Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:31

Барак Обама Роза Отунбаева менен жолугушту


Кыргыз Президенти Роза Отунбаева Вашингтондогу Ак Үйдө АКШ президенти Барак Обама менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтык маселесин талкуулашты. 2011-жылдын 7-марты. Кыргыз президентинин расмий интернет барагы.
Кыргыз Президенти Роза Отунбаева Вашингтондогу Ак Үйдө АКШ президенти Барак Обама менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтык маселесин талкуулашты. 2011-жылдын 7-марты. Кыргыз президентинин расмий интернет барагы.

7-мартта Вашингтондо АКШ президенти Барак Обама кыргыз президенти Роза Отунбаева менен жолугушту.

Анда АКШнын президенти Транзиттик борборго колдоо көрсөткөнү үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирип, демократиялык жараяндар колдоого алынарын ачыктаган.

Президент Роза Отунбаева 6-мартта АКШга башталган сапарынын алкагында 7-мартта президент Барак Обаманын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Том Донильон менен жолугушуу өткөрө баштаган. Ал жолугушууга Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама келип кошулган.

Жолугушууда Кыргызстанда демократияны бекемдөө, зарыл болгон гуманитардык керектөөлөрдү жана экономикалык өсүштү камсыздоо маселелери көтөрүлгөн. Ошондой эле терроризм, бангизаттарын ташуу жана коопсуздукка байланыштуу маселелер талкууланган.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин билдирүүсүнө караганда, президент Барак Обама Кыргызстанда демократияны бекемдөөгө колдоо көрсөтүү улантылаарын айтып, "Манастагы" Транзиттик борборго колдоо көргөзгөнү үчүн кыргыз бийлигине ыраазычылык билдирген. Барак Обама ошондой эле Транзиттик борбордогу төлөмдөрдө ачыктыкты камсыздоо жана Кыргызстан кызыкчылыгы үчүн пайданы көбөйтүүгө убада кылган.

Президент Роза Отунбаева ошондой эле 7-мартта сенаторлор Жон Маккейн, Жон Керри менен жолугушкан. Маккейн жолугушууда Кыргызстандагы демократиялык реформаларды аягына чыгаруу АКШ үчүн маанилүү экенин белгилеген. Ал эми Жон Керри менен сүйлөшүүдө кылмыштуулукка каршы күрөш, сот системасын реформалоого байланыштуу маселелер козголгон.

Президент Роза Отунбаева күзүндө Кыргызстанда боло турган президенттик шайлоого токтолуп, референдумдун шартына ылайык ал президенттик шайлоого катышпасын, ачык жана таза шайлоонун жыйынтыгында бийликти тынч жол менен өткөрүп берүү ниетинде экенин билдирген.

Президент Отунбаева 7-мартта Вашингтондо болгон “Кыргызстан демократия маселелерин чечип жатып” деген тегерек үстөл жыйынга катышып, сөз сүйлөдү. Анда Отунбаева Кыргызстанда болуп өткөн окуялар тууралуу маалымат берүү менен аткарылып жаткан иштерге токтолгон. Ал Кыргызстандын келечегине ишеничи мол экенин билдирген:

- Мен Кыргызстанда, Азияда жана Жакынкы Чыгыштагы болуп жаткан окуялар боюнча оптимисттик көз караштамын. Улуттардын өзгөрүүгө, диктатор жана авторитардык лидерлердин таасиринен бошонууга болгон каалоосун эч ким токто албайт. Бул күчтөрдү өнүгүүгө болгон потенциал катары баалоого болот. Келечек бул күчтөргө жана бул улуттарга тиешелүү болооруна ишенимим бар.


Президент Роза Отунбаевага 8-мартта Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин “Каармандыгы үчүн” сыйлыгы ыйгарылат жана Хиллари Клинтон менен жолугушуусу болот.

Кошмо Штаттар Кыргызстанга олуттуу жардам берип келатат. Өткөн жылы АКШ көрсөткөн жардамдын көлөмү 100 млн. доллардан ашкан. АКШнын быйылкы жылдын бюджетинде Кыргызстанга 41 млн. долларга жакын жардам берүү каралган. Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен бул эң ири сумма. Маселен, Кыргызстандын кошунасы Тажикстан үчүн АКШ 39 млн. долларга жакын жардам караган.

Президент Роза Отунбаева менен Барак Обаманын атайын жардамчысы Майкл Макфоллдун 6-марттагы жолугушуусунда Макфолл коопсуздукту камсыздоо багытында Кыргызстанга бир катар долбоорлор жакын арада сунушталаарын билдирген.

Атын атагысы келбеген Кыргызстандын атайын кызматынын генералынын пикиринде, Кошмо Штаттар Кыргызстанда бир катар долбоорлорду турмушка ашырган. Ал Токмок жана Кой-Таштагы аскердик курулуш иштери. Эгерде Кошмо Штаттар чек ара коопсуздугун, террор коркунучун четтете турган долбоорлорду жана ага тиешелүү каражатты сунуштаса, Кыргызстан аны алууга тийиш. Анткени жарды Кыргызстандын көп нерсени жасоого мүмкүнчүлүгү жок. Ал эми стратегиялык өнөктөш Орусияда каражат бөлүүгө мүмкүнчүлүгү чектелүү.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG