Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:32

"Өрүкзар" кубогу өрүшүн кеңейтет


"Өрүкзар" кубогу үчүн ат салышып жаткан командалар. Бишкек, 23-март, 2014.
"Өрүкзар" кубогу үчүн ат салышып жаткан командалар. Бишкек, 23-март, 2014.

23-мартта Бишкекте «Өрүкзар-2014» кубогу үчүн кичи-футбол мелдеши жыйынтыкталды.

«Өрүкзар» кубогу үчүн мелдешке негизинен Баткен районунун жаштары жана ардагерлеринин 34 командасы катышты. Ага катышуу үчүн Бишкекке Тажикстандын Баткенге чектеш Исфара районундагы Матпари кыргыз айылынан 2 команда, Баткен районунун 9 айылынан жаш футболчулар келди. Ошондой эле мелдешке Бишкектеги мекемелерде иштеп жүргөн кызматкерлердин, жогорку окуу жайларда окуп жаткан баткендик студенттердин командалары катышты.

"Өрүкзар" деп аталган бул мелдеш Бишкекте биринчи жолу уюштурулуп жатат.
Мелдешти уюштуруучулардын бири, “Мекеним - Баткен” коомдук бирикмесинин төргасы Нурсултан Калилов мелдеш өлкө борборунан эң алыста турган жана жаз келгени чыр-чатак күчөп кетчү чек аралаш аймактын жаштарына жакшы маанай тартуулап, алардын спортко болгон мамилесин арттыруу максатында уюштурулуп жатканын айтат:

- Жазды жагымсыз окуялар менен эмес, спорт, ынтымак, жарык маанай менен тосуп алууну чечтик.

Мелдештин демилгечилеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Кочкоров мындан ары мелдешти бир эле аймак менен чектебей, анын масштабын кеңейтүү максаты турганын билдирди:

- Иш-чара жаштарды сергек жашоого үндөө, биримдикке, ынтымакка чакыруу менен чек арага чектеш жашаган жаштардын духун көтөрүү максатында уюштурулду. Кырк жаштан өткөн жигиттерден “Ардагер” командасын түзүп, жаштардан калышпай ойноп жатабыз. Эми жыл сайын уюштуруп, эмки жылы ачык турнир кылып, бардык облустардын мыкты командалары катышкандай шарт тузөбүз.

Биринчи жолу уюшулган мелдешке катышууну каалагандар көп болгондуктан, оюн азырынча Баткен районунун командалары менен гана чектелди.

- Мындай мелдеш мурда өткөн эмес. Абдан кубанып, колдоого алып турабыз. Ички иштер тармагында кызмат кылган баткендик жигиттерден атайын команда түзүп, демилгени колдоп, мелдешке катышып жатабыз. Кийинки жылдары “Өрүкзар” кубогу райондук, облустук деңгээлде өтүп, мыктылары республикалык турнирде күч сынашса атаандаштык курч болчудай, - деген тилегин билдирди Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери Марип Тулев.

Эки күндүк мелдештин жыйынтыгында 34 команданын мыктылары иргелип, баш байгени Самаркандек айылынын командасы жеңип алды. Ушул эле айылдын студент жаштарынын “Самаркандек сити” командасы экинчи орунду ээледи. Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Кочкоров өзү баштап ойногон “Ардагерлер” командасы үчүнчү орунду камсыз кылды.

Мелдеш соңунда жеңүүчү деп табылган курама командаларга акчалай сыйлыктар тапшырылды. Таймаштын ардактуу меймандары: коомдук ишмер Мамат Айбалаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Ташполот Балтабаев, Карамат Орозова жаштарды ынтымакка чакырып, футболчуларды сүрөөнгө алып турушту.

Эки күндүк кичи-футбол мелдеши Иса Ахунбаев атындагы Медициналык академиянын кичи футбол талаасында өтүп, достук маанай тартуулады.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG