Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:42

ТБны көчүрүү шарттары талкууланды


АКШнын Кыргызстандагы жүк ташуучу Транзиттик борбору 2014-жылдын 11-июлунда жабылат. Бул чечимди эки күн мурун АКШ Мамдепартаментинин эксперттик тобу менен Кыргыз өкмөтүнүн тиешелүү тармактарынын өкүлдөрүнүн Бишкектеги жолугушуусунда дагы бир ирет тастыкталды.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тараткан маалыматка караганда эки тараптуу сүйлөшүүгө АКШ өкмөтүнүн атынан элчи Эрик Жон башында турган делегация катышты. Жолугушуулар тууралуу кеңири маалымат таратылган жок. Болжолдуу маалыматтарда денонсациялоо жөнүндөгү мыйзамдын макулдашуунун алкагында иштеп жаткан долбоорлорго таасири талкууланганы айтылууда.

Кыргызстан тышкы иштер министринин орун басары Эринес Оторбаев АКШ Мамдепартаменти менен Коргоо департаментинин биргелешкен эксперттик тобу Транзиттик жүк ташуучу борбордогу жабдыктарды мөөнөт бүткөнгө чейин ташып, чыгарып кетүүнүн жол-жобосун, шарттарын талкуулаганы келди деп билдирди “Азаттыкка”:

- Базаны чыгарчу датасын дагы бир ирет далилдеп, кандай жолдор менен, кандай баскычтар аркылуу чыгарып кетүүнү сөз кылдык. Коопсуздук боюнча ойлорун уктук. Террорчулук, баңги соода темаларын көтөрдүк.

Буга чейин Кошмо Штаттар Транзиттик борборду жарандык хабга айландырууга ниети бары жөнүндө маалыматтар тараган эле. Эринес Оторбаев кызматташтыктын жаңы багыттары, демилгелер жөнүндө сөз болгон жок деп билдирди.

Ушул эле күнү АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Транзиттик борбор Кыргызстан-АКШ кызматташтыгынын бир гана бөлүгү деп билдирди. Бул тууралуу элчиликтин коомчулук менен байланыш бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу Жухано Фернандо “Азаттыкка” буларды айтты:

- Биздин коопсуздук боюнча кызматташтык терроризм жана баңгизат менен күрөшүү, чек ара коопсуздугу, ошондой эле тынчтыкты сактоо боюнча мүмкүнчүлүктөрдү жакшыртуу сыяктуу эки тараптуу маанилүү жана өз ара пайдалуу иш-чараларды камтыйт. Кыргызстан Транзиттик жүк ташуу борборун «Манас» эл аралык аэропортунда жайгаштыруу аркылуу Ооганстандагы эл аралык аракеттерин колдоосу – бул жалпы кызматташтыктын бир бөлүгү.

Эки өкмөттүн 2009-жылдын 22-июнунда кабыл алган «Манас» аба майданындагы Транзиттик ташуу борбору боюнча макулдашуусун денонсациялоо мыйзамын Жогорку Кеңеш 20-июнда кабыл алып, ага президент Алмазбек Атамбаев 26-июнда кол койгон. Анын негизинде 2014-жылдын 11-июлунда АКШнын Кыргызстандагы Транзиттик борбору жабылат. Бул өз кезегинде эки өлкөнүн мамилесин солгундатат деген пикирлер арбын айтылып келатат.

"Кыргызстанга кызыкчылык ар дайым кала берет. Анткени ал суу башында турат. Бул – таасир этүүчү фактор. Кыргызстан демократиялык процесстердин башында турат. Демек коңшу өлкөлөрдөгү саясий кырдаалга таасир этип коюучу инструмент катары пайдаланылышы мүмкүн", - деди «Азаттыкка» курган маегинде башкаруучу коалициядагы «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев.

АКШ Транзиттик борбор болуп 2009-жылы кайра түзүлгөн база аркылуу 2001-жылдан бери Ооганстанга аскерлерди, аскерий жабдууларды жөнөтүү, учактарга абадан май куюу сыяктуу иштерди аткарып келатат. «Манастагы» борбордо эки миңден ашык жаран иштейт, анын жети жүзү - кыргызстандыктар.

Кыргызстан Транзиттик борбордон жыл сайын ижара акысы катары 60 миллион доллар алып турат. Макулдашууну денонсациялаган мыйзамда аскерий борбордун калышына муктаждык жок экендиги белгиленген.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG