Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:09

Америкалык база кетти. Ким калды?


438-Медициналык бөлүктүн аскерлери "Манас" тразнит борборунан узап атышат, 23-март, 2013-жыл
438-Медициналык бөлүктүн аскерлери "Манас" тразнит борборунан узап атышат, 23-март, 2013-жыл
Ооба, америкалыктар акыры «Манас» аэропортундагы авиабазасын биротоло жаап, кетчү жагына чындап кете турган болду. Кантсе да цивилизацияны көргөн, демократия үчүн бар күчүн аябаган, анын эрежелерин этиет сактаган эл эмеспи - америкалыктар бизди эч бир кекетпей, мокотпой, ыракматын кыргыз мамлекетине бир эмес, бир нече жолудан ыроолоп, айткан убадасына бек туруп, акыры биздин жерден узай турган болушту. Эмки турук ала турган жери Румыния болот шекилдүү.

Ушуга байланыштуу бир нече суроо туулат. Биринчиден, ушудан эмне уттук да, эмнеден утулдук? Экинчиден, канткен менен Америка деген Америка, дүйнөдөгү эң бай жана эң күч-кудуреттүү мамлекет го, демек, ошол мамлекет менен арыдан бери кетпей, мамилебизди бузбай, 90-жылдардын башындагы кыйын-кысталыш заманда жасаган нечен жакшылыгын, ондогон миллион доллардык гумжардамдарын, эл аралык финансы институттары аркылуу берген миллиарддаган дээрлик үстөксүз кредиттерин, бекер берген миллиондогон гранттарын унутпай, эскиден келаткан меймандостугу бар эл-журт экенибизди көрсөтө алдыкпы? Башкача айтканда, дипломатия деген чоң өнөрдүн жакшы үлгүсүн көрсөтүп, кедей болсок да кеменгер эл экенибизди, аз болсок да акылман калк экенибизди билдирдикпи? Же эртеңки күнү саламга келбечүдөй телтеңдеп, үйүнө келген конокко опуза көрсөтүп ороңдогон Орозкулдун ороюн көрсөттүкпү?

Бул суроолорго жооп берүүдөн мурун, аз да болсо жыйынтыктар чыгаралы. Эң негизгиси, жылына аренда, налог, дагы башка төлөмдөр болуп отуруп, 240 миллионго жакын таза киреше казынабызга түшүп турчу. Мындан кийин ал кирешелер болбойт. Ал финансылык кенемтени ким толтурат, ошол акчалар менен жаап келген нечен кем-карчты, айлык менен жөлөк пулдарды кантип жабабыз - бул азырынча жоопсуз суроо. Мындан тышкары, «Манас» аэропорту биздин региондогу эң мыкты радар менен жабдылды, учак кончу тилкелер алда канча кеңейди, аэронавигация иши болуп көрбөгөндөй жакшырды. "Ат оонаган жерде түк калат" дегендей, америкалыктар артына 30 миллион доллардык техникалык каражат калтырды. Бир чоң аскерий контингент кенен-кесири жайгаша турган шайма-шай базаны, баш-аягы 200гө жакын казарма менен палаткаларды, спорт залдарын, ашканаларды, толуп аткан мүлктү таштап кетти. Канткен менен Ганси аскерий базасы аркылуу 5 миллиондон ашуун аскер адамдары Афганистан баштаган бир катар мамлекеттерге ташылды, 10 мамлекет менен аскерий катнаш түзүлүп, 26 өлкөнүн коалициялык күчтөрү «Манас» аба майданы аркылуу башка жактарга учуп өттү. Жалаң гана экскаватор менен жүк ташыгыч автокарлардын саны 60ка жакын, деп билдирди полковник Жон Миллард. Эми алар биздин эл аралык аэропорттун граждандык учактарын тейлейт.
Айтор, санай берсек биз көргөн накта пайда, биздин авиаторлор өздөштүргөн тажрыйба дагы көп жылдарга оң таасирин тийгизчүдөй. Азыр биздин аэропорт кадимкидей жанданып, ичине жүргүнчүлөр толуп, аба майданыбыздын кебетеси ондогон эсе оңолуп, ары-бери учканда көңүл кубанат.

Эми эмнеден утулдукка келели. Утулганыбыз огеле көп. Биринчиси, дале болсо ошол казынабызга күргүштөп кирип турган акча каражаттары. Жашырган менен не, бизге 240 миллион эмес, 2 миллион доллар пайда түшсө жетине албай сүйүнөбүз. Эгер Илимдер Академиясында иштеген илимий кызматкердин айлыгы 2-3 миң сомдун тегерегинде болуп, ал эми айыл жериндеги мугалимдер дагы эле 3-4 миң айлык менен отурушса, кийинки эле эки жылда бир нече сабактар мектеп программасынан кыскарса, бизге бир тыйын болсо да оокатыбызга төтө, казаныбызга катык эмеспи. Экинчиси, Батыш менен, айрыкча АКШ менен мамилебизди абдан эле иритип алдык. Азыркы биздин бирден-бир ишенгенибиз - Орусия. Жок, Орусияга эч кимдин ич күптүсү же таарынычы жок, бирок ошол орус туугандарды кайрадан төрүбүзгө өткөрөбүз деп отуруп, башка журттарга, айрыкча Кытай, Өзбекстан сыяктуу жакын кошуналарга жат болушубуздун логикасы кайда деген гана суроо туулууда.

Жумушсуздук кескин көбөйөөрүн, базарларыбыз текши жабылаарын, элдин ансыз да жука чөнтөгү кескин жукараарын сезип-билип туруп, баягы эле сары журт болгон Бажы бирлигине баш уруудабыз. Же бир тапкан пайдабыз жок. Сыягы, чын эле бизге "эртеңки куйруктан - бүгүнкү өпкө" керек окшойт.

Ырас, кетчүлөр баары бир кетет. Калчулар баары бир калат. Калганы ошо го: эртели-кеч америкалыктарга кыжыры кайнап, «биздин короого келип калган ким?» дегендей ормойгон Канттагы орустар эми бизге опуза менен сүйлөгөнгө толук укук алат. Баса, Канттагы база эмитен эле кеңейтилүүдө. Эмне максат менен экени эч бир түшүнүксүз. Бирок төлөгөн арендасы америкалыктарга салыштырганда «жоктон көрө жогору» дегендей эле кеп. Билгендер күйүнсө, билбегендер, айрыкча «бүгүнкү өпкөнү» артык көргөн журтташтар жер тепкилеп сүйүнүшүүдө. Сыягы, өткөн замандарда азыраак тепки жеп, жетишсизирээк башкаларга жем болуп калган окшойбуз го.

А бирок ар нерсенин эртеңи болот эмеспи. Дале болсо таң атып, күн чыгат. Ар кимибиз баары бир карыныбызды кампайтып, илмейген айлыктуу болсо да эптеп бир ишке чыгышыбыз керек. Жок, андай болбосо, көнгөн адатыбыз, азыркы айрым жетекчилер, айрыкча «бульдозерлор» менен «түбөлүк революционерлер» үйрөткөн даңгыр жолго кайрадан түшөбүз. Итке эмес, мышыкка минип калаарыбызды билип туруп стратегиялык жолдорду бууйбуз. Бууп да отурабыз. Андан соң борборду көздөй аттанабыз. Чоң жоону тапкандай, желектерди ойда желбиретебиз. Манас атабыз түп Бээжинди алгансып, өзүбүздүн борбор калаабыз Бишкекти басабыз. Кыйкырык-сүрөөндөрдү ойда таштайбыз. Албетте, кадимки «Келсин!» менен «Кетсин!» кайрадан урааланат. Эмгек менен жашагандардын шору болуп, бандит-мародерлордун тою тойлонот. «Бүгүнкү өпкөгө» батышынча тойобуз. Талайбыз да, тонойбуз. Андан ары саясий окуялар кандай сценарийде кетээрин айткың да, ойлонгуң да келбейт…

Осмонакун Ибраимов
XS
SM
MD
LG