Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:56

Депутаттар УКМКны көзөмөлдөгүсү келет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаттары УКМКнын ишин көзөмөлдөй турган атайын парламенттик комитет түзүү демилгесин коомдук талкууга койду.

Атайын парламенттик комитет түзүү боюнча “Ата Мекен” фракциясынан Наталья Никитенко жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан Исхак Масалиев демилге көтөрүп, ал коомдук талкууга коюлду. Демилгечилердин айтымында, атайын комитетке алты фракциядан бирден гана депутат мүчө боло алат.

Исхак Масалиевдин айтымында, сунуш ишке ашып калса, атайын парламенттик комитет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМК) көзөмөлдөө менен гана чектелбей, ал кызматтын реформаланышына кол кабыш кылат:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

- Эң негизгиси – текшерүүнүн максатында. Эгер депутаттар жаман ой менен чукулап текшере турган болсо, кайра алардан коркот. Эгерде аларга жардам көрсөтүү максатында текшерүү жүрсө - анда башка кеп. Балким УКМКга акча жетпей жаткандыр, балким айлыгы аздыр? Биз ошол эле учурда атайын кызматтын ашыкча функцияларын алып салышыбыз керек. Мисалы, экономикалык кылмыштарга каршы күрөштү алып салыш керек. Алар улуттук коопсуздукту камсыз кылып, терроризм сыяктуу коркунучтарга каршы турууда иштерин чыңдашы керек.

Депутаттар УКМКга неге даабайт?

Деген менен "парламентте УКМКны көзөмөлдөй турган комитеттер ансыз да жетиштүү" дегендер четтен чыгат. Маселен, “Жаңы доор” саясий партиясынын лидери, экс-депутат Улукбек Кочкоров жаңы комитет түзүүнү максатсыз деп эсептейт. Анын айтымында, депутаттар эркин көрсөтсө азыркы комитеттер аркылуу эле УКМКны көзөмөлдөсө болот.

Улукбек Кочкоров.
Улукбек Кочкоров.

- Бизде андай комитет бар. Анан ошол комитет мыйзамда каралган ыйгарым укуктарын туура колдонсо эле чоң мүмкүнчүлүктөрү бар. Болгону биздин депутаттардын арты таза эмес, ошондуктан атайын кызматты текшерүүгө эрки жетишпейт. Анткени депутаттардын 80-90 пайызы ишкерлер. Алардын өз кызыкчылыктары бар. Кызыкчылыктары мыйзамдарга туура келбейт. Ошол себептүү атайын кызматты текшерип, тескегенге даай алышпайт. Болбосо азыркы комитеттерде бардык укуктар каралган.

Азыркы учурда Жогорку Кеңеште тогуз комитет бар. Алардын үчөөндө УКМКнын ишин көзөмөлдөө укугу бар. Алар: Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттер.

Буга чейин жогоруда аты аталган үч комитеттин бири да атайын кызматтын ишмердигин толук текшере алган эмес. Бешинчи чакырылышта Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитети жылдык отчет боюнча УКМКны текшерүүгө аракет кылганы белгилүү.

УКМКнын ишин тескөө боюнча буга чейин да жарандык активисттер демилге көтөрүшкөн. “Коомдук иликтөөлөр институтунун" жетекчиси Рита Карасартова атайын кызматты көзөмөлдөө аракети парламент өкүлдөрү тарабынан да колдоого алынганын жакшы саамалык катары белгилейт:

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

- УКМКны көзөмөлдөп койсо эле баары чечилип калбайт. Бирок ошентсе да депутаттар жарандарды угуп, "атайын кызматты көзөмөлгө алалы" дегени жакшы жышаан. Бул биринчи гана кадам, андан кийин реформа кылыш керек. Анткени буларга бардык укуктар берилген. Өз билгенин кылып жатышат. Ошол эле учурда аларды көзөмөлдөгөн киши жок.

Карасартова атайын кызматтын бюджети жашыруун экени аз келгенсип, бар мүлкү тууралуу декларация тапшырбаганы да талаштуу маселе экенин кошумчалады.

- Эмне үчүн УКМКнын, коррупцияга каршы күрөшүп жаткан органдын байып жатканын эл билбеши керек? Бүт баарын жабык кылып коюшкан. Макул, бюджети, аскери жабык болсун. Бирок бар мүлкү тууралуу маалымат неге жабык? Балким алар элдин, аткаминерлердин эсебинен байып жаткандыр?

Масалиев менен Никитенконун атайын комитет түзүү боюнча демилгеси бир айлык коомдук талкуудан соң парламентте каралат.

УКМКга сын айткан саясатчылар көп. Алар атайын кызмат улуттук коопсуздукка караганда саясий буюртмалар менен көбүрөөк алектенип жатканын айтышат. Экономикалык, коррупциялык кылмыш иштерин тергөө атайын кызматка жүктөлгөн. Бирок УКМК мындай дооматтарды четке кагып келет.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG