Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:15

"Сирияга жөнөгөндөр терең жаңылууда"


Сирияга согушка барган казакстандыктар. (Youtube сайтынан алынган бул сүрөт качан тартылганы белгисиз).
Сирияга согушка барган казакстандыктар. (Youtube сайтынан алынган бул сүрөт качан тартылганы белгисиз).

46 жаштагы сириялык Жамал Мухаммад бир жыл мурда үй-бүлөсү менен Кыргызстандан качкын макамын алган.

Ал качкын макамын алууга 2012-жылы Кыргызстанга Сириядан качып келгенде арыз берген. Жамал Мухаммаддын жети баласы бар, улуу эки кызы чоң энеси менен бирге учурда Египетте жашайт. Жамал Мухаммад калган балдары жана жубайы менен 3 жылдан бери Кыргызстанда күн көрүп келүүдө. Анын Кыргызстандан качкын макамын алуусуна буга чейин бул жерде ишкерлик кылып жүргөнү себеп болгон. Жамал Мухаммад Сирия, куралдуу жихад, андагы согушкан тараптар жана Кыргызстан жөнүндөгү суроолорго жооп берди. Кыргызстан жалпысы 25 сириялык атуулга жарандык берген.

Сириялык качкындын баяны
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:35 0:00
Түз линк

“Азаттык”: Сирияда жарандык согуш жүрүп жатканына 4 жылдын жүзү болду. Адамдардын согушка көз карашы кандай? Эмне үчүн согушуп жатат?

Мухаммад Жамал: Биз, карапайым эл бул согушту каалабайбыз. Биз мурда Сирияда абдан бакубат турчубуз. Менин өзүмдүн чоң үйүм, 40 адамды иштеткен цехим бар болчу. Эки машинабыз болгон, акчабыз жетиштүү эле. Анын баары күйүп кетти. Биз баарыбыз бул согушту каалабайбыз. Андан канча деген бейкүнөө адамдар өлдү. Канча деген адамдар жакырланып калды. Ушул керек беле? Айрымдар бийлик туура эмес кылды деп айтышат, башкалар эл туура эмес кылды дешет. Бирок бул согуштан акыр аягында эч ким утпайт. Ошондуктан акылы бар адам бул согушту каалабайт. Сирияда менин колумда 40 адам иштечү. Азыр болсо мен Кыргызстанда башка бирөөнүн колунда иштеп жатам. Кайсынысы жакшы?..

"Азаттык": Сирияга кайтып баруу оюңузда барбы? Качандыр бир кезде Сирияга кайра барам деп ишенисизби?

Мухаммад Жамал: Дүйнөдө ким гана болбосун өз жерин сүйөт, бул табияттан ушундай. Мен өзүм, ата-энем туулган жеримди абдан жакшы көрөм. Эгерде үй-бүлөм болбогондо, мен Сирияда эле калмакмын. Мен өлүмдөн коркпойм. Бирок анда балдарым кайда жашайт, аларды ким карайт, ким жардам берет?

“Азаттык”: Үч жылдан бери үй-бүлөңүз менен бул жерде жашап жатыптырсыз. Кыргызстан жөнүндө эмне айта аласыз?

Мухаммад Жамал: Азыр эми абалыбыз бир аз жакшы. Бул жерде, Кыргызстанда адамдар абдан ак көңүл, боорукер. Алар бизге мусулман катары жардам берип жатышат. Биз Кыргызстанда жашап жаткандан кийин бул жерди да сыйлап, урматтоого милдеттүүбүз. Анткени Кыргызстан бизди кабыл алды.

“Азаттык”: Балким сиз да уккандырсыз, Кыргызстандан жаштар Сирияга Башар Асадга каршы согушка кетип жатат. Алар муну жихадга бара жатабыз деп түшүндүрүүдө?

