Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:29

Соттордогу ээнбаштык


Сот залындагы ээнбаштык көрүнүштөрүн кантип тыюу керек?

Укук коргоочулар кеңеши Апрель окуясы боюнча сотто жаңжал чыгаргандарды жазалоо керектигин айтып чыкты. 17-июлда сотто чыккан жаңжалды басууга аракет кылган он аскер кызматкери жабыркап, аларга медициналык жардам көрсөтүлүп, бирөө ооруканага жаткырылган. Буга чейин шаардык сотто камактагы депутаттардын жактоочулары прокурорлор менен сотторго кол салышкан.

"Арай көз чарай" талкуусуна “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова, Апрель окуясында жабыркагандардын адвокаты Осунбек Жамансариев жана Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын коомдук коопсуздук бөлүмүнүн ага инспектору, милициянын подполковниги Таалай Алижанов катышты.

“Азаттык”: Соттогу ызы-чуу айыпталып жаткандардын бири Сергей Цигельниковдун айынан болду деп айтып жатасыз. Укук коргоочулар аскерлерди жарадар кылган, жаңжал чыгаргандар жазасын алышы керек деп жатышат? Ким жазаланыш керек бул жерде?

Осунбек Жамансариев: Сотто болуп жаткан нерсе мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Апрель сотунда соттолуучулар акыркы учурда маскаралоого өттү.

Бир жыл мурда дагы ошол эле Цигельников ортонун көрсөткөндөн жаңжал чыккан. Сот жөн эле өтпөйт, сотто негизинен чыр орун алган. Аны коомдук деңгээлге чейин талкуулагандын деле кереги жок.

Чырдын чыккан себебин изилдеш керек. Мисалы, Цигельниковду былтыр эле жазаласа, берки тарап да жөн туруп калмак. Ошондуктан мыйзам бузган эки тарапты тең, адегенде Цигельниковду жазаласын.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:

please wait

No media source currently available

0:00 0:12:18 0:00
Түз линк

please wait

No media source currently available

0:00 0:11:42 0:00
Түз линк


“Азаттык”: Ушундай окуяларда тартип коргоо органдары чара көрбөй, четте күбө катары эле карап турат, мыйзамды аткарбай, команданы күтүшөт деген сындар көп айтылып жатат?

Таалай Алижанов: Биз эч кандай команданы күтпөшүбүз керек. Бул жерде мыйзам деген бар, мыйзам чегинде ким аны бузса, аларга чара көрүлүп жатат. 16-июлда Жогорку Соттун алдындагы окуя боюнча үч жаранга администрациялык жаза тагылды. Сот болобу, прокурор, милиция болобу бардыгы мыйзам чегинде гана иштеши керек. Ким болбосун мыйзам бузса, ошол айыбын тартыш керек.

“Азаттык”: Ээнбаштык көрүнүштөрү Кыргызстандын дүйнө коомчулугу алдында беделине доо кетирип, демократияга залакасын тийгизип жатат дегенге макулсузбу?

Төлөкан Исмаилова: Дүйнө бизди күндүр-түндүр сөзсүз карап атат. Экинчиден, соттун жана өткөөл мезгилдеги өкмөттүн деңгээли, прокуратура жана соттор кандай иштеп жатат деген маселелер абдан сынга алынып атат.

Кыргызстандын өзүнүн эл аралык жоопкерчиликтери бар. БУУда болобу, ЕККУда болобу - биз жооп беребиз. Үчүнчүдөн, акыйкат, чыныгы мыйзамдуулукту көрө албай жатабыз. Биз дүйнөдөн уялышыбыз керек, эң негизгиси биз өзүбүздү сыйлашыбыз керек. Бул да саясий коррупциянын элге алып келген трагедиясы.
XS
SM
MD
LG