Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:31

АКШ "Кыргызтрансавиага" санкция жарыялады


Америка өкмөтү "Кыргызтрансавиа" жана анын президенти Лидия Ким терроризмге көмөктөшкөн деп билдирди.

АКШнын Каржы департаменти ирандык “Махан Эйр” менчик авиакомпаниясы “Кыргызтрансавиа” компаниясынын учактары аркылуу Сириянын президенти Башар Асаддын режимин колдоо үчүн тыюу салынган жүктөрдү жана Иран армиясынын аскерлерин, куралын жана башка жүктөрүн “Хезболла” террористтик уюмуна ташыган деп ырастап, кыргызстандык компанияга санкция жарыялады.

Расмий билдирүүдө бул операцияларга кыргызстандык авиакомпаниядан сырткары эки украиналык жана бир эмираттык ишкананын учактары колдонулган.

АКШ 2011-жылы “Махан Эйрди” "терроризмге көмөктөшкөн" деп кара тизмеге киргизип, башка ишканаларды аны менен кызматташтыкты токтотууга чакырган. Каржы департаменти тараткан катта, “Махан Эйр” “Кыргызтрансавиа” аркылуу сегиз учакты сатып алганын жана бул үчүн кыргызстандык авиакомпаниянын президенти Лидия Ким материалдык жана техникалык көмөк алганы белгиленет.

АКШнын Каржы департаменти “Кыргызтрансавиа” ирандык “Махан Эйр” ишканасы менен иштегени үчүн ишканага жана анын президенти Лидия Кимге №13224 санкциясын паспорттук маалымат жана компаниянын башка реквизиттери менен кошо жарыялады. Бул санкция терроризмге катышкандарга же ага көмөктөшкөндөргө колдонулат. Ага ылайык, “Кыргызтрансавианын” жана Лидия Кимдин АКШдагы бардык мүлктөрү камакка алынат, ал эми америкалык ишканаларга жана анын жарандарына кызматташууга тыюу салынат.

“Кыргызтрансавиа” ишканасынын вице-президенти Таалайбек Окенов АКШ Каржы департаментинин бардык айыптарын четке какты. Анын айтымында, “Махан Эйр” ижарага алган кыргызстандык авиакомпаниянын үч учагын жүргүнчүлөрдү түштүк-чыгыш өлкөлөрүнө ташуу үчүн гана колдонот жана жүктөрдү ташуу мүмкүн эмес.

- Биз Кыргызстандын алдындагы юрисдикцияда иштеп жатабыз, биз Кыргызстандын ишканасыбыз. Бул маселе АКШ менен Ирандын ортосунда болуп жатпайбы, буга биздин кандай тиешебиз бар? Биздин мыйзам Иран менен иштебегиле десе, биз баш ийебиз. Андай жок да. Бизге саясат эмне болуп атат, кандай болуп жатат – ишибиз жок. Биз коммерциялык ташууларды ишке ашырып, өз ишибизди аткарып жатабыз.

“Кыргызтрансавианын” вице-президенти Таалайбек Окенов ишкананын АКШ же америкалыктар менен байланышы жок болгондуктан, санкция аларга таасирин тийгизбейт деп кошумчалады. Ал эми авиакомпаниянын президенти Лидия Ким чет өлкөдө жүргөнүнө байланыштуу, ага карата коюлган санкция боюнча өзүнөн комментарий алууга мүмкүн болбоду.

Кыргызстандын Жарандык авиация боюнча агенттигинин маалымдашынча, 2005-жылы Бишкекте катталган “Кыргызтрансавиа” AirBus 310, AirBus 300 жана Buyer үлгүдөгү жүргүнчүлөрдү ташыган учактарын ирандык “Махан Эйр” ишканасына ижарага берип, ажыга сапар алгандарды ташып, киреше табат.

Агенттиктин учууга жарамдуулукту жөндөө бөлүмүнүн башчысы Шакир Узбековдун сөзүнө караганда, “Кыргызтрансавиа” бир жылда эки жолу текшерүүдөн өтүп турат жана мыйзам бузуулар катталган эмес.

- Бул санкциялар боюнча бизде суроолор деле болбойт, анткени алар учактарын мыйзам чегинде колдонуп жатышат. “Кыргызтрансавиа” жүргүнчүлөрдү ташыган ишкана катары иштейт. Бул куралдарды жана башка тыюу салынган жүктөрдү ташуу үчүн жүк ташыган ишкана эмес да, алардын учактары учкан картада балким санкцияда айтылып жаткан район, Сирия жоктур.

“Кыргызтрансавиа” быйыл да ажыга баргандарды ташууга жарыяланган муфтияттын тендеринде утуп алган. Ишкананын жана диний башкармалыктын өкүлдөрү санкцияга карабай кыргызстандык авиакомпания өз милдетин аткараарын билдиришти.

Иран тымызын өзөктүк курал жасап жатат деп АКШ бул өлкөгө экономикалык санкцияларды тынымсыз киргизип келатат. Алардын катарында америкалык компанияларга Ирандан мунай сатып алууга тыюу салынган. Өзөктүк курал жасоого жана терроризмге көмөктөшкөн деген негиз менен АКШ санкция киргизген акыркы компаниялардын катарында “Кыргызтрансавиадан” тышкары Ирандын бир катар ишканалары да бар.

XS
SM
MD
LG