Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:33

Шахмат: ийгиликтер алдыда


31-июлда кыргыз шахматчылары Кытайда өткөн жаштар олимпиадасынан кайтып келди. Бул күндөрү Испанияда сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө.

Юрий Краковецкий - 15 мыктынын бири

Азия чемпионатынын күмүш байге ээси Юрий Краковецкий дүйнөлүк деңгээлдеги 15 мыкты дзюдочунун катарына кирди. Эл аралык Дзюдо федерациясынын расмий маалыматына ылайык, оор салмактагы Краковецкий алты тепкичке жогору көтөрүлүп, учурда дүйнөдө тандалган 184 спортчунун ичинен 15-орунда турат.

Эрежеге ылайык, арбын упай топтогон 64 мыкты спортчу гана дүйнө чемпионатына жолдомо алышат.

Шахмат: Кыргызстан 15-орунда

Кыргызстандын шахмат боюнча жаштар курама командасы Шахмат боюнча жаштар арасындагы дүйнөлүк олимпиада оюндарында 15-орунду ээледи. Бул тууралуу “Азаттыкка” машыктыруучу Бактыгүл Тиленбаева кабарлады.

- Кыргызстандыктар олимпиада оюндарында 10 тур өткөрүшкөн. Анын ичинен үч ирет жеңишке жетишсе, беш оюнда тең чыгып, үч жолу беттешүүдө утулган. Жыйынтыгында Сингапур менен кошо 15-орунду бөлүштү.

Акыл таймаштарында Кыргызстандын намысын Тагир Таалайбеков, Жакшылык Нурланов, Келсинбек жана Айбек Исакжановдор коргоп келди. Алар Казакстан, Словения, Индонезия жана Британия сыяктуу олуттуу командаларды артта калтырды.


Биринчи орун Индиянын курама командасында ыйгарылды, экинчи орунга Орусия чыкты. Коло байгени Түркиянын шахматчылары ээледи.

Мелдеш командалык эсепте өткөрүлүп, ага 72 өлкөнүн шахматчылары катышты. Шахматтан жаштар олимпиадасы Кытайдын Чонгкинг шаарында өткөрүлдү.
Мурунку жылы Түркияда өткөн шахмат олимпиадасында Кыргызстан 35-орунга гана илинген.

Суучулдар арманда

Бул күндөрү Испаниянын Барселона шаарында сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө.

Мында кыргызстандык суучулдар Дамир Давлетбаев, Василий Данилов жана Лондон олимпиадасынын катышуучусу Дарья Таланова ийгилик жарата алышпады.

"Кыргызстанда 50 метрлик бассейн жок болсо, суучулдарга шарт түзүлбөсө, кайдагы ийгилик", - дейт спорт баяндамачысы Асан Жунусов.

Түркиядагы футболдук сыноо

Канттын "Абдыш-Ата" клубунун үч футболчусу Түркиянын "Буджаспоре" супер лига клубунун кароо-сынагынан өтүп жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка” федерациянын басма сөз катчысы Канат Асенов кабарлады.

Түркиядагы кароо-сынакка Виктор Кельм жана Азат менен Алмаз Сматовдор жиберилген. Эгер футболчулар кароо-сынактан ийгиликтүү өтүп кетсе, аларда түрк клубу менен келишим түзүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.

"Буджаспор" – бул Измирдин футбол клубу. 1928-жылы негизделип, 1984-жылдан бери профессионалдуу статуска ээ болгон. Акыркы үч жылдан бери Түркиянын жогорку лигасында ойноп келүүдө.

Балбандардын даярдыгы

Кыргызстандын оор атлетчилери жаштар арасындагы Азия оюндарына даярдык көрүп жатат. Алар учурда Ысык-Көл районунун Бостери айылында спорттук машыгууларын өткөрүүдө. Жаштар курама командасынын курамында 13 спортчу болсо, анын ичинен экөө - кыздар.

Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосовдун айтымында, учурда жаштар арасындагы Азия оюндарына болгону төрт спортчу жолдомо алган.

Жаштар арасындагы Азия оюндары 16-августтан 24-августка чейин Кытайдын Нанкин шаарында өтөт.

Данияр Дулдаев Түркияда таанылууда

Кыргызстандык теннисчи Данияр Дулдаев Түркиядагы Futures эл аралык турнирге катышууда.

Биринчи айлампадагы беттешин кыргызстандык спортчу Дулдаев казакстандык Сагадат Аяпка каршы өткөрөт.

Мелдеш ушул күндөрү Измир шаарында өтүп жатат. Эл аралык теннис турнири 4-августта соңуна чыгат. Баш байге фонду - 10 миң доллар.

Өткөн жумада Данияр Дулдаев Стамбулда өткөн Turkey-2013 турниринин жеңүүчүсү аталды. Бул мелдешке дүйнөнүн бардык тарабынан келген мыкты 60 теннисчи катышкан.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG