Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:52

Раатбек Санатбаев Эл баатыры наамына сунушталды


Раатбек Санатбаев жана Кабыл Макеш
Раатбек Санатбаев жана Кабыл Макеш

Азиянын эки жолку чемпиону, маркум Р.Санатбаевке Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы ыйгарылат. Бул боюнча парламенттин токтомунун долбоору кабыл алынып, президентке сунушталды.

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камчыбек Ташиев тарабынан демилгеленип көтөрүлгөн Раатбек Санатбаевге Кыргыз Республикасынын Баатыры деген эң жогорку наамды, "Ак-Шумкар" өзгөчө белгисин ыйгаруу сунушун "Ар-намыс" фракциясы да колдоду.

Демилге ээси, Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Ташиев “Азаттыкка” буларды айтты:

- Даңазалуу балбан Раатбек Санатбаевге өз убагында татыктуу наам берилбегендиктен бул маселе көтөрүлүп жатат. Себеби ал грек-рим күрөшүнө өз салымын кошуп, эмгеги көп болгон. Бул демилгени бардык фракциялар колдошту.

Раатбек Санатбаев спорт менен 22 жыл машыгып, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан балбан эле. Грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону болуп, Азия оюндарында эки ирет күмүш байге уткан. Дүйнө чемпионатында коло медаль тагынган. Ал Атланта жана Сидней олимпиадаларында өлкөнүн намысын коргогон.

Чоң спорттон кеткенден бери өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун директорунун орун басары болуу менен бирге ишкерчилик кылып, бизнесте да алектенип келаткан.

Спорт коомчулугу 2006-жылы Раатбек Санатбаевди Улуттук олимпиада комитетинин жыйынында бул уюмдун мүчөлүгүнө көрсөтүп, жетекчи органына сунуштап жатышкан. Эгерде Улуттук олимпиада комитетине президенттикке талапкерлигин койсо, спорт коомчулугу колдоп кетмек, ошондуктан анын жашоосуна айрым атаандаштары кыянатчылык кылды деген пикирлер да айтылып келет.

Жаштарга үлгү

Көзү тирүү кезинде Раатбек Санатбаев менен көп ирет кездешип, спорт тууралуу далай маек курчу элек. Бир ирет Санатбаев кыргыз спортун көтөрүү үчүн элет спортуна көңүл буруу керектигин айтып берген эле:

- Биринчи кезекте айыл спортуна, элеттик жаштарга өзгөчө көңүл буруп, атайын программа кабыл алып, район, шаар жана айыл өкмөт башчыларын милдеттендирип койсо, кыргыз спортунун тамыры, келечеги айылда. Таланттуу жаштардын багы ачылбай келүүдө. Дене тарбия, спорт тууралуу мыйзам да чийки. Ага толуктоолорду киргизүү керек.

Раатбек Санатбаев менен үзөңгүлөш болуп жыйырма жыл бирге иштеп, бирге күрөшкөн өлкөнүн грек-рим күрөшү боюнча башкы машыктыруучусу Эмил Алыкулов кеч болсо да парламенттин ага Кыргыз эл баатыры наамын берүү сунушун кубаттады.

- Өлкөнү дүйнөгө тааныткан Раатбектин кыргыз спортуна кошкон салымы зор эле. Ал түгүл Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет Азия чемпионатында эки жолу алтын байге утуп алган. Ошондой эле 1994-жылы Хиросимада өткөн Азия оюндарында өлкөнүн тарыхында биринчи болуп күмүш байгелүү утуп, Кыргыз туусу обого көтөрүлүшүнө Раатбек чоң үлүш кошкон. Жаштарга аны ар дайым үлгү катары айтып келем. Кеч болсо да парламент туура чечим кабыл алды.

Спорт адиси Касымкул Оболбеков Раатбекти жогору баалаганын айтып, көзү өткөндө эле эмгегин баалай бербей, көзү тирүүсүндө деле олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевге да Кыргыз эл баатыры наамын берүү керектигин айтты.

- Даңазалуу балбан, бийик адамгерчиликтүү Раатбек Санатбаев бардык спортчуларга үлгү, кыргыз спортунун сыймыгы эле, биз аны көзү тирүүсүндө барктай да, сактай да албадык. Раатбектин атын спорт мектептерге, көчөлөргө ыйгарып, ысымын түбөлүккө калтырганы менен арабызда жоктугу өкүндүрөт. Баатырларга көзү өткөндө гана наам бербестен, көзү тирүүсүндө деле дүйнөнүн 4 жолку жана олимпиаданын чемпиону Каныбек Осмоналиевге, көзү өтсө да олимпиаданын коло байге ээси Сатымкул Жуманазаровго деле Кыргыз эл баатыры наамын берүү керек.

Раатбектин жесири Сайра Санатбаеванын айтымында, Раатбектин эмгеги баалаганына уулдары, кызы жана бир туугандары кубанып жатканын “Азаттыкка” билдирди.

- Өтө өкүнүчтүүсү - Раатбектин арабызда жоктугу. Уулдары, кызы абдан сагынып, куса болушат. Уулу Бексултан атасынын жолун жолдоп, грек-рим күрөшү менен машыгып жүрөт. Раатбектин эмгеги кеч болсо да бааланып, Кыргыз эл баатыры наамына депутаттар сунуштаганына биз да кубанып жатабыз.

Раатбек Санатбаевдин ысымы өзү билим алган Жалал-Абаддагы мектебине жана ушул шаардагы спорт мектебине да ыйгарылды.
Ошондой эле Бишкектеги Чыгыш-5 кичи аймагындагы спорт борборуна аты берилип, анын алдына эстелиги орнотулду.

Текке кетпеген өмүр

Раатбек Санатбаевдин сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнгө коюлган. Апасы Дилбара, жубайы Сайра, уулдары Бексултан, Даулет, кызы Азема жана бир туугандары Орунбек, Бакыт жана башкарлар Раатбекти эскерип ар жылы эл аралык мелдеш өткөрүп жүрүшөт.

Белгилүү балбан Раатбек 1969-жылы 7-майда Жалал-Абад шаарында туулган. Бабалары "Каман алп" аталып, балбандыгы менен даңазаланган.

Раатбек Бишкектеги олимпиадалык резерв окуу жайынан, Кыргыз дене тарбия институтунан жана кыргыз-орус Славян университетинен билим алган.

Спорт менен 20 жылдан ашуун убакыт машыгып, Кыргызстанды дүйнөгө, Азияга тааныткан. Грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону болуп, Хиросима жана Бангкок шаарларында өткөн Азия оюндарында эки ирет финалга чейин жетип, күмүш байге уткан. Кыргызстандын көп жолку чемпиону аталып, 7 жолу жылдын мыкты балбаны катары сыйланган.

Грек-рим күрөшүнөн Кыргызстанга алгач ирет дүйнө чемпионатында коло байге утуп келген. Ал Атланта жана Сидней олимпиадаларында өлкөнүн намысын коргоп, олимпиаданын ачылыш салтанаттарында Кыргыз туусун көтөрүп, команданы баштап чыккан.

13 ирет эл аралык Гран-при мелдештеринде жеңишке жетишкен.

Спорттогу ийгиликтери "Даңк" медалы, Улуттук олимпиада комитетинин ордени жана Казакстандын "Кайсар" медалы менен бааланган.
XS
SM
MD
LG