Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:40

Спорт: медалдар парады


14-ноябрда Самоа өлкөсүдөгү дзю-до күрөшүнөн дүйнө Кубогунда кыргыз балбаны коло байге утту. Литвада самбодон дүйнө чемпионатында кыргыз балбандары 4 коло медаль утту.

14-ноябрда Самоа өлкөсүнүн Апиа шаарынан кубанычтуу кабар келди. Мында дзю-до күрөшүнөн Дүйнө кубогунун таймашуусунда кыргыз балбаны Ислам Баялинов үчүнчү орунду жеңип алды.

Баялинов 66 кг. салмактагы беттешүүдө жаңызеландиялык жана кытайлык атаандаштарын утуп, жарым финалда австралиялык Дос Сантоско аз упай менен алдырып койду.

Бирок коло байге үчүн таймашууда Ислам Баялинов жаңыкалендониялык Пол Дулакты утуп, үчүнчү орунду ээлдеди.

Бул дүйнөлүк таймашууга кыргызстандан 3 спортчу катышты.

Париж, оор атлетика

13-ноябрда Парижде оор атлетика боюнча дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды. Мында кыргызстандык 2 балбан күч сынашып, ийгилик жарата алышпады.

Өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Өмүржан Молдодосовдун айтымында, дүйнө чемпионатынын таймашуулары курч мүнөздө өттү.

Себеби Париждеги оор атлетика дүйнө чемпионатында жеңүүчүлөргө жана арбын упай топтогон балбандарга 2012-жылкы Лондон олимпиадасына жолдомо берилгендиктен таймашуулардын деңгээли жогору болду.

Казакстан, таэквондо

Казакстандын эгемендигинин 20 жылдыгына карата Тараз шаарында таэквондо боюнча эл аралык турнир жыйынтыкталды.

Мында кыргызстандык улан-кыздар 6 алтын, 8 күмүш жана 10 коло байге утуп келишти. Баш байгени уткандар Тимур Хам, Сергей Брайловский, Павел Тхай, Тамерлан Юсупов, Дамир Шайхутдинов жана Элзар Мурзабеков болду.

Вильнюс, самбо

Ушул учурда Литванын борбору Вильнюс шаарында самбо күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө. Өлкөнүн самбо күрөш федерациясынын президенти Нурлан Токоновдин айтымында, бул дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбандар азырынча төрт коло медаль утуп алышты.

62 кг. салмакта Нурлан Эралиев жана 100 кг. салмактагы Руслан Маматов самбо дүйнө чемпионатында коло байгелүү болушту.

Бишкек, баскетбол

Учурда Бишкекте дене тарбия академиясынын спорт залында баскетболдон биринчи лиганын мелдештери өтүүдө. Мында Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын 6 командасы мөрөй талашууда. Кара-Балта шаарынын “Манас” командасы менен Бишкектин студенттер курама командасы атаандаштарынан алдыга озуп баратат.

Алматы, каратэ

Каратэ чыгыш өнөрүнүн кекушинкай түрүнөн Казакстандын ачык биринчилигинде кыргызстандыктар алтын, күмүш жана коло байге утуп алышты.

Алматыдагы таймашууга 21 спортчу барып, алардан Денис Балашов биринчи орунду ээледи. Күмүш байгенин ээси Уланбек Акылбек уулу, коло медалды Сабина Хихиза тагынды.

Бул мөрөй талашууга Кыргызстан менен Казакстандан 450 спортчу катышты.

Москва, теннис

Москвада кыргыз жаштарынын “Жаш толкун” бирикмеси үстөл тенниси боюнча турнир өткөрүштү. Мында 12 команда катышып, баш байгени “Манас” командасы утуп алды. Экинчи орун “Байтик” үчүнчү орун “Чубак” командаларына ыйгарылды.

Данияр Дулдаев жеңиштен баштады

Учурда Астанада теннис боюнча эл аралык турнир өтүүдө. Мында кыргызстандык Данияр Дулдаев биринчи атаандашы казакстандык Кайсар Бекимовду артыкчылык менен утуп алды. Эми Данияр орусиялык Сергей Стрелков менен мөрөй талашат.

Жапондордун го оюну - Кыргызстанда

Бишкекте Кыргызстандагы Жапон элчисинин кубогуна арналган го оюну боюнча турнир өттү. Го-жапондордун үстөл үстүндө ойнолуучу стратегиялык оюну болгондуктан кыргызстандыктарга таанытуу максатын көздөдү.
XS
SM
MD
LG