Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:26

Ит ичпес Ала-Көлдө


Ат менен баруу дээрлик мүмкүн болбогон Ала-Көлгө жалаң чет элдик туристтер жөө чыгышат
Ат менен баруу дээрлик мүмкүн болбогон Ала-Көлгө жалаң чет элдик туристтер жөө чыгышат

Кабарчыбыз Ысык-Көлдөгү атчандар да жете албаган аска-зоолуу белдерден ашып, жалаң чет элдик саякатчылар жүргөн көлдө болуп, дээрлик төрт миң метр бийиктиктеги көз жоосун алган жерлерди кыдырып келди.

Төрт күндүк жолго чыгаарда мен «эмне үчүн адам баласы тоого жөө чыгат? деп ойлогом, аягында жооп таптым окшойт.

Жолдуу экемин, мен кошулган туристтик топтун башчысы жаш болгон менен тажрыйбалуу жана өтө түшүнүктүү жигит болуп чыкты.

20 жаштагы Асхат Турдубеков өзү Түптөн, Караколдо чоңоюп, ошол жерде 14-гимназияда тоо спорт маршртуту боюнча гид, экскурсавод жана котормочу деген кесипте окуган.

Ала-Көлгө жол көрсөткөн гид Аскат Турдубеков
Ала-Көлгө жол көрсөткөн гид Аскат Турдубеков
Караколдогу CBT деп аталган жергиликтүү туристтик компаниялардын жамааты уюштурган саякатта төрт туристти төрт күн бою гидден тышкары бир ашпозчу жана төрт портер же жүк ташуучу, бардыгы болуп алты киши коштоп жүрдү.

Алгачкы күндө Каракол капчыгайында сууну бойлоп жүрүп отуруп, көлмөлүү жайык жерде түштөндүк. Түштөн кийин тез эле өйдөрөөк жердеги альпинисттик базага жете келдик.

Ай-Төр деген бул жайыкта альпинисттердин чатырлары тигилиптир. Алардан башка бирин-экин малчылардын үйлөрү гана бар.

Бир боз үйдүн кожойкеси Асел саякатчыларды боз үйгө киргизип, айран сунду. Дасторконго каймак, жаңы башкан нан коюлду.

Ала-көлгө бараткан жолдогу Ай-Төр альплагери
Ала-көлгө бараткан жолдогу Ай-Төр альплагери
Кетээрде айран алалы десек, түгөнүп калыптыр, кымыз да бүтүп калган экен. Тоонун катаал шартында туризм менен байыш мүмкүн эмес экен деп калдым.

Ала-Көлгө чыгуучу белге жете бербей түнөдүк. Ала-Көл тууралуу Манас эпосунда мындай делет:

Андан ары чыккамын
Ит-Ичпестин Ала-Көл
Суу түбүнө түшкөмүн
Кырк кулактуу мыс кармап
алып чыгып бергемин.

Илгери Манас атабыз жердеген Алтайдын элинин тилинде «Ит ичпестин Ала-Көлү» деген сөз кездешет. Бул жер барса келбес жай, бирок ушунчалык кооздугу, керемети укмуш жер деп айтылат. «Ит ичпестин Ала-Көлү» деген «туздуулугунан иче албаган шор көл дегенди» билдирет экен.

Ушул көпүрөдөн өткөндөн кийин Ала-көлгө жалгыз аяк жол кетет
Ушул көпүрөдөн өткөндөн кийин Ала-көлгө жалгыз аяк жол кетет
Башкалардын айтымында, Ала-Көл азыркы Токтогул району тарапта болгон экен. Ал көл соолуп, азыркы Кетмен-Төбө өрөөнү болуп калыптыр. Чычкан капчыгайына кире бергенде туздуу суунун шор болуп катып калган кыртыштары көрүнүп турат. Ары жагы Талас тарап, Суусамыр, Нарын, Жумгал болуп кетет.

Туздуу көл Шамшыкал-Ата деген тоону жиреп отуруп, ары жагына агып кеткен экен. Көлдүн орду бара-бара түздөлүп жерге айланган. Ошол туздуу тоо, көл бар жерлер касиеттүү деп айтылып, Кетмен-Төбө тарапта хандыктар көп болгон.
Бул жобо көптөгөн археологиялык казуулардан табылган шаардын калдыктарынын негизинде айтылып жатат. Ал эми биз бараткан Ала-Көл Ысык-Көлдүн чыгыш кыйырында жайгашкан.

Ошону менен эртеси шаркыратманы айланып, 600 метр аскалуу жолду 3 саат дегенде басып өтүп, Ала-Көлгө жете келдик. Барсак мөңгүлүү тоолордун ортосунда чөйчөктөгүдөй көк-мөк болгон чакан көл жатат.

Жол бою ар бир бурулушта сизди жаратылыштын жаңыча кооздугу күтөт
Жол бою ар бир бурулушта сизди жаратылыштын жаңыча кооздугу күтөт
Көл боюнда түштөнүп, сүрөткө түштүк. Көлдүн суусу мен ойлогондой туздуу эмес, кадимки эле мөңгүдөн эрип түшкөн таза суу болуп чыкты.

Ала-Көлгө жетиш канчалык татаал болсо, андан аркы белден түшүш андан да кыйын болду. Бир турист тике жерден түшө албай, Асхат баш болуп, үчөө-төртөө колунан кармап алып, жетелеп түшүрүштү.

Ылдыйда айтылуу Алтын Арашан өрөөнү көйкөлүп жатты. Кыргыз тоого атчан чыгат, адамдар эмнеге тоодо жөө жүрөт деп таң калчу элем. Көрсө жөө жүргөндүн өз жыргалы бар экен.

Биринчиден, мемиреген тынч теребелде таза абада дем аласың. Экинчиден, жолдун ар бир бурулушунан жаңыча ачылган, бир бирине такыр окшобогон табигаттын көрүнүштөрүнө суктанып, моокумуң канат. Негизгиси, мындай ыракат тандап алган маршрутуңа жараша узак убакытка созулат.

Ала-Көлдөн сүрөттүү ыр баянды бул жерден көрүңүз.


Aла-Көлдүн космостон көрүнүшү


Просмотреть увеличенную карту

XS
SM
MD
LG