Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:48

Балбандар Астанага жөнөп кетти


29-мартта кыргызстандык балбандар Астанада грек-рим жана эркин күрөштөн Лондон олимпиадасына жолдомо ойнотула турган Азиялык турнирге катышат.

Астанадагы “Даулет” спорт ордосунда 30-мартта алгач килем үстүнө эркин күрөш балбандары чыгат. Мында кыргызстандык жети балбан мөрөй талашат.

Эркин күрөш федерациясынын президенти, генерал Мелис Турганбаев Астанада кимдер күрөшөөрүн, жети балбандын даярдыгы мыкты экенин айтты:

- Балбандарыбыз Орусиянын тандалма командасы менен бирге машыкты. Орусияда, чет өлкөлөрдө бир нече эл аралык турнирлерден сындан өтүштү. Астанада Лондон олимпиадасына жолдомо алууга балбандардын баары аракет кылышат. Алар Нурлан Макеналиев (55 кг), Надырбек уулу Улан (60 кг), Иннокентий Иннокентьев (66 кг), Ильгиз Жакыпбеков (74кг), Айбек Усупов (84 кг), Магамед Мусаев (96 кг) жана оор салмакта Лазарев Айаал күрөшөт.

Лондонго жолдомону ким алат?

Кыргызстандык спорт күйөрмандарынын үмүтүн жандырып тургандар - грек-рим күрөш балбандары. Алардын даярдыктары кандай? Астанада өлкө намысын атактуу балбандардан кимдер коргойт? Астанага аттанган балбандар тууралуу грек-рим күрөшүнүн башкы устаты, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Эмил Алыкулов буларды айтты:

- Даярдыктар жакшы. Эл аралык бир нече мелдештерде балбандарды сынап, такшалуудан өттү. Астанада өлкө намысын тандалган жети балбан коргойт. Алардын атын айта кетейин: Азия, дүйнө чемпионаттарында мөрөй алып жүргөн балбандар Арсен Эралиев (55 кг), Бээжин олимпиадасынын коло байге ээси, Азия чемпиону Руслан Түмөнбаев (60 кг), Бээжин олимпиадасынын күмүш медаль ээси, Азиянын эки жолку чемпиону Канат Бегалиев (66 кг), Азия оюндарынын жеңүүчүсү, жаштар арасында дүйнө чемпиону Жанарбек Кенжеев (84 кг), Азия оюндарынын чемпиону, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, Азия чемпиону Данияр Көбөнов (74 кг), Азия чемпионаттарынын жеңүүчүлөрү Азат Эркинбаев (96 кг) жана Мурат Рамонов (120 кг) Лондон олимпиадасына жолдомо алууга аракет кылышат.

Мындан төрт жыл мурда Бээжиндеги олимпиадада калыстардын айынан алтын медалга жетпей калган Азиянын эки жолку чемпиону, олимпиаданын жана дүйнө чемпионаттардын күмүш ээси Канатбек Бегалиев Астанада Лондон олимпиадасына жолдомо алууга аракет кылаарын, быйылкы максаты олимпиада чемпиону болуу экенин “Азаттыкка” билдирди.

Грек-рим күрөшүнөн жети балбандын кимиси Лондон олимпиадасына жолдомо алаарын алдыдагы мелдеш көрсөтөт.

Балбан кыз-келиндер да Лондонду самайт

1-апрель күнү эркин күрөш боюнча кыз-келиндердин таймашуусу башталат. Мында 4 салмак боюнча кыргызстандык балбан кыздар да күч сынашып, Лондон олимпиадасына жолдомо алууга аракет кылышат. Балбан кыздардын даярдыгы, камылгасы тууралуу башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков буларды айтты:

- Балбан кыздарыбыз учурда Кантта акыркы даярдыктан өттү. 29-мартта Астанага барабыз. 30-мартта таразага түшүп, атаандаштар аныкталат. 1-апрелде килем үстүндөгү кыздардын таймашуулары башталат. Жеңил салмакта Азия чемпионаттарынын жеңүүчүсү Михрнисо Нурматова, Кубатбек кызы Гүлина (55 кг), Айсулуу Тыныбекова (63 кг) жана Азия оюндарынын коло байге ээси Яна Панова (72 кг) намыс талашат.

Астанада жеңүүчүлөргө олимпиадалык жолдомо ыйгарыла турган мелдешке Азия аймагындагы 21 өлкөнүн 750 балбаны күч сынашат.

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Байгазы Кенжебаевдин пикиринде, Астанага барышкан балбандардын даярдыгына бардык шарт түзүлгөн. Алардын кимиси мөрөй алып, Лондон олимпиадасына жолун ачат, аны алдыдагы таймашуулар аныктайт.

Учурда кыргызстандык спортчулардан төртөө гана Лондон олимпиадасына жолдомо алышкан. Алар: жеңил атлетчи Юлия Архипова, дзю-до чебери Чингиз Мамедов, таэквондочу Расул Абдураим жана мерген Руслан Исмаилов олимпиадага даярдык көрүшүүдө.

Адистердин болжолунда, олимпиада башталганга чейин спорттун айрым түрлөрүнөн дагы 10-12 жолдомо болушу ыктымал.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG