Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

АКШда кыргыз кубогунда Нью-Йорк жеңди


АКШдагы Кыргыз кубогу үчүн оюндан көрүнүш, сентябр, 2012-ж.
АКШдагы Кыргыз кубогу үчүн оюндан көрүнүш, сентябр, 2012-ж.

АКШда "Кыргыз салам" коому уюштурган Ынтымак өттү. Футбол мелдешинe 5 штаттан 6 команда катышты. Эки күндүк турнирдин жыйынтыгында финалга “Нью-Йорк” менен “Чикаго -1” чыгып, кызуу таймашта “Нью-Йорк” командасы жеңип алды.

Футбол мелдеши Чикаго шаарында Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин колдоосу менен өттү.

Сентябрдын этегиндеги мелдешке күбө болгон “Замандаш” биримдигинин координатору Азамат Айтбаев АКШдан "Азаттыкка" буларды билдирди:


АКШдагы Кыргыз кубогу үчүн оюндан көрүнүш, сентябр, 2012-ж.
АКШдагы Кыргыз кубогу үчүн оюндан көрүнүш, сентябр, 2012-ж.
Азамат Айтбаев: Бул турнир Ынтымак кубогу деп аталып, 2007-жылдан бери өткөзүлүп келе жатат. “Нью-Йорк” командасы менен “Чикаго-1” командасы чыгып, кызуу таймашта “Нью-Йорк” командасы жеңишке ээ болду. Арбитри Орусуя мамлекетинен, калгандары баары өзүбүздүн жердеш, мекендештерибиз болду.

Жаңыл Жусупжан: Соңку оюн канча эсеп менен бүттү? Топту киргизгендер ким болду? Кайсы оюнчу сизге өзгөчө жакты?

Азамат Айтбаев: Мага өздөрү белгилеген, Бомбардир атка конгон, жети гол соккон Эркин Токтобек уулу жакты, жакшы оюн көрсөттү, бирок жаракат алгандыгына байланыштуу ал акыркы финалдык оюнда кичине жакшы ойной алган жок. “Нью-Йорк” командасынан Алтынбек, Эльдияр атту жакшы оюнчулар алдыңкы чабуулчу болушуп, жакшы оюн көрсөтүштү. “Нью-Йорк” командасы финалда беш бир эсебинде жеңишке ээ болду.

Жаңыл Жусупжан: АКШда футбол ойногондо көрүп калабыз, кыска көйнөк кийген кыздар саксактаган үзүктөрдү көтөрүп алышып, булгалап турушат го. Бул оюнда дагы ошондой күйөрман кыздар болдубу?

Азамат Айтбаев: Бул оюнда андай колдоруна саксактарды кармап алышып, булгалап турган кыздар болгон жок, бирок Кыргызстандын желегин кармап алып, өзүнүн каалаган командасына күйөрман болгон кыздарды көрө алдым.

Футбол мелдешин АКШ дагы кыргыз диаспора уюмунун бири болгон “Кыргыз салам” уюштуруптур. Уюмдун жетекчиси Бакай Оморов буларды айтты:

АКШдагы Кыргыз кубогу үчүн оюндан көрүнүш, сентябр, 2012-ж.
АКШдагы Кыргыз кубогу үчүн оюндан көрүнүш, сентябр, 2012-ж.
Бакай Оморов: Футболду биз ынтымакты бекемдеп туруш үчүн уюштуруп, өткөрүп турабыз. Америкадагы бардык жарандар жумуш менен алек, бири-бири менен жолугушуу, көрүшүү кыйынчылыкты келтирет. Ошон кыйынчылыка карабай, жылына эки жолу футбол оюнун уюштуруп турабыз. Оюн ар бир штатта өтүп турат. Кыргыздар бири-бири менен көрүшкөнгө, жолугушуп турганга мүмкүнчүлүк болот.

Жаңыл Жусупжан: Футболдон башка кандай иштериңиздер бар?

Бакай Оморов: Ар кимдин өздөрүнүн жеке жумуштары көп, бирок биз 31-августту, Нооруз майрамын, кыргыздын ар бир майрамын кетирбей чогулуп, белгилеп турабыз.

Жаңыл Жусупжан: “Замандаш” ассоциациасы менен келишим түзгөн экенсиңер. Кандай иштерди жана канча жылга пландап жатасыңар?

Бакай Оморов: Түбөлүккө деп ойлойбуз. Пландар көп, "Замандаш" ассоциациясынын максаты менен биздин Кыргызстан жаштарыбыздын максаты бирдей экен. Ошол себептен биз оңой тил табышып, келишимдер түзүлдү. Буйруса жакшы, жакшы пландарыбыз бар, жакын арада ишке ашат деп ниет кылып атабыз.

Кыргыз кубогу
Кыргыз кубогу
Жаңыл Жусупжан: Диаспоранын башкы чече турган маселелери кайсылар? Келишимде кандай конкреттүү маселелер, иш-чаралар каралды?

Бакай Оморов: Бул жакта көп маселелер оңой чечилет. Биздин биринчи максатыбыз - Америкага жаңы келген жарандарга юридикалык, иммиграциялык жактардан жардам көргөзүү. Он жыл мурун кыйыныраак болчу, азыр оңой болуп калды.

Азыр ар бир штаттын өздөрүнүн өкүлдөрү бар. Нью-Йоркто диаспоранын өкүлдөрү бар, Филадельфия, Висконсия, Чикаго, Огая штаттарынын ар биринин өздөрүнүн кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү бар. Эгер бир штатта маселе болсо ар дайым чогулуп чечебиз. Бүгүнкү күндө санын айта турган болсок, он миңден он беш миңге чейин кыргыздар бар дешет. Булардын отуз, кырк пайызы үй-бүлөлүүлөр, беш пайызы студенттер болсо керек, ал эми калган кыздар, балдар бирдей келишет.

Жаңыл Жусупжан: Диаспораны уюштуруу үчүн каражат керек, анан бул ишке кызыккан волонтер жардамчылар керек эмеспи. Мисалы, азыр Кыргызстандан эстрада ырчысы Илияс Андашев менен кыргыздардын рок ырчысы Саламат Исмаиловду чакырып атыпсыздар, булардын баары акча. Сиздердин каржылык дараметиңиздер кандай? Мүчөлүк акы менен топтолобу же өзү каалгандай беришеби? Жардамчыларыңыздар, колдоочуларыңыздар барбы?

Бакай Оморов: Бизде атайын фонд түзүлгөн, бирок акчаларды артисттерди чакыруу үчүн кетиришпейт, каалоо менен беш, алты өкүл чогулуп, өз каражаты менен чакырышат. Быйыл биринчи болуп, Чикаго штаты өздөрү изилдеп, бир компания каржылап, биринчи үлгү болуп каржылоочу издеп жардам кылышты. Буга чейин андай нерселер болгон эмес, каражатты диаспоранын ичинде өз өкүлдөрү менен, каалоолору менен чогултушат.

Азамат Айтбаев солдо
Азамат Айтбаев солдо
Жаңыл Жусупжан: АКШда кыргыз диаспораларынан бир нечеси бар эмеспи, анын ичинде мисалы, Кыргыз клабдын өкүлдөрү жакында Европада болуп кетишкен. Азыр канча кыргыз жамааты бар? Бир ассоциацияга биригип иш алып барасыздарбы, же ар ким өзү менен өзүбү?

Бакай Оморов: “Кыргыз салам” диаспорасы эл менен көп иштегендиктен, көпчүлүк учурда өзүбүздүн маселебизди өзүбүз чечебиз. “Кыргыз Американын Альянсы” деген диаспора жакында ачылып жатат. Бул диаспоралар Нью-Йоркто Кыргыз клабдын ордуна жаңы ачылышты.

Италиядагы кыргыз диаспорасы менен көп иштешип келген, “ Замандаш” ассоциациасынын координаторы Азамат Айтбаев Италияда үч миңдей кыргыздын башын бириктиребиз деген аракет менен бир топ жүргөн. Ал Америкадагы кыргыздардын абылы Италиядагыга окшош экендигин белгиледи:

Азамат Айтбаев: Дүйнө жүзү боюнча мигранттардын маселелери, проблемалары бирдей экенине азыр дагы бир ирет күбө болуп отурам. Анткени, Италияда кандай маселелер болсо АКШда да ошондой маселелер. Биринчиден, Америкага келиши. Экинчиден, жергиликтүү коом менен интеграция, адаптация болушу, андан сырткары документ маселелери, легалдаштыруу, соцалдык, медициналык страховкалык маселелер эң көйгөйлүү маселелерден экен. Анткени кичине кокустап калсаң, страховкаң жок болсо чоң каражат төлөгөнөгө дуушар болот экенсиң.

XS
SM
MD
LG