Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:14

Кашкараев тайбокс боюнча дүйнө чемпиону


Кыргызстандык самбо спорт чебери Абдыназар Купуев Москвада өткөн мелдеште коло байге утуп алды.
Кыргызстандык самбо спорт чебери Абдыназар Купуев Москвада өткөн мелдеште коло байге утуп алды.

31-мартта Кант шаарында эр-азаматтар арасында волейболдон Жогорку лиганын таймаштары башталды. Таиланддан кыргызстандык Данияр Кашкараев тай бокс боюнча дүйнө чемпиону болуп келди.

Кыргызстандык спортчу Данияр Кашкараев тайбокс боюнча дүйнө чемпионатында алтын медал утуп келди. Бул жеңиши тууралуу «Азаттыкка» Данияр Кашкараев өзү кабарлап, мындай деди:

- Таймаш Таиланддын Паттай жарым аралында өттү. Кесипкөйлөр арасында 3 ирет таймашка түшүп, Кипр менен Португалия өкүлдөрүн жеңип, финалга чыктым. Ал эми баш байге үчүн беттеште орусиялык спортчу менен кармашып, алтын медалга ээ болуп, Кыргызстандын намысын коргоп келдим.

Данияр Кашкараев спорт ышкыбоздору арасында таймашка да түшүп, үч беттешүү өткөрдү. Гонконг, Болгария спортчулары менен таймашта жеңишке жетип, финалга чыкты. Дүйнө чемпиондугу үчүн чечүүчү беттеште бразилиялык тайбоксчуга утулуп, күмүш медалга ээ болду.

Кыргызстандан дүйнө чемпионатына барган Айвар Асланов финалга чейин жетип, күмүш байгелүү болсо, Жаныбек Бейшебек уулу коло медал тагынды.

Самбо: дүйнө кубогунда коло байге

Кыргызстандык самбо спорт чебери Абдыназар Купуев Москвада өткөн "Мемориал Харлампиева" Дүйнө кубогунун этаптык мелдешинен коло байге утуп келди. Бул тууралуу «Азаттыкка» самбо күрөш федерациясынын президенти Нурлан Токоноев кабарлады.

Абдыназар Купуев 74 килограмм салмактагы балбандар менен күч сынап, жоокердик самбо түрүндө үчүнчү орунду камсыз кылды. Ал Алматыда өткөн дүйнө кубогунун этаптык мелдешинде баш байге утуп алган. Купуевден тышкары кыргызстандык жигиттер Кубанычбек Туратбек уулу, Айылчы Султаналы уулу жана Арстан Камилов бешинчи орунга илинди.

Бильярд: Бишкектин биринчилиги

31-мартта Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы спорт сарайында «куралма пирамида» ыкмасы менен бильярд боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионатынын жарым финалдык беттешүүлөрү өтүүдө. 4 күндүк мелдешке өлкө аймагынан тандалган эки жүздөй спортчу катышууда. Ким жарым финалда ойноп жатканын мелдештин калысы, спорт чебери Ильяс Адамов айтып берди:

- Биринчи жарым финалда дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Канат Сыдыков менен жаш спорт чебери Кайрат Абдысатаров беттешүүдө. Экинчи жарым финалда өлкө чемпиону Ызатбек Ратбеков менен Дастан Лепшаков күч сынашууда. Бул мелдеште Балыкчы шаарынан келген 11 жаштагы Ислам Мирбек уулу айырмаланып, келечекте Каныбек Сагынбаев сыяктуу мыкты оюнчу болоорун далилдеп, адистердин көңүлүн бурду.

Волейбол: Жогорку лига таймаштары

31-мартта Кант шаарында эр-азаматтар арасында волейбол боюнча өлкө чемпионатынын Жогорку лигадагы экинчи тур таймаштары башталды. Мында өлкө аймагынан тандалган 10 команда мөрөй талашууда. Бул мелдеш тууралуу “Азаттыкка” федерациянын вице-президенти Жеңиш Кызалаков маалымдады. Биринчи тур мелдештери февралда Ош шаарында өткөн. Канттагы мелдештин жеңүүчүлөрү 6-апрелде аныкталат.

Футбол: ТОП-лига

Өткөн ишемби, жекшемби күндөрү ТОП-лига командаларынын арасында футбол боюнча Кыргызстандын чемпионатынын 3-айлампасынын беттешүүлөрү өттү. Бул тууралуу «Азаттыкка» Футбол федерациясынын жооптуу кызматкери Канат Асенов билдирди.

Федерациянын Футбол борборунун стадионунда Бишкектин «Алга» жана Ош облусунун Куршаб айылынын «Алдиер» командалары беттешип, жыйынтыгында 6:0 эсебинде “Алга” клубу утту. Бишкек шаарынын «Манас» командасын «Дордой» клубу 5:0 эсебинде утуп, бул алардын быйылкы ТОП-лигадагы алгачкы жеңиши болду. Кант шаарында «Абдыш-Ата» клубу Кочкор-Ата шаарынын «Нефтчи» командасын кабыл алып, бул оюн 3:0 эсебинде канттык футболчулардын пайдасына чечилди.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG