Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:48

Туризмдеги жетишкендик жана өксүктөр


Ысык-Көл, 2015-жыл.
Ысык-Көл, 2015-жыл.

Жайкы аптапта эс алгысы келген жергиликтүү жана чет элдик саякатчылар Кыргызстандын кооз жерлерин кыдырып жүргөн учуру.

Учурда Кыргызстанга келген саякатчылар менен эс алуучулардын сапарында ар кандай тобокелдиктер көп болууда. Бул биринчи кезекте алардын коопсуздугуна кепилдиктердин жоктугуна байланыштуу. Кабарчыларыбыз жер-жерлерден даярдаган баяндар дал ушул туристтер менен эс алуучулардын коопсуздугу тууралуу болмокчу.

Маданият, маалымат, туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин маалыматы боюнча Кыргызстан аймагын кыдырган чет өлкөлүк жана жергиликтүү туристтердин, эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоого мамлекет колдон келген аракетин жасап жатат. Ошол эле учурда туристтик компаниялар мамлекеттик кепилдиктин жоктугунан улам Кыргызстанга туристтердин келиши менен чогуу алардын коопсуздугуна байланышкан көйгөйлөр кошо жаралат дешет. Саякатчылардын коопсуздугун коргоо жаатындагы мүмкүнчүлүктөр жана өксүктөр тууралуу кабарчыбыз Зайырбек Ажыматов баяндайт:

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:35 0:00
Түз линк

Кытай өз туристтери четке чыгып жатканда алардын саламаттыгына керектүү дары-дармектин баарын бир куту кылып салып берсе, Британиянын Тышкы иштер министрлиги жыл сайын чоң иликтөө жасап, өз атуулдары кайсы өлкөгө барып, коопсуз эс ала аларын элге жарыялайт. Ал эми Түркиянын босогосун аттаган туристтер бул өлкөнүн атуулдарындай камкордукка алынат. Туристтердин жана эс алуучулардын коопсуздугуна башка өлкөлөрдө кандай кам көрүлөрүн кабарчыбыз Бактыгүл Чыныбаева иликтеген.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:07 0:00
Түз линк

Жайкы эс алуу маалында туристтерге көлгө түшүү ыкмалары, өздөрүн алып жүрүү эрежелерин эскерткен бир гана куткаруучулар. Бирок миңдеген эс алуучулардын коопсуздугун сактоо үчүн алардын аракеттери жетишсиз . Ал эми туроператорлор туристтер барчу жердин шарты, кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу гана маалымат берип, коопсуздук чаралары жөнүндө кеңири айтылбагандыктан түйшүктүн көбү куткаруучуларга түшөт. Көл жээгинде беш жылдан ашык кызмат кылып жаткан куткаруучу менен кабарчыбыз Самат Асипов маектешти.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:38 0:00
Түз линк

Экстремалдык туризмге жана альпинизмге ынтызар чет элдик туристтерди Баткен тоолору көбүрөөк кызыктырат жана келгендердин саны дагы көбөйө баштады. Ал гана эмес Геревшин тоолорунда акыркы эки жылда катары менен альпинисттердин альпиниадасы өттү. Тилекке каршы, ошол альпинисттер мелдешинде орусиялык үч жаран мерт болуп калды. Бул кырсык коопсуздук тобокелдиктери арбын экенин дагы бир жолу тастыктады. Ал биринчи кезекте атайын маршруттардын так эместиги, куткаруу, камсыздандыруу иштериндеги мамлекеттин укуктары менен милдеттериндеги өксүктөргө байланыштуу болууда. Баткенден кабарчыбыз Жеңиш Айдаровдун баянынан кененирээк.

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:11 0:00
Түз линк

Быйылкы туристтердин агымы Кыргызстанды жалгыз-жарымдап кыдырган чет элдиктердин катары өскөндүгүн тастыктоодо. Муну байкоочулар Кыргызстандын 60 күнгө чейин визасыз кирүүгө кырктан ашык өлкөгө уруксат бериши менен байланыштырууда. Ошол эле учурда туристтердин коопсуздугуна кам көрүүгө мамлекет толук кандуу маани бере элек. Ал эми чет элдик туристтер болсо көбүнчө жергиликтүү калктын меймандостугуна ишенишерин айтышат. Теманы Нарындагы кабарчыбыз Мирлан Кадыров улантат.

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:00 0:00
Түз линк


XS
SM
MD
LG