Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:49

Туризм өкүлдөрү өкмөттүн реформасына нааразы


Ысык-Көл
Ысык-Көл

Кыргызстанда туризм тармагын Маданият министрлигине кошуу боюнча өкмөттүн долбооруна 29-июнда бизнес коомчулугунун айрым өкүлдөрү каршы пикирлеринин билдирип чыгышты.

Алар туризм менен маданият тармагы кайнаса каны кошулбай турганын жүйөө кармап жатышат. Буга чейин премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин токтому менен бир катар мекемелерде өзгөрүүлөр болуп, маданият жана туризм министрлиги түзүлөөрү кабарланган.

Туризм өкүлдөрү Маданият министрлигине кошулууну каалашпайт

Кыргызстандагы туризм тармагынын өкүлдөрү өкмөттүн жаңы структурасына ылайык, туризмди башкаруу Маданият министрлигине берилип жатканына нааразы болушууда. Алар өкмөткө мындай сунушун берген Башкарууну оптималдаштыруу боюнча комиссиянын аракетин да сынга алууда.

Кыргызстан ишкерлер бирикмесинин туризм боюнча кеңешинин жетекчиси Михаил Халитовдун жүйөөсү боюнча, эгер туризм тармагы маданият министрлиги менен бириксе, өлкөдөгү туризмдин абалы артка кетпесе алдыга жылбайт:

- Бүгүнкү күндө бизнес-коомчулуктун пикири боюнча олуттуу ката кетти. Биз өлкөнү 10-15-жылга артка жылдырып жатабыз. 2005-жылга чейин туризм социалдык тармакка карап келген. Маданият министрлигинин карамагында да болгон. Бул социалдык тармактар экономикалык тармакка эч кандай байланышы болгон эмес. 2005-жылы туризм тармагынын экономикалык блокко өткөрүлүшү менен бул тармактын катуу өскөнү байкалган.

Натыйжада ишкерлер, эки багыттын бири-бирине тиешеси жоктугун жар салышып, өкмөттүн жаңы түзүмүнүн долбоору ишке ашса, Кыргызстандагы туризм тармагы унутта калат деп коңгуроо кагып жатышат.

Мындан улам туризмди же Экономикалык тескөө министрлигинин кароосунда калтыруу, же бул багытта өзүнчө агенттик түзүү керек дейт, Коомдорго негизденген кыргыз туризм ассоциациясы – КАТОСтун аткаруучу директору Асылбек Режалиев:

- Ансыз деле туризм тармагы 2010-жылдагы окуялардан кийин аябай начар абалда. Эгер мындан ары социалдык тармакка туризмди кошуп койсок, туризм тармагын өнүктүрүү бизде кыйын эле болуп калат. Ошондуктан биз туризм тармагын өзүнчө агенттик болобу, комитет болобу, ошол мамлекеттик орган аркылуу өнүктүрүүнү суранып жатабыз.


Туризмди өнүктүрүү амалыбы?


Буга чейин өкмөттүн тапшырмасы менен түзүлгөн Башкарууну оптималдаштыруу боюнча комиссия Кыргызстандагы өкмөттүн жаңы стуруктурасын иштеп чыккан. 23-июнда премьер-министр Алмазбек Атамбаев өкмөттүн жаңы структурасы тууралуу токтомго кол койгон. Ага ылайык, 20 министрлик 17ге кыскарып, Маданият жана туризм министрлиги жаңы түзүлөөрү кабарланган. Мындай реформалар менен 14,3 миллион сом үнөмдөлөрү белгилүү болгон. Эми долбоорду Жогорку Кеңеш талкууга алмакчы.

Өкмөт башчынын кеңешчиси Фарид Ниязов бул долбоорду парламент күзүндө карап калышы мүмкүндүгүн ачыктап, Маданият жана туризм министрлигинин түзүлүшү, Кыргызстандагы туризм тармагын өнүктүрүүнү гана көздөөрүн белгиледи:

- Туризм тармагын маданият аркылуу өнүктүрүү долбоору өлкөдөгү туризмди алдыга жылдыруу максатында кабыл алынган. Башкача айткан туризмге кам көрүү үчүн бул кадам жасалды. Ал эми бул чечимди кабыл алуудагы бардык аргументтер тууралуу маалыматым жок.

2009-жылга чейин Кыргызстанда атайын туризм багытындагы агенттик иштеп келген. Бирок бул мекеме ал кездеги президент Курманбек Бакиевдин башкаруу реформаларынын натыйжасында жоюлуп кеткен. Ушул тапта өлкөдөгү туризмди Экономикалык тескөө министрлиги көзөмөлгө алууда.

Ишкерлер туризмдин ар кыл мекемеге өтүшү менен бул тармакка бөлүнгөн каражаттын жыл сайын азайганын, былтыр туризмге 22 миллион сом бөлүнсө, быйыл бул көрсөткүч 8 миллионго түшкөнүн сынга алышууда.

Бишкектеги “Кыргыз Тур Сервис” туристтик компаниясынын жетекчиси Максат Дамир уулу эми туризм бир мекемеге бекип калса абал жакшыраар деген үмүттө:

- Маданият жана туризм тармагы бир министрлик болот дегенде өзүмдүн каршы пикирлерим бар. Бирок бир четинен жоктон көрө жогору болот го деп ойлойм. Буга чейин Экономикалык тескөө минитрликте туризм багытында болгону төрт-беш гана адам иштейт эле. Бул бизге такыр эле жетишсиз да. Азыркы абалга салыштырмалуу алдыда түзүлө турган министрлик жакшыраак жумуштарды алып барабы деген ойдомун.

Кыргызстандын туризм сектору акыркы алты жылда эки кризисти баштан кечирди. 2005-жылдагы ыңкылаптын айынан өлкөгө чет элдик туристтер келбей калган болчу. Мындай жагдай былтыркы окуялардан кийин да кайталаган. Кыргызстан туризм кызматын экспорттоо жагынан эң көп кирешени 2008-жылы тапкан. Анда бул көрсөткүч 500 миллион доллардан ашкан болчу.

Быйыл өкмөт туризм тармагын жандантып, кеминде эки миллионго жакын туристти кабыл алабыз дегени менен, Казакстандын бир катар өткөрмө бекеттеринин жабык болушу, ал өлкөдөн келе турган эс алуучулардын санын азайтууда. Мындан улам Кыргызстандагы туристик фирмалар жана эс алуучу жайлар өз мүмкүнчүлүктөрүнүн 50 пайызын гана колдонуп жатышканын каңкуулашат. Ал ортодо казак парламенти Кыргызстанга жардам беребиз деп, аткаминерлерин Кыргызстанга барып эс алууга үндөп жатканын билдирип чыкты.

XS
SM
MD
LG