Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:25

Германияда жаңырган кыргыз ырлары


Мекенден алыс туруп, өз элине эмгек сиңирсе болорун жердешибиз Вера Осмонкулова да далилдеди. 2002-жылдан бери Германияда жашаган музыкант кыргыз кайрыктарын классикага айлантып, өзгөчө жүз берип келет.

2002-жылдан бери Германияда жашаган жердешибиз Вера Осмонкулова мекенин сагынганда кыргыз музыкасын ойнойт. Ал Берлиндеги симфониялык оркестрде эмгектенет.

- Оркестрде скрипкада ойнойм. Жакында өтчү концертте Чайковскийдин Бешинчи симфониясын, Бетховен, Брамстын чыгармаларын ойнойбуз. Оркестрде скрипач катары отурам. Өзүм болсо пианинодо да ойнойм. Жеке концерттерди берем.

Европада жаңырган кыргыз кайрыктары
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:14 0:00
Түз линк

Бишкектин жанындагы Мыкан айылында төрөлүп-өскөн Вера таанымал ырчы Ырыскелди Осмонкуловдун бир тууган эжеси. Он бир туугандын кичүүлөрүнө өнөр ата-энесинен өткөн.

- Максатты түз коюп умтулганыбыз, музыка десе "ичкен ашын жерге койгон" мүнөз апабыздан берилген го деп ойлойм. Атабыз да таланттуу экен. Согуш баштала электе опералык театр ачылып, экзаменден өтүптүр. Кийин согушка жөнөп кетиптир. Апам мыкты кошокчу болчу. Үч-төрт саат тынбай кырааты менен кошок айтчу. Үй бүлөдө он бир тууган баары эле искусствого жакын. Эң улуубуз Алмажан эжекем Искусство институнун хор-дирижердук бөлүмүн аяктаган. Көп жыл бою опера-балет театрында иштеп, азыр пенсияга чыккан. 1979-жылы көзү өтүп кеткен Тыным деген эжекебиз М.Күрөңкеев атындагы окуу жайдагы Сайра Кийизбаеванын эң сүйүктүү студенти болуптур.



- Адамдын көңүлүндө калган, сыртка чыкпаган көп нерселер бар. Турмушта абдан көп кыйынчылыктар болот, кээ бир окуялар жүрөктүн тереңинде кала берет. Ар бир аялзаты сыяктуу менде дагы айтылбаган көп сырлар бар. Кээде Ю-Тубдагы ырларды уксаң, кыргыз ырларынын ар бир экинчиси арман, арман деген кайрыктар. Ушундай арман ырларын ырдоо кыргыздарга эле буюрганбы деп дагы ойлоп кетем. Муну неге айтып атам? Ленинграддан кийин Кыргызстанда жашап, ошол убактагы көргөнүмдүн баары көңүлүмдө калды. Беш жыл бою эмнелерди гана көргөн жокмун. Көрсө мага окшогон адамдар мурунку советтик мамлекетте жашоого ылайыксыз экенбиз. Көңүлүбүз бат эле кирдеп, тез эле сынып калат окшойбуз деп ойлоп калам.

Вера иниси Ырыскелди Осмонкулов экөөнү Бишкектеги Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке жетелеп келип окуткан эжеси Анаркандын көз жумганы анын чыгармачыл дүйнөсүнө бүлүк салганын жашырбайт. Каарманыбыз аталган мектепте 9-класска дейре окуп, андан соң Москвадагы 3-музыкалык окуу жайынан билимин улантат. Аны бүтүргөндөн кийин ата-энесине жакын болоюн деп, Алматыдагы Курмангазы атындагы консерваторияда окуйт.

- Алматыдагы мугалимдеримдин "Жок, сен борбордон окушуң керек" деген кеңешинен улам Ленинграддагы консерваториянын композиция факультетине өтпөдүмбү. Кошумча срипкадан сабак берип, иштеп да жүрдүм. Ошентип окуу жайды Ленинградда аяктагам. Консерваторияда, музыкалык окуу жайда, музыкалык мектепте, кийин Бишкектеги Америкалык университеттде сабак берип жүрдүм. Акаев менен Назарбаевдин балдарынын тоюна атайын оркестрге музыка да жаздырышкан. Ошентип беш жыл Бишкекте иштедим. Анан Гете институту 2002-жылы менин жеке концертимди уюштурду. Ошол концерттен кийин жеке жашоомдо өзгөрүүлөр болуп, он күндөн кийин Германияга учуп кеттим.

Менин максатым азыр кыргыз ырларын классикалык нукка салуу. Буга чейин Атай Огонбаевдин «Эсимдесин», Р.Абдыкадыровдун «Жолугарым билгемин», «Сары Ой», «Кызгалдак» сыяктуу элдик ырларды батыштын классикалык ыргагына салдым.



Эл-жерге кызмат кылуу үчүн сөзсүз эле мекенде жашап эмес, алыстан дагы жарыгың көп тийе турганын Вера Османкулова далилдеди. Скрипкасын кучактап, чоң оркестрдин катарында отурган кызыбыз немистерге кыргыз музыкасынын партитураларын таркатып, нукура кыргыз ырларын Европада жаңыртууда.
  • 16x9 Image

    Карамат Токтобаева

    1998-жылы КМУУнун журналистика факультетин аяктап, 1997-2003-жылы “Асаба”, “Агым” гезиттеринде эмгектенген. Баткен окуясында курман болгондорго арналган “Жоокерлер кушка айланып учуп жүрөт” аттуу эскерүү китептин автору. "Азаттыктын" блоггери, Прага шаарында жашайт.
XS
SM
MD
LG