Мухаммад Жамал: Бул абдан чоң проблема. Балким алар жакшы адамдар, бирок аларды жихадга деп үйрөтүп жаткандар коркунучтуу. Мисалы биздин Сириянын өзүндө элдин саны абдан көп, 23 миллион калк бар. Бизге сырттан согушуу үчүн адамдардын кереги жок. Тескерисинче, проблеманын баары Сирияга согушам деп келген адамдардан чыгып жатат. Алар Ооганстандан, Орусиядан, Европадан, Америкадан келгендер. Алар бизге жардам бергендин ордуна, тескерисинче кырдаалды курчутуп жатат. Албетте Сирияга жакшы ниет менен келгендер да бар дечи, бирок алар чыныгы абалды түшүнүшпөйт. Сирияга согушка чакыргандарга бейишти убада кылып жатышабы? Бирок бул туура эмес. Сирияга барып жаткандар тууралуу укканда жүрөгүм ооруйт.

“Азаттык”: Жаш балдар гана эмес, кыздар да кетип жатканы боюнча маалыматтар бар. Мисалы, Сирияга Кыргызстандан кыздардын да кетип жатканы айтылып жатат?

Мухаммад Жамал: Алар терең жаңылышат. Бул деген жихад эмес. Сирияда бардык жерде намаз окуса, орозо кармаса болот. Ал үчүн эч ким тоскоолдук кылган эмес. Дүйнөдө төгөрөгү төп келген мамлекет жок. Бардык мамлекетте катачылык болот. Бирок пайда болгон маселелерди ийри отуруп, талкуулап, диалог менен чечүү керек. Эч убакта автомат жана согуш менен эмес. Мисалы, Сирияга сырттан адамдар барып, атышып баштаганда согуш андан да күчөп кетти. Мен Сириядан эмне үчүн качтым? Адамдар бири-бирин атып баштаганда качууга мажбур болдум. Эгер атышкандар жок болгондо биз тынч жашай бермекпиз. Мисалы менин үйүмдү ким атты? Президентке каршылар аттыбы, же президент тараптагылар аттыбы, мен билбейм.

“Азаттык”: Жихадды сиз кандай деп түшүнөсүз? Сирияда чындыгында эле жихад согушу болуп жатабы?

Мухаммад Жамал: Жихад деген башка бир мамлекет сенин жеринди тартып алайын деп басып кирсе, ошого каршы согушсаң, мына ушул жихад болуп саналат. Төрт жыл мурда Кыргызстанда да революция болгон. Мен анда Кыргызстанда элем, ал окуяларды өз көзүм менен көргөм. Эгер эл өз президентине каршы чыкса, ал жихад эмес. Бул деген болгону элдин нааразычылыгы. Мындай нерсе дүйнөнүн бардык жеринде болот. Кыргызстанда бийликте турганы да, ага каршы чыкканы да кыргыздар болгон. Сирияда деле ушундай. Бул деген жихад эмес.

Айталык, экинчи дүйнөлүк согушта Гитлер башында турган Германия Советтер Cоюзуна кол салган. Ал согушта канча деген адамдар каза тапкан. Мына ошондо мекенин коргоп согушкандардын аракетин жихад деп айтса болот. Мисалы Сирияда бири-бирине каршы чыгып жаткан эки тараптагылар тең сириялыктар өздөрү. Анан ушул кантип жихад болсун. Сириянын армиясын кимдер түзөт? Албетте, өзүбүздүн эле сириялык балдар. Эки тарап тең сириялык, эки тарап тең араптар. Акыркы кезде болсо эми атайылап, суннит-шийит деген бөлүнүүнү чыгарышууда. Бирок баары бир кандай гана болбосун, алар да адам, Алар да Кудайга ишенет. Башкача айтканда, айрым күчтөр акча, бийлик үчүн адамдарды алдап жатышат.

P.S. Маектешибиз видеого тартууну, жада калса сүрөткө түшүүнү каалаган жок.

XS
SM
MD
LG