Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:41

Кыргызстан ЖККУ ортомчулугунан баш тартпайт


ЖККУ баш катчысы Николай Бордюжа президент Алмазбек Атамбаев менен учурашууда. Бишкек, 29-январь, 2014.
ЖККУ баш катчысы Николай Бордюжа президент Алмазбек Атамбаев менен учурашууда. Бишкек, 29-январь, 2014.

Бишкекке келген ЖККУ баш катчысы өлкө башчысы менен чек ара маселелерин талкуулады. Бир күн мурда ал Дүйшөмбүдө Тажикстандын жетекчилиги менен жолуккан.

Расмий маалыматтар боюнча, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун баш катчысы Николай Бордюжанын Бишкекке сапары Ооганстандагы кырдаал жана аймактагы коопсуздук маселелерине арналды.

ЖККУ кыргыз-тажик мамилесине кийлигишеби?

ЖККУ баш катчысы бул сапарынын алкагында президент Алмазбек Атамбаев менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшү тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынын өкүлү Болот Жумабаев “Азаттыкка” төмөнкүлөрдү билдирди:

- Алмазбек Атамбаев менен Николай Бордюжанын жолугушуусунун жүрүшүндө ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн кызматташтыгына байланыштуу жана Ооганстандагы кырдаалды эске алуу менен аймактагы коопсуздукту чыңдоо, туруктуулукту камсыз кылуу маселелери талкууланды. Ошондой эле ЖККУга мүчө мамлекеттердин танапташ чек араларындагы кызматташуу маселелери тууралуу да сөз болду.

Николай Бордюжа Бишкекке сапарынын алдында Дүйшөмбү шаарында тажик жетекчилиги менен жолуккан эле. ЖККУнун баш катчысынын бул сапарлары кыргыз-тажик чек арасындагы 11-январдагы куралдуу чатактан кийин мамилеси чыңалган учурга туш келди. Мындан улам бир катар эксперттер Бордюжанын сапары расмий Бишкек менен Дүйшөмбүнүн мамилесин жакшыртуу максатын көздөйт деген пикирлерин билдиришүүдө.

Кыргызстандын коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри Токон Мамытов Бордюжанын сапары кыргыз-тажик чатагына тиешеси жок экенин билдиргени менен расмий Бишкек ЖККУ ортомчулукту сунуштаса, аны четке какпай турганын белгиледи:

- Чатак эки мамлекетке тиешелүү. Ошондуктан Кыргызстан менен Тажикстан кеңешип чечиши зарыл. Андай аракеттер болуп жатат. Бирок ЖККУ мамилени оңдоого ортомчу болобуз десе, биз каршы эмеспиз. Мындайга ар бир эле эл аралык уюмдун келип абалды сураганга укугу бар. Биз андан баш тартпайбыз.

Майнапсыз жолугушуулар

Антсе да бир катар эксперттер эки өлкөнүн ортосундагы чырды жөнгө салууга ЖККУнун кийлигишүүсүн жөнсүз деп эсептейт. Маселен, Кыргызстандын Тажикстандагы мурдагы элчиси Мирослав Ниязов чек арадагы жаңжалды ортомчусуз эле чечүүгө болот деген пикирде:

- Азырынча Кыргызстан менен Тажикстандын жаңжалы ЖККУ болобу, же башка уюм болобу - үчүнчү тараптын кийлигишүүсүнө жете элек. Үчүнчү тарап кийлигишсе эки өлкө үчүн тең кадыр-барк алып келбейт. Андан көрө эки өлкөнүн президенттери саясий эркин көрсөтүп, жолугуп маселеге чекит коюуга мүмкүнчүлүк бар.

Ал эми саясий эксперт Марс Сариев учурда маселени чечүүдө ЖККУнун ортомчулугу зарыл болуп турат деп санайт. Антпесе эки өлкөнүн өкүлдөрү ортосундагы сүйлөшүүлөр жыйынтык бербей, маселе күндөн-күнгө тереңдеп бараткандай:

- Негизи маселени эки өлкө өз ара чечкени жакшы болмок. Бирок эки тарап өз сөзүнөн кайтпай эле маселе тереңдеп жатпайбы. Ошондуктан ЖККУнун консультант катары кошулганы жакшы болгону турат. Болбосо эки өлкөнүн сүйлөшүүсү туңгуюкка кептелип калды окшойт. Мындан кайсы бир үчүнчү күчтөр да пайдаланып кетеби деген коркунуч жарала баштады.

Чындыгында эле кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуу боюнча эки тараптын сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыкпай жатат. Кезектеги сүйлөшүү бүгүн Тажикстандын Исфара шаарында өттү. Чек ара кызматынын билдиришкендей, жолугушууга кыргыз тараптан Чек ара кызматынын башкы штабынын башчысы Искендер Мамбеталиев жана өкмөттүн коргонуу жанаа коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Алик Мамыркулов, тажик тараптан президенттин коопсуздук боюнча жардамчысы Шерали Хайруллоев менен Чек ара аскерлеринин башчысы Ражабали Рахмонали катышты.

Чек ара кызматынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн өкүлү Сажира Чоколоева жолугушуунун жыйынтыгы али белгисиз экенин билдирди:

- Жолугушуу чек арадагы чатактан соңку абалды жөнгө салууну көздөдү. Эки тарап өз сунуштарын айтты. Жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу маалыматтар кийинчерээк дайын болмокчу.

Баткенде тажик айылдарын айланып өтчү жолду курууга байланыштуу 11-январда кыргыз-тажик чек арачылары ортосунда куралдуу кагылыш чыккан. Анда кыргыз тараптан алты, ал эми тажик тараптан эки чек арачы жарадар болгон. Андан бери да эки өлкө ортосундагы сүйлөшүүлөр өтүп, бирок эки тарап чек арадагы чырга бири-бирин айыптап келет. Бул окуядан соң Бишкек Дүйшөмбүдөгү элчисин кеңешүү үчүн чакырып алган эле.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG