Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Өзбекстанга электр энергиясы экспорттолот


Токтогул суу сактагычы.
Токтогул суу сактагычы.

Кыргызстан Өзбекстанга электр энергиясын кайрадан экспорттой турган болду. Акыркы жылдары Бишкек Казакстанга гана электр энергиясын сатып калган эле.

Токтогул суу сактагычында суунун мол болушу Кыргызстандын энергетикалык потенциалын бир топ көтөрүп койду. Бул тармактагы азыркы абал жалпы экономиканын көрсөткүчүнө да оң таасирин тийгизип турат. Маселен, быйылкы жылдын тогуз айында энергетика тармагы 120% өсүш берип, ички дүң өнүмдүн 9% өсүшүнө салымын кошкон.


Электр энергиясы өзүбүзгө да, кошуналарга да жетет

Кыргызстан Өзбекстанга 500 млн. килловатт саат электр энергиясын экспорттоону болжоодо. Ташкенге сатыла турган бир килловатт электр энергиясынын баасы 3.37 цент болмокчу. Бул 1 сом 58 тыйынга барабар.


Азыркы күндөрү Токтогул суу сактагычында 19 млрд. куб. метрге жакын суу бар. Суу-энергетика боюнча адистер бул өлчөмдөгү суу ички керектөөнү жана экспорттук талаптарды канааттандырууга жетиштүү экенин белгилеп жатышат.

Кыргызстан быйылкы жылы Казакстанга 2 млрд. 154 млн. килловатт саат электр энергиясын экспорттоду. Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов кыш жана жаз айларында дагы 1 млрд. килловатт саат электр энергиясы Казакстанга экспорттолоорун билдирген.

Эми Өзбекстанга электр энергиясын экспорттоого жол ачылгандай болууда. Бабановдун 23-ноябрдагы билдирүүсүнө караганда, Кыргызстан Өзбекстанга 500 млн. килловатт саат электр энергиясын экспорттойт. Ташкенге сатыла турган бир килловатт электр энергиясынын баасы 3.37 цент болмокчу. Бул 1 сом 58 тыйынга барабар.

Өзбекстанга электр энергиясы экспорттолоорун “Электр станциялар” акционердик коомунун маалымат катчысы Нурия Искандерова да тастыктады:

- Ооба, Өзбекстанга электр энергиясы экспорттолот. Андай келишим бар. Бирок азырынча анын деталдары боюнча толук маалымат бере албайбыз.

Кыргызстан Өзбекстанга акыркы жолу электр энергиясын 2006-жылы экспорттогон. Анда 1.3 млрд. килловатт саат электр энергиясы 1.1 центтен сатылган. Электр кубаты менен бирге Өзбекстанга 1.5 млрд. куб. метр суу да берилген. Бул ишти ал кездеги биринчи вице-премьер-министр Данияр Үсөнов жүзөгө ашырган. Мына ошондон кийин Токтогул суу сактагычында суу кескин азайып, Кыргызстан катаал энергетикалык кризиске кабылган эле.


Өзбекстандын башка айласы жокпу?

Өзбекстан бизден электр энергиясын алганга аргасыз. Анткени газ жетпей, кыйынчылык болуп жатпайбы...
Райымбек Мамыров


Энергетика боюнча адис, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Райымбек Мамыров Өзбекстандын Кыргызстандан электр энергиясын кайрадан сатып ала башташынын себептерин мындайча чечмеледи:

- Өзбекстан алганга аргасыз болуп калды. Анткени аларда кыйынчылык болуп жатпайбы. Алардын жылуулук станциялары газ менен иштейт. Газ болсо жетпей жатат. Биринчиден, менин маалыматым боюнча, аларда газдын запасы азайып калды. Экинчиден, кыш мезгилинде газ көп чыкпай калат. Ошондуктан Өзбекстандын өзүндө өзүнчө эле трагедия болуп жатат. Элде газ жок. Ошондуктан баары көмүргө өтүп жатат. Жылуулук станциялары да электр энергиясын аз чыгарып жатат. Ошого байланыштуу бизден аргасыздан эле алып жатышат. Болбосо алмак эмес.


Мамыровдун пикиринде, андан сырткары Казакстандын Борбор Азиядагы бирдиктүү электр алкагынан чыгам деген билдирүүсү да Ташкенге таасир этти. Белгилүү болгондой Астана мындай кадамга Өзбекстан тарабынан электр энергиясы уруксатсыз алынуусуна байланыштуу барарын билдирген.

Кыргызстан үчүн Өзбекстан менен энергетика тармагында тил табышуунун дагы бир пайдалуу жагы бар. Ал Ооганстанга Өзбекстан аркылуу электр энергиясын экспорттоого мүмкүнчүлүк алуу. Белгилүү болгондой, азыркы кезде Кыргызстан Тажикстан аркылуу Ооганстан жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоого аракеттенүүдө. Бирок аны турмушка ашыруу үчүн ири инвестиция жана мезгил керек. “Ал эми Өзбекстан аркылуу даяр инфраструктура турат”,- дейт Райымбек Мамыров.

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабановдун айтымында, Казакстанга электр энергиясын экспорттоодон Кыргызстан 85 млн. доллар тапты. Бул каражат көмүр, газ, карамай сатып алууга жумшалууда.

Энергетика тармагын мыкты билген адис Райымбек Мамыров болсо Өзбекстанга электр энергиясын экспорттодон түшкөн каражатка "Электр станциялары" ремонт иштерин жүргүзүп алса дурус болоор эле деп эсептейт.

Канткен менен Кыргызстан Өзбекстанга электр энергиясын кайсы убакыттан тарта экспорттой баштаары азырынча ачыктала элек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG