Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:29

Катуу шамалдын чыгымдары такталууда


Бишкек, 9-июнь, 2015-жыл
Бишкек, 9-июнь, 2015-жыл

8-июндагы катуу шамалдан Чүй облусунда эки киши каза таап, Бишкекте үчөө ар кандай жараат алды.

Борбор калаада 50дөн ашуун үйдүн чатырын учуруп, ондогон бак-дарактар кулады. Мындан сырткары нөшөрлөп жааган жаандан Кыргызстандын айрым аймактарында сел жүрүп, ондогон үйлөрдү каптаган.

8-июнда Бишкек жана Чүйдө ылдамдыгы секундасына 25-27 метрге жеткен катуу шамал болуп, анын кесепетинен Аламүдүн районундагы ГЭС-5 аймагында жашаган 13 жаштагы кыз жана Ысык-Ата районунун Кеңеш айылынын 1941-жылы туулган тургуну каза тапты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Элмира Шарипованын айтымында, экөөн тең бак басып калган.

- Катуу шамал башка жактарда да катталганы менен, кесепети Бишкек жана Чүй облусунда көбүрөөк болду.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Бишкек шаарынын Ленин районунда шамалдын кесепетинен үч киши ар кандай жараат алды. Алардын экөөнө чатырдан учуп түшкөн шыйпыр тийген. Дагы бир кош бойлуу келинге кулап кеткен дубалдын урандылары тийип, жамбашы сынып, шаардык 4-ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу аталган райондун акими Мирлан Аскар уулу маалымат жыйында билдирди.

Бишкектин төмөн жагындагы Мурас-Ордо жаңы конушунун тургуну Садыр Биделбековдун үйүнүн чатырын шамал учуруп кеткен. Нөшөрлөп жааган жаан үйүнө чейин кирип, шаштысын кетиргенин айтат. Анын жубайы Гүлзат Төрөева соңку жылдары мындай катуу шамалды көрбөгөнүн билдирүүдө.

- Шамал учурган шыйпырлар бүт талкаланды, кайра колдонууга болбойт. Үйгө суу кирип, жылтырак, линолеум жаап, араң жан калды. Түндө өчкөн бойдон жарык да жок. Жарык жок болсо суу да токтойт. Учкан шыйпырдын баары кошунанын короосуна түштү. Ушунчалык катуу шамал болду. Капкара куюндай болуп келди. Таң калдык. Мындай болгон эмес.

Шамал бул конуштагы 30 чакты үйдүн чатырын учуруп кеткен. Толугу менен жана жарым-жартылай чатырынан айрылган тургундар кошумча чыгымга дуушар болгону аз келгенсип, кечээтен бери электр жарыгы жок очоктун көзүн карашууда. Мындан улам курулуш материалдарын саткан базарда соода кызуу болуп жаткан экен. Өзгөчө жыгач таш, шыйпыр көп өтүп атат дейт соодагер Мунарбек.

- Бүгүн эртең менен эле шыйпыр издеп келип атышты. Эскисиби, жаңысыбы бүт сурап атышат.

Катуу шамалдан улам Бишкек шаарында бак-дарак кулап, онго жакын машинаны басып калды. Шаардын бир топ аймактарында зымдар үзүлүп, жаңы конуштардын көбүндө жарык дале калыбына келтириле элек. Биринчи Май районунун акими Аскарбек Аалиевдин белгилешинче, мэрия, тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү түнү менен шамалдын кесепетин жоюу боюнча иш алып барышты.

- Шаар боюнча бир нече ондогон бак-дарак кулады. Бир канчалаган жерде зымдар үзүлдү. Биринчи Май районунда эле 15ке жакын жерде зым үзүлдү, бул санды төрткө көбөйтүп айта берсек болот. Азыр бул сандар да өзгөрүп атат, анткени кайрылгандар дагы да бар.

Мындан улам шаардын бир нече жеринде светофор иштебей, жол тыгын пайда болду. Ал эми Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетованын “Азаттыкка” билдиришинче, 8-июнда кечинде болгон шамалдан улам Горький атындагы көчөдөн кулап кеткен жарнамалык баннер басып калган төрт машиненин чыгымын баннердин ээси, OSSE фирмасы төлөп бермей болду. Шаардагы калган бак басып калган машинелердин ээлерине жардам берүү категориясы аныкталган соң алардын маселеси чечилет.

Мындан сырткары нөшөрлөп жааган жаандан Кыргызстандын айрым аймактарында сел жүрүп, ондогон үйлөрдү каптаган. Мындай кырдаал Баткен облусунун бир нече айылында, Жалал-Абад обулусунун Токтогул районунда, Ош облусунун Алай районунда, Таласта, Чүйдүн бир топ айылында катталды. Өзгөчө кырдаал министрлиги анын кесепетин жоюу жана чыгымын эсептөө аракетин көрүүдө.

Анткен менен Биринчи Май районунун акими Аскарбек Аалиев шамалдан улам бактардын тамыры бошоп, кулап калуу коркунучунда экенин эскертүүдө.

- Эски бактардын тамырлары катуу шамалдан бошоп калды. Ошондуктан машинеңизди коюп жатканда бактын абалына көңүл буруп, этият болуңуздар деп шаар тургундарына эскерте кетет элем.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдыдагы бир-эки күн жаан-чачындуу болорун эскертүүдө. Маалыматка ылайык, июндун экинчи жарымы күн ысып, абанын температурасы 40 градуска чейин жетет.

XS
SM
MD
LG