт.

Бизде социалдык жана экономикалык жактан камсыз болгон, абалына ыраазы адамдар бир пайызды гана түзөт. Мындай абал өлкөдөгү диний жана руханий абалга түздөн-түз таасир этүүдө. Материалдык кыйынчылыктар менен күрөшкөн адамда кандай руханий өнүгүү болушу мүмкүн? Ошондуктан Кыргызстандагы динчилдиктин өсүшүн руханий өнүгүү катары кабыл албашыбыз керек.

Адамдар жеңе албаган материалдык кыйынчылыктарын дин менен алмаштырууга аракет кылып жатышат. Бизде динчилдик жарандарыбызды жоошутуу үчүн ишке жарап жатат. Дин адамдардын кулк-мүнөзүнө сиңбестен, кебете-кешпир сыяктуу сырткы көрүнүш менен гана чектелүүдө.

Кудайга сыйынып, бирок жашоосун оңой албаган динчил адам өз айланасынан күнөөкөрлөрдү издей баштайт.

Бизде кудайга кайрылуу агрессивдүү жана декларативдүү формага ээ. Баарыбыз динчилбиз, баарыбыз кудайга сыйынабыз, бирок жашообуз оңолуп кеткен жок да.

Ушул учурда диндин терс жагы пайда болот. Тагыраак айтканда кудайга сыйынып, бирок жашоосун оңой албаган динчил адам өз айланасынан күнөөкөрлөрдү издей баштайт. Башкалардан күмөн саноо, башкаларга кыжырдануу ушундай абалда пайда болот жана күчөйт.

Мындан сырткары коррупция, кымбатчылык, адилетсиздик сыяктуу коомдогу терс көрүнүштөргө күбө болгон сайын адамдардын кыжаалатчылык жана тынчсыздануу деңгээли көтөрүлөт. Элдин көпчүлүгү ушундай абалга дуушар болгондо коомдо туруксуздукка алып баруучу окуялар күчөйт. Ушундай нааразы катмардын көп болушу бузуку диний топтор жана үгүтчүлөрдүн чырагына май тамызат. Халифат сыяктуу пикирлер ушундай учурда популярдуу болот. Радикалдуу жана зордук-зомбулукка таянган жолдор адилеттүүлүккө, теңдикке, жаркын келечекке жетүүнүн жолу катары көрсөтүлөт.

"Азаттык": Биздин динчилдерибиз эмнеден коркушат жана алардын кандай тынчсыздануу сезимдери бар?

Владимир Школьный: Бизде эч ким тозоктон корпойт. "Динде буйрук кылынгандай динчил боло алдымбы же боло албадымбы?" деп аз эле киши тынчсызданат. Эмне үчүн динчилдер өлкөбүздө жана дүйнө жүзүндө болуп жаткан жаман нерселер үчүн өздөрүн жоопкер сезишпейт? Эмне үчүн дайыма башка бирөө күнөөкөр болушу керек? Азыркы учурда диний үгүт-насааттарда жоопкерчилик деген нерсе айтылбай жатат. Кудай укук менен катар адамга жоопкерчиликти да берген.

"Кудай мага ушундай укук берди, кудай мага ушундай тапшырма берди" деп башкалардын ишине кийлигишүү - шизофрениянын белгиси.

Эң өкүнүчтүүсү - айрым динчилдер өз башындагы төөнү көрбөстөн, бирөөнүн башындагы чөптү көрүп эле тим болбостон башкалардын ишине кийлигишүүгө, аларды оңдоого аракет кылышууда.

"Кудай мага ушундай укук берди, кудай мага ушундай тапшырма берди" деп башкалардын ишине кийлигишүү - шизофрениянын белгиси. Мындай адамдар өз кемчиликтерин жабыш үчүн башкаларга жол көрсөтүүгө аракет кылышат. Өздөрүн өзгөртө албагандар башкаларды өзгөртүүгө аракет кылууда. Башкаларды өзгөртүү өзүңдү өзгөртүүгө караганда дайыма кыйын. Ошондуктан ар ким өзүнөн башташы керек, себеби бардык нерсе үчүн биринчи кезекте өзү жоопкер.

"Азаттык": Динчил адамдарыбыз эмнеден көз каранды? Кайсы нерселер динчилдерди өзүнө тартууда? Эмне үчүн төшөк маселесине тиешелүү баяндар динчилдердин көңүл бурууда?

Владимир Школьный: Алгач адам баласы социалдык жандык экенин унутпайлы. Ошондуктан ар бир динчил адам диний жамааттын жана топтордун ичинде болгусу келет. Бирок эң кызыгы - акыркы учурда шейхтер динчил адамдарды өзүнө байлап алганын көрүүгө болот. Эч ким шайлабаса деле өздөрүн "шейх" деп атап алгандар элди оңго-солго жетелеп жүрүшөт.

Бишкектеги мечиттердин бири. 1-июль, 2015-жыл.
Бишкектеги мечиттердин бири. 1-июль, 2015-жыл.

Жыныстык маселелерге тиешелүү талаш-тартыштар боюнча да диний бурмалоо болууда. Камсыз болбогон муктаждыктар башка муктаждыктарды ашыкча камсыз кылуу аркылуу жабылууда. Тагыраак айтканда, чечилбеген социалдык жана экономикалык муктаждыктарды сексуалдык аша чабуу аркылуу басаңдатуу аракети болууда.

Интернетти изилдеген илимпоздор порнографиялык интернет-сайттарга эң көп кирген адамдар өнүкпөгөн өлкөлөрдө экенин аныкташкан.

"Азаттык": Биздин динзарлар ой жүгүртүүдөн, акыл калчоодон алыстап өтө эле эмоционалдуу болуп бара жаткандай сезилбейби?

Владимир Школьный: Акыл калчап ой жүгүртүп, интеллектуалдык жактан өсүүнү каалаган кишилер дайыма эле аз болот. Көпчүлүгү ээрчиме жана "эл кетти, мен да кетем, эл токтоду, мен да токтойм" дегендер. Биздин коом маалымат менен бышыкталбаган эмоцияга толтура. Бул маалыматтын жоктугу же тартыштыгы менен байланыштуу эмес. Болгону ой жүгүртүү, талдоо дайыма кыйын. Интеллектуалдык өсүш үчүн жакшы насаатчылар керек. Эмоционалдуу диний үгүтчүлөр эмес.

Радикал диний топтордун мүчөлөрү өздөрүн чыныгы жана өзгөчө мусулман катары көрүүдө. Бул аябай коркунучтуу нерсе.

Дагы бир нерсени баса белгилеп кетишим керек. Азыр өзгөчө радикал диний топтордун мүчөлөрү өздөрүн чыныгы жана өзгөчө мусулман катары көргөзүүдө.

Бул аябай коркунучтуу нерсе. "Сен тандалган, өзгөчө жана чыныгы динчилсиң" деп туруп аларга каалаган нерсени жасатса болот. Андай адамдар "каалаганыбызды жасоого укугубуз бар" деп ойлошот. "Ыйык ишти жасоо жана улуу максатка жетүү мага гана буюрган" деген адам канчалык коркунучтуу?! Ошондуктан радикал топтор адамды каалаганын жасоого даярдоодо.

"Азаттык": Кыргызстанда динчил адамдардын психологиясын иликтеген изилдөөлөр барбы?

Владимир Школьный: Мен андай изилдөөлөр жөнүндө уккан жокмун. Эгер мындай жумушту мамлекет жасаткысы келсе, мамлекет буга акча бөлүшү керек.

Бирок андай изилдөө жүргүзүлө элек. Кээде Кыргыз улуттук университетинде, Биздин Орус-Кыргыз (Славян) университетинде бакалавриат менен магистратуранын алкагында жасалган изилдөөлөрдү учуратууга болот. Бул боюнча студенттердин сурамжылоосуна таянган дипломдук иштер бар. Бирок тилекке каршы, динчилдердин психологиясын талдаган изилдөөлөр жок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

XS
SM
MD
LG