Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:49

Шахмат чеберлери сыйланат


1-декабрда Москвада бильярд боюнча Кремль кубогу жыйынтыкталды. 2-декабрда Бишкекте шахмат турнири башталды.

Кыргызстан-Борбор Азияда биринчи

2-декабрда кыргызстандык жигиттер Тажикстандан жеңиш менен келди. Дүйшөмбү шаарында өткөн эрежесиз кармашып урушуу боюнча эл аралык турнирде кыргыз мушкерлери 3 алтын, 1 күмүш жана 4 коло байге утуп алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” башкы устаты Бообек Тотошев маалымдады.

- Туратбек Сулайманкул уулу, Адилет Сейтек уулу жана Эрлан Рыспек уулу биринчи орунду камсыз кылып, алтын медал тагынды. Борбор Азия өлкөлөрүнөн Кыргызстан командалык биринчи орунду ээледи.

Дзюдо: Алматынын алтын, күмүшү

2-декабрда кыргызстандык дзюдочулар Казакстандан олжолуу келди. 1-декабрда Алматыда өткөн эл аралык турнирде Арген Бакытбек уулу баш байгенин ээси болду. Азат Шакиров –экинчи, Агабек Гаджиев –үчүнчү орундарды ээледи. Мында 18-19 жаштагы уландар күч сынашты. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын жооптуу катчысы Назира Мамырбаева билдирди.

Каныбек Сагынбаев дале табында

2-декабрда кыргызстандык бильярдчы Каныбек Сагынбаев “Кремль кубогунда” коло байге утуп келди. Жылда уюштурулчу мелдеш Москвадагы Олимпиада залында өттү.

Дүйнөнүн үч жолку Каныбек Сагынбаев жарым финалда украиналык бильярдчыга жеңилип, үчүнчү орунга илинди. Сагынбаев өткөн жылы ушул мелдеште экинчи орунду ээлеген. Мындай маалыматты “Азаттыкка” спорт чебери Ильяс Адамов кабарлады.
Бильярд боюнча "Кремл кубогуна" быйыл 14 мамлекеттен 318 оюнчу катышты.

Снукер: Бишкек чемпионатынын жеңүүчүлөрү

1-декабрда Бишкекте бильярддын снукер түрү боюнча шаардын ачык чемпионаты соңуна чыкты. Мелдеште Кыргызстан, Иран, Ооганстан, Түркия өлкөлөрүнүн тандалган 24 спорт чебери мөрөй талашты. Жыйынтыгында 1-орунду эл аралык спорт чебери Кубанычбек Сагындыков жеңип алды. 2-орунду 14 жаштагы Мухаммед Каримберди уулу, ал эми 3-орунду Санжар Тукешов менен Калыс Камчыбек уулу ээлешти.

Бишкек шаардык спорт комитети жана снукер федерация биргеликте уюштурган бул чемпионат Бишкекте экинчи жолу өттү.

Теннис: Ксения Палкина Азияда таанылды

Таиланддын борбору Бангкокто теннис боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды. Мында жуп болуп ойноодо кыргызстандык Ксения Палкина менен өзбекстандык Нигина Абдураимова коло байгелүү болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дене тарбия, спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев маалымдады. Алар таиланддык, гонконгдук атаандаштарын утуп, үчүнчү болушту.

Шахмат: Эрнесто Инаркиевдин байгеси

2-декабрда Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы китепканада эл аралык гроссмейстер Эрнесто Инаркиевдин байгесине арналган шахмат турнири башталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов кабарлады.

Кыргызстанда туулуп-өскөн Эрнесто Инаркиев учурда Орусиядагы белгилүү шахматчылардын бири. Аталган чебердин атынан мелдештер төртүнчү жыл катары менен өткөрүлүп келе жатат. Бирок, мурда турнирге жалаң жаңыдан гана ойноп баштаган жаш шахматчылар катышып келген. Быйылкы жылы турнирдин баш байгеси үчүн аттуу-баштуу чеберлер да ат салышууда.

Тилекке каршы мелдештер графиги жыш болуп, убактысы тар болгондуктан быйыл Эрнесто Инаркиевдин өзү Бишкекке келе албай калды. Мелдештин башкы куратору болуп Бишкекте турган бир тууган карындашы Карина Инаркиева дайындалды.
Мелдештин акыркы туру жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 10-декабрга белгиленди.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG