Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:09

Театр: Жан дүйнө ач калды


Көчө театры
Көчө театры

23-марттан тарта өлкөнүн ар тарабынан келген театрлар Курманжан датка тууралуу спектаклдерди коюшат.

Бул Эл аралык театр күнүн утурлай атайын жарыяланган жумалыктын чегинде өтүүдө. Жумалык “Тунгуч” театрында Султан Раев койгон “Ханышанын көз жашы” спектакли менен ачылды.

Сахналашкан бул чыгарма аркылуу “Алай ханышасы” атыккан Курманжан датканын тагдыр менен болгон күрөшүн, анын адамдык, энелик теңдешсиз эркин автор чыгарманын негизги өзөгү кылган.

Бүгүнкү күнү кыргыз театр өнөрү, жалпы маданият да кудум Курманжан датка шекилдүү тагдыр менен күрөшкөндөй болот, баамдаганга. Образдуу алганда, Курманжан датка чыгарманын соңунда тагдырдын оор соккуларын жеңет. Ал эми кыргыз театр өнөрү өз тагдырынын оор соккуларын жеңе алабы? “Туңгуч” театрынын жетекчиси Жамал Сейдакматова:

"Сынык асман" спектаклинен бир көрүнүш.
- Биз акча издегенди деле үйрөндүк. Өтө ашып кеткен сахна жасалгалары болбосо да азыркыга ыңгайлуу сахна жасалгаларын өзүбүз жасата алабыз. Жеке демөөрчүлөрдү издеп чет мамлекеттерге чыгабыз. Азыр негизги көйгөй көрүүчүнүн келбей жатканында. Бул мамлекеттик деңгээлде көтөрүлүп, бир маданий үгүт иштери жүрүш керек.

Жаш актриса Рыскүл Орозова:

- Театрга кызыккан жаштар аз деген туура эмес. Баарын акча менен чектеп коюш туура эмес. Акчаң жок кыйналганда кеткиң келет. Бирок чыгармачылыктын улуу бир күчү сени башка жактарга иштөөгө койо бербейт. Театрдан эч жакка кетким деле келбейт.

Тойгобу, же театргабы?


Бүгүн акча, байлык турмуштун кыймылдаткыч күчү катары сыпатталса, чыгармачыл инсандар үчүн чыгармачылык, жан дүйнө байлыгы эч нерсеге алмашкыс экенин биз жогорудагы маектерден түшүнгөндөй болдук. Ушундан улам театрга элдин келбей калышы, коомчулуктун маданиятка болгон кайдыгер мамилеси мүмкүн каражатта эмес, адамдардын жан дүйнө жардылыгындадыр? Бул суроого жооп алуу үчүн мамлекеттик кызматкерлерди кепке тарттык. Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова:

- Биз театрларга барып эле жүрөбүз.

"Азаттык":
Акыркы жолу барган спектаклиңиз кайсы?

- Буга жарым сааттан кийин жооп берейинчи.

“Мен арызданам” аттуу спектаклден бир көрүнүш
Ал эми Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Алтынай Өмүрбекова өмүрүндө эки гана жолу театрга барган:

- Эсимде, окуучулук кезимде бир театрга баргам, анан Орус драма театрына бир жолу барып спектаклдин бет ачарын көргөм. Кыргызча спектаклдерди өмүрү көргөн эмесмин. Азыр саясаттын өзү театр болуп кетпедиби. Өкмөт үйү, Жогорку Кеңеш деле театр, циркке айланды, башка театрларга барып кереги жок.

"Азаттык": Азыр аткаминерлер театрларга көп барабы же тойлоргобу?

Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы, мурдагы маданият министри Рыскелди Момбеков:

- Азыр шаан-шөкөттөрдөн көп көрөм. Театрларга деле барышпайт го.

Башта айткандай, учурда Эл аралык театр күнүнө утурлай, “Курманжан датка” жумалыгынын чегинде Ысык-Көл, Ош, Нарын жана Бишкектеги театрлардын айрымдары Курманжан датканын бейнесин ачкан спектаклдерди койот. Андан сырткары театр күнүнө карата башка оюндар күйөрмандарды күтөт.
XS
SM
MD
LG