Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:42

Визасыз кирүү түйшүктү азайтты


Сырттан келгендер негизинен Кыргызстандын бийик тоолоруна, кооз табиятына суктанышат. (Сүрөттө: Чоң-Алайдагы Ленин чокусуна келген альпинист. 20-август, 2012.)
Сырттан келгендер негизинен Кыргызстандын бийик тоолоруна, кооз табиятына суктанышат. (Сүрөттө: Чоң-Алайдагы Ленин чокусуна келген альпинист. 20-август, 2012.)

Кыргызстанга келген туристтердин саны мурдагы жылга салыштырмалуу жогорулаган. Адистер муну 44 мамлекетинин жарандарына визасыз келүүгө уруксат берген мыйзам күчүнө киргени менен түшүндүрүүдө.

Чет өлкөлүк туристтер кыргыз визасына убакыт жана акча коротуу түйшүгүнөн кутулганына ыраазы, ал эми чек ара кызматкерлери “Манас” аэропортунда жүргүнчүлөр кезеги кыскарып, чет өлкөлүктөрдү ичкери киргизүү ыңгайлуу болуп калганын айтышат.

Стамбулдан Бишкекке таңга маал учуп келген эки эл аралык рейстен кимдерди гана көрбөйсүң! Оор жүгүн тарта албай чарчаган жергиликтүү соодагерлер, жаштар, галстукчан түрк ишкерлери. Алардын арасынан саякатташ үчүн жол карыткандар дароо эле көзгө урунат. Көбүнчөсү альпинисттердин баштыгын жонуна асып, колдоруна шаймандарын кармап алган болот.

Алардын айрымдарын аэропорттун залынан эле токтотуп, Кыргызстанга келүү үчүн виза алдыңызбы, текшерүүдөн кандай өттүңүз деген суроо узаттык. Ирландиядан келген турист Брайан Томсон:

- Виза ачтырбайт экенсиң. Бул тууралуу кыргыз элчилигинин сайтына кирип билдим. Бул абдан ыңгайлуу, анткени ары-бери чуркап, кагаз чогултуп, акча коротуп, күтүп отурбайсың. Учакка отуруп учуп келсең болду, Кыргызстан көз алдыңда.

Биз барганда эл аралык каттамдар менен келген саякатчылар анчейин деле көп болгон жок. Бирок чек арачылардын айтымында, маселен, 2012-жылдын август айынан бери алардын саны кыйла жогорулаган.

Былтыр июль айында АКШ, Германия, Франция сыяктуу дүйнөнүн өнүккөн 44 өлкөсүнүн жарандарына Кыргызстанга визасыз келүүгө уруксат берген мыйзам кабыл алынган. Буга Тышкы иштер министрлиги каршы чыккан. Муну виза жасоодон түшкөн каражаттан кол жууру менен түшүндүргөн эле. Бирок визасыз режимден туристтердин агымы күчөп, экономикага жакшы салым болот дегендердин жүйөсү жеңген.

​Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, былтыр мыйзам кабыл алынганга чейин 44 өлкөдөн 19 миңге жакын жаран келсе, визасыз режим киргени бул сан 27 миңден ашкан.

“Манас” аэропортундагы көзөмөлдөө-өткөрүү жайынын зардалы орун басары Эржан Насыровдун айтымында, Италиядан, Португалиядан жана Бириккен Араб Эмираттарынан келгендер саны эки эсе өскөн.

- Бизге жүргүнчүлөр учуп келгенде текшерип, өткөрүүчү зал бар. Мурда ал жер кезек күткөндөргө толуп турчу, анткени виза алуучуларды текшерип, аны жасап, чаптаганга убакыт кетчү. Мындай тартип чек ара кызматкерлерине да, чет өлкөдөн келгендерге да ыңгайсыз абал жаратчу. Азыр виза ачуу, ал үчүн кезекке туруу жокко чыгарылды.

“Манас” эл аралык аэропорту аркылуу өткөн жүргүнчүлөр саны жылдан жылга өсүүдө. Алсак, бул жарым жыл ичинде аба майдан аркылуу бир миллиондон ашык жаран өттү. Ал эми 2010-жылы бул сан эки эсе аз болчу.

​Бирок бул көрүнүшкө виза режиминин жоюлушу түздөн-түз таасирин тийгизди деп бир беткей баа берүүгө болбосун, анткени учак аркылуу каттагандар саны дүйнөдө жогорулап атканын “Манас" эл аралык аэропорту” Ачык акционердик коомунун финансы директору Асылбек Арстанов белгиледи:

- “Манас” аэропорту аркылуу өтүп аткан жүргүнчүлөрдүн агымынын жогорулашы визасыз келүүгө уруксат берген мыйзам менен түздөн-түз байланышы бар деп айта албайм. Анткени көбүнчө рейстер Орусиядан келет. Албетте, Стамбул, Дубай, Үрүмчү жана Киевден келген эл аралык рейстер бар. Ал жактан келгендердин санынын өсүшүнө мүмкүн виза режиминин жоюлганы кандайдыр бир таасир бергендир. Бирок бизде жылдан жылга жүргүнчүлөрдүн саны өсүп баратат. Бул жалпы дүйнөлүк тенденция, ал авиациянын өнүгүшү менен байланыштуу.

Албетте, Кыргызстан үчүн 30 миң турист деген сан баары бир аз. Бирок туристтик операторлор бул тенденция өсүү үстүндө гана болот деп ишенишет. Анткени, чет жердиктерди кызыктыра турган нерселер Кыргызстанда жетиштүү. Тек гана тынччылык болсо деп тилешет.
Виза жоюлганы эмне өзгөрдү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:57 0:00

XS
SM
MD
LG