Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:35

Сүлүктүдөгү шахтада үч кенчи өлдү


Баткендеги көмүр шахтасы. Сүрөт архивден алынды
Баткендеги көмүр шахтасы. Сүрөт архивден алынды

Сүлүктүдө "Матазим" көмүр шахтасында беш кенчи газга ууланып, үчөө каза болду. Аман калган эки шахтер жергиликтүү ооруканада дарыланууда. Кырсык болгон жеке менчик кен былтыр ачылган.

Кырсык болгондо кенчилер куткаруу кызматтарына ошол замат кабар берген эмес. Себеби Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сүлүктү шаарындагы тоо-кен кырсыктарынан куткаруу тобу менен шахта жетекчилигинин ортосунда буга чейин келишим түзүлбөгөнүн айтат Сүлүктү тоо-кен кырсыктарынан куткаруу взводунун башчысы Эркин Алибеков.

- Келишим боюнча шахта менен биздин ортобузда кырсыктардан куткаруу планы түзүлүш керек болчу. Ошонун негизинде кайсы забой канча метрде, кайсы жерде суу бар, кайсы жерде өрт өчүргүч туруш керек - мунун баары көрсөтүлүш керек. Бирок алар биз менен келишим түзгөн эмес. Келишим түзүлбөсө да шахтада адам калса биз барышыбыз керек. Тилеке каршы алар бизди чакырбастан өздөрү алып чыгышкан.

Көмүр шахталардын бири
Көмүр шахталардын бири

Кырсык болгон “Матазим” шахтасынын казуу ийиндери 130 метр тереңдикке чукул төмөн түшөт. Газ атайын желдеткичи жок колтукка топтолуп калган. Беш кенчи эс алуудан соң шахтага түшкөндө көз азып жумганча үчөө газга тумчугуп калат. Артта келаткан эки адам сойлоп отуруп жер алдына чыгышкан. 24-25 жаштардагы ага-ини Сангиновдордун кенде иштегенине үч күн эле болгон.

Алардын тууганы Кувват эки иниси ооруканага эс-учун жоготкон абалда жеткирилгенин, учурда бирөө өзүнө келбей жатканын айтты.

Сүлүктү шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Алмамат Халжигитов өзүнө келбей жаткан кенчинин абалы оор болгонун айтты.

Учурда Сүлүктү шаарынын аймагында 24 көмүр казуучу шахта иштейт. Булардан сырткары жаңыдан ачылып, бирок көмүр алына электерин кошкондо саны кырктан ашып түшөт.

Шахталарда көбүнчө тажрыйбасы жок адамдар жана балдар иштейт
Шахталарда көбүнчө тажрыйбасы жок адамдар жана балдар иштейт

Сүлүктү шаарынын мэри Абдузакир Ибрагимов кырсык техникалык копсуздукту сактабагандыктан жана кенде тажрыйбасыз адамдар иштегенинен улам болгонун айтат.

- Көмүр ала баштаганда газ чыгышы мүмкүн. Бул учурда нөөмөт алмашканда забойду желдетиш керек эле. Булар анткен эмес. Ошол абанын курамына газ кошулуп кетип проценти азайып, адамдын өмүрүнө зыяны болбош керек эле. Ошол каралган эмес. Нөөмөт алмашкан учурда участоктун башчысы, башкы инженер техникалык коопсуздук боюнча түшүндүрмө берип, ар бир шахтер кол коюп, анан шахтага түшөт.

Кырсыкка кабылган беш кенчи Лейлек районунун Андарак айылынын тургундары. Каза болгон кенчилердин үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүү тууралуу азырынча сөз боло элек.

Тогуз айда Сүлүктү көмүр шахталарында соңку кырсыкты кошо эсептегенде жети адам каза болгон.

Сүлүктүдө үч адам шахтадагы газга ууланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:47 0:00

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG