Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:44

Кыргызстанда толук кишилер көбөйүүдө


Ашыкча салмактагы адамдардын көбөйүшүнө элдин тез даярдалчу, күчтүү тамактарды көп жеши себеп болгону да айтылууда.
Ашыкча салмактагы адамдардын көбөйүшүнө элдин тез даярдалчу, күчтүү тамактарды көп жеши себеп болгону да айтылууда.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстан калкынын 40 проценти ашыкча салмактан жапа чегээрин жарыялады.

Бул маселе “Азаттыкта” арай көз чарай талкууланып, ага коомдук жана мамлекеттик ишмер Кемелбек Ашыралиев менен Бишкек шаардык эндокринологиялык диспансердин дарыгери Кайыргүл Жоошбаева катышты.

Талкуунун биринчи бөлүгү





“Азаттык”: Кайыргүл айым, чынында эле ашыкча салмактагы адамдар көбөйүп жатабы Кыргызстанда? Анын себептери эмне?

Кайыргүл Жоошбаева: Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда ашыкча салмактуулук жана семирүү 40% жетти. Ага көптөр тез даярдалчу, калориясы көп тамактарды жегени себеп болууда. Учурда адамдар да иш менен алек болуп, үйдө тамак даярдаганга убактылары жок.

Экинчиден, ашкана, кафелердин баары элди көп тартыш үчүн даамдуу, калориялуу тамактарды жасап жатышат. Үчүнчүдөн, кыймыл-аракет жок, тамактанып чыгып эле машинага отурат. Адамдар азыр жөө баспай калды. Андан сырткары аз уктаган адамдар да семирет.

Мындан сырткары зат алмашуунун начарлашы, гормондук өзгөрүүлөр да ашыкча салмакка алып келет. Эң коркунучтуусу бул – жүрөк кан тамыр ооруларына жана кант диабетине алып келет. Андан сырткары канда холестериндин көбөйүшүнө, сөөктүн бузулушана, өт, бөйрөктө таштын пайда болушуна алып келет. Жоон ичегидеги рак оорусуна да жол ачат.

“Азаттык”: Кыргызстанда ашыкча салмактагы адамдардын көбөйүшү эмнеден кабар берет? Бардар жашоодонбу же ылгабай, тапканын жей бергенденби?

Талкуунун экинчи бөлүгү




Кемелбек Ашыралиев: Салмактын көбөйүп кетиши өзгөчө шаар жерлеринде байкалат. Айыл жеринде бардарлар гана бир аз толугураак көрүнбөсө, колунда жогураактары эртеден кечке кыймылдап иштейт, уй кайтарып, чөп чабат, ат минет. Андан сырткары калориясы аз тамактарды жейт. Байлыктын жакшы да, жаман да жагы бар экен да. Анан бийликте тургандар да ден соолукту кандай сакташ керек экенин элге көрсөтүш керек. Мисалы, биздин бийликтегилердин велосипед тепкенин, тоого чыкканын, муздак сууга түшкөнүн эч көрө албайбыз. Аларды жыйналышта эле отурганын көрөбүз. Ошондуктан жеке мисал болгондор да жок болуп атат.

Эң негизги трагедиясы - балдар арасында да өтө толуп кеткендер көп болуп жатат. Улгайып калгандар мейли, жашарын жашады дейбиз. Мектепке барсаңыз боорсоктой-боорсоктой бултуюп турган балдарды көрөсүз. Ал эмнеден болуп жатат? Ата-энеси абдан көп тамак берип жатат, абдан жылуу кийинтип, мектепке да машина менен алып барып, алып келишет. Бардык шарттар көрүлгөн, видео, телевизор... баары бар, болгону отуруп эле ойноп жатпайбы. Мурдагыдай бизчилеп чүкө ойногон, уй кайтарган, сууга барган эч ким жок. Бардыгынан дагы жаштардын толуп кетиши жакшы көрүнбөйт.

XS
SM
MD
LG