Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:15

Түркия Орусияны алмаштыра алабы?


кыргыз өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев Түрк премьери Режеп Тайып Эрдоган менен. Анкара, 2011-жылдын 26-апрели.
кыргыз өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев Түрк премьери Режеп Тайып Эрдоган менен. Анкара, 2011-жылдын 26-апрели.

Кыргыз премьер-министринин Түркиядагы эки күндүк сапары учурунда эки өлкө жарандарынын визасыз 90 күн каттоосу боюнча келишимге кол коюлду.

Мындан тышкары кызматташуу боюнча Жогорку Кеңеш түзүлдү. Түркия багытында өкмөттүн ийгилиги көрүнүп турат. Бирок Орусия менен кызматташууда татаалчылыктын карааны дагы байкала баштагандай.

Түркия багытындагы жетишкендиктер

Түркия Кыргызстандын 51 млн. доллар карызын кечти. Андан сырткары 10 млн. доллар өлчөмүндө гранттык жардам берүүнү чечти. Бишкектин Анкара алдындагы карызы Кыргызстандын эгемендүүлүк доорунун биринчи жылдарында пайда болгон. Мына ошол мезгилде Түркиянын Эксимбанкы жеңилдетилген эмес шартта 75 млн. доллар насыя бөлгөн. Ал акчанын кайсы бир бөлүгү Кыргызстанга келбей калган. Келген насыя үстөк пайызы менен 51 млн. долларга жетип барган.

Өкмөт башчынын кеңешчиси Фарид Ниязов Алмазбек Атамбаевдин Түркияга сапарынын негизги жетишкендиктери катары буларды атады:

- Негизги жыйынтыктарды өкмөт башчы чыгарды. Анда узак мөөнөттүү стратегиялык кызматташуулар боюнча Жогорку Кеңеш түзүлгөнү аталды. Андан сырткары эки өлкөнүн жарандары 90 күн визасыз жүрө алат. Түркиянын капиталы Кыргызстанга келиш үчүн шарт түзүлөт.

Фарид Ниязовдун эсеби боюнча, мына ушуну менен Түркиянын Кыргызстанга көрсөткөн жардамы 71 млн. долларга жетти. Февраль айында 10 млн. доллар беришкен. Эми 51 млн. доллар карыз жоюлду. Андан сырткары 10 млн. доллар грант бөлүндү.

Орусия менен мамиле...

Алмазбек Атамбаевдин түрк жетекчилиги менен жеке мамилесинин дурустугуна жараша Анкара менен мамиле өнүгүү жолунда баратат. Бирок Орусия тараптан мына ошондой белги байкалбай турат. Кремль бюджеттин тартыштыгын жабуу үчүн өтө маанилүү болгон 30 млн. доллар насыяны жана Евразия экономикалык шериктештигинин антикризистик фондунан 200 млн. долларды берүүнү кечеңдетип жатат. Ал эмес мурун берген карыздарынын 14 млн. доллардан ашуун үстөк пайызын дароо төлөө талабын койду. Аны кыргыз өкмөтү аткарууга мажбур болду. Улуттук банктын төрагасынын орун басары Заир Чокоевдин билдирүүсүнө караганда, Орусияга 14 млн. доллар насыя төлөө бюджетке киргизилген эмес эле. Эми ал төлөнгөндөн кийин бюджетке өзгөртүү киргизүү керек.

2009-жылы Кыргызстан менен Орусия жетишкен келишимге ылайык Кыргызстан “Дастан” ишканасынын 48% акциясын берип, ошону менен 190 млн. доллар карыз жабылыш керек эле. Азыркы мезгилде кыргыз тарап акцияларды берүүгө даяр болгон менен орус тарап аны кечеңдетип жатканын Алмазбек Атамбаев билдирген. Өкмөт башчынын айтымында, Орусиянын каржы министрлиги 48% акцияны алууга каршы чыгып жатса, коргоо министрлиги “Дастанга” кызыкдар болууда. Мына ушул эки структура бир пикирге келе албай жатат.

Кыргызстандын Орусия алдындагы 190 млн. доллар насыясы да эгемендүүлүк доорунун алгачкы мезгилдерине барып такалат. Андан кийин, 2009-жылы жеңилдетилген мүнөздөгү 300 млн. доллар насыя алынган.

Атамбаев кандай болгон күндө да Кыргызстан өз милдеттенмелерин аткарарын билдирген:

- Орусия үстөк пайызсыз 30 млн. долларды бөлөр-бөлбөсүнө карабай, Евразия экономикалык шериктештигинин антикризистик фондунан бизге каражат бөлүнөр-бөлүнбөсүнө карабай биз келишимдик милдеттенмелерибизди аткара беребиз. Анткени жетишкен келишимдер аткарылыш керек.

Тышкы иштер министринин мурунку орун басары Аскар Бешимовдун айтымында, кыргыз-орус мамилесиндеги насыя маселесинде түшүнүксүз жагдайлар бар. Ал эми Евразия экономикалык шериктештигинин күн тартибинде болсо Кыргызстанга 200 млн. насыя бөлүү маселеси коюлган да эмес.

Бешимов 30 млн. доллар Кыргызстандын маселесин чече албасын айтып, буларга токтолду:

- Бюджеттин тартыштыгын билесиз. Бизге 30 млн. эле эмес, андан көп каражат абадай эле керек. Анткени милдеттенмелер бар. 1-майдан кийин айлыктар көтөрүлөрү убада кылынган. Ошондуктан 25-майдан кийин ал төлөнө башташ керек.

Аскар Бешимов каражат табылбай, Улуттук банк банкнотторду басып чыгара баштаса, анда инфляция күчөрүн да кошумчалады.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG