Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:18

Майып балдарды көчүрүү чечими талаш жаратты


Таластагы майып балдарды Бишкекке жакын көчүрүү боюнча Социалдык өнүктүрүү министрлигинин чечими укук коргоочулардын арасында карама-каршылык жаратты.

Улгайган адамдардын укугун коргогон Help Age International уюмунун маалыматы боюнча, Талас облусунун Покровка айылындагы 50 майып баланы Cоциалдык өнүктүрүү боюнча министрлик Сокулуктагы карылар үйүнө, ал эми бул үйдүн тургундарын шарты кыйла начар Төмөнкү Серафимовка үй-интернатына көчүргөнү жатат.

Help Age International уюмунун Кыргызстандагы социалдык коргоо боюнча кеңешчиси Роза Раяпованын айтымында, Сокулуктагы карылардын мүдөөсү жана муктаждыктары эске алынбай укугу бузулууда.

- Бир жагынан бул жакшы – биз дагы балдар жөнүндө ойлонобуз, аларга жакшы болсун дейбиз, келечеги кең болсун деп тилейбиз. Экинчи жагынан, улгайган адамдардын укуктарын да коргош керек. Аларды бир жактан башка жакка жөн эле көчүрүп салган туура эмес деп ойлойбуз. Сокулуктагы карылар үйү шарты боюнча ыңгайлуу, ал эми Серафимовкадагы үй-интернаты жөнүндө жакшы эмес маалыматтарды көп угуп жатабыз.

"Таластагы майып балдардын Покровка үй-интернатын көчүрүүнүн ордуна анын шартын жакшыртып, тиешелүү адистер менен камсыз кылууну сунуштайбыз",- деп кошумчалады Роза Раяпова.

Бирок Жаштар укук коргоо тобу мамлекеттин бүгүнкү бюджетин эске алганда бул мүмкүн эмес дешет. Майып балдардын интернатына мониторинг менен барып келген топтун мүчөсү Ольга Коржова балдар тажрыйбалуу доктурлардын кароосуна муктаж экендигин белгилөөдө.

- Бул үй балдарды реабилитациялаш керек, бирок анын шартын эске алганда бул жерде эч кандай реабилитациялоо тууралуу сөз боло албайт. Биз былтыр ал жакта болгондо 53 бала бар болчу, бирок жыл ичинде төрт бала көз жумду. Албетте, мындай мекемелерде, тилекке каршы, бул боло берет. Бирок буга сапаттуу медициналык кароонун жоктугу да өз таасирин тийгизет деген ойдобуз.

Бул маселеге арналган жыйында Социалдык өнүктүрүү министрлиги балдарды Бишкекке жакын жерге көчүрүүнү чечти. Бул чечимди ЮНИСЕФ жана балдардын укугун коргогон башка бейөкмөт уюмдар колдоого алды.

Бирок балдар каякка көчүрүлөрү тууралуу маселе толук чечиле элек, дейт министрликтин социалдык тейлөө бөлүмүнүн башчысы Нурдөөлөт Базарбаев:

- Балдарды Сокулукка көчүрсөк, ал таасирин берет. Анткени Сокулуктагы карылар үйүндө 70 эле киши жашайт, Төмөнкү Серафимовкада 300 адам, ал 500гө ылайыкталган. Мындай алганда, Серафимовка Сокулукка караганда жакшы жер. Тоо түбүндө жайгашкан курорттук аймак. 70 адамды ал жакка алып барып койгондон мен эч кандай маселе көрбөйм. Бейөкмөт уюмдар азыр бул маселени саясатташтырып жатышыптыр, Сокулуктагыларды көчүрүп жатат деп. Бул вариантты мен уга элекмин, бирок болуп калышы мүмкүн.

Ошол эле учурда карылардын да, балдардын да укуктарын коргогон бейөкмөт уюмдар бул маселе боюнча социалдык өнүктүрүү министрлиги бардык тарап менен жолугуп, ар тараптуу талкуулап, бардык тараптын ой-пикирин жана таламдарын эске алып орток чечим кабыл алышы керек деген пикирде.
XS
SM
MD
LG