Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Нусупова: Аялзат ынтымакка данакер


Ош менен Жалал-Абаддагы “Аялдар тынчтык үчүн” долбоорунун өкүлү Роза Нусупова коогадан кийинки жараштыруу жараяны боюнча “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Былтыркы июнь коогасынан кийин Ош менен Жалал-Абадда бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү, эл аралык уюмдар баары жапа тырмак киришип элди ынтымакка чакырып, жараштыруу жараяны жүрүп жатат. Сиздер абалды иликтеп карап турат экенсиздер. Айтсаңыз, бул жараштыруудан майнап чыкчудайбы?

Роза Нусупова: Июнь окуяларынан кийинки түштүктөгү абал баарын эле тынчсыздандырды. Ошонун ичинде кайдыгер калбаган аялдардын да көңүлүн буруп, кырдаалды жакшыртууга өзүнүн салымын кошууга аракеттендирди. Ушундан улам түштүк региону боюнча Аялдардын тынчтык комитеттери түзүлдү. Алардын негизги милдети жалпы абалга, кырдаалга байкоо салып, сунуш берип туруу болуп саналат.

Бул долбоорду БУУнун аялдар тармактары боюнча программасы каржылап жатат. Мунун алкагында аялдар жер-жерлердеги абалдарга көзөмөл жүргүзөт. Эң негизгиси - болуп жаткан кырдаалга убагында дароо аракет жасоо болуп саналат. Жергиликтүү бийликке абал тууралуу маалымат берилет.

Менимче, бул иш-аракеттер сөзсүз түрдө өз натыйжасын берет. Себеби бул долбоордун алкагында айылды өнүктүрүү фонду тарабынан кичи долбоорлор да ишке ашырылып жатат. Алар ар улуттун өкүлдөрүн жакындатууга багытталган. Жаштарга арналган, кризистүү делген точкаларды жумшартуу боюнча долбоорлор болгон. Ушунун негизинде эки улутту бири-бирине аралаштыруу, жараштыруу боюнча иш-аракеттер жасалып жатат.

“Азаттык”: Айрыкча шайлоо алдында ар кандай чочулоолор айтылып жатат. Сиздер өзүңүздөрдүн байкоолоруңуздан улам кандай опурталдуу жагдайларды белгилеп, эмнелер тууралуу эскертип жатасыздар?

Роза Нусупова: Имиш-имиштер көп болуп жатат, бирок көзөмөл жүргүзүүчүлөр катары айтсак, булар далилденбеген нерселер. Бирок кооптонуу бар. Улуттар аралык мамилени эртеңки күнү талапкерлер өз кызыкчылыгына колдонуп кетпейби, же кандайдыр бир күчтөр пайдаланбайбы деген бизде да кооптонуулар бар. Бул максатта жарандык коом, аялдардын тынчтык комитеттери менен укук коргоо органдары ортосунда кызматташуу орнотуу максатында эртең жыйын өткөн жатат.

Анда эртеңки кырдаалда, шайлоо маалында тынчтык куруучу аялдар туруктуулукту камсыздоо үчүн кандай иштерди аткарышы керек, укук коргоочу органдарга жардам ирээтинде кандай кызматтарды көрсөтүп бере алат, кызматташуу дегеле кандай болушу керек деген маселелер көтөрүлөт.

Азырынча биз момундай опурталдуу жагдайлар бар деп айта албайбыз. Ар кандай божомолдор, имиштер эл аралып жүрөт.

“Азаттык”: Аялдардын тынчтык комитеттери оболу Ош, Жалал-Абад, Баткенде түзүлгөн экен. Андан кийин Кыргызстандын башка аймактарынан да лидер айымдар тартылыптыр. Алар жараштыруу жараяндарына кандай салым кошуп жатат?

Роза Нусупова: Август айында Көлдөн, Чүйдөн, Таластан өкүлдөр келишип, бүгүнкү күндө түштүк регионунда аялдар жасап жаткан иштер менен таанышып кетишкен. Бул аялдардын тынчтык комитети аткарып жаткан иш-чараларды башка аймактарга жайылтуу максатында жасалган болчу. Андан кийин бул комитеттердин жаштар канаты ар бир облустан бештен өкүл кошуп тынчтык кербенин уюштурушкан. Кербен жүрүш биринчи Баткенден башталган. Түндүк менен түштүктүн ортосундагы байланышты күчөтүү максатында кербен болгон жерлерде ынтымак орнотуу боюнча иштерди алып барып жатышат.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG