Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:23

"Себаттагы" уулануунун себеби иликтенүүдө


"Себат" кыргыз-түрк лицейлеринин Кыргызстанда иштей баштаганына жыйырма жылга чукулдап калды.
"Себат" кыргыз-түрк лицейлеринин Кыргызстанда иштей баштаганына жыйырма жылга чукулдап калды.

Токмоктогу Кыргыз-түрк “Себат” лицейиндеги уулануунун себептери бүгүн-эртең белгилүү болот. Балдар жеген тамактар жана окуу жайдын ашканасы, анда иштеген ашпоздор атайын текшерүүдөн өткөрүлдү.

21-февралда Токмоктогу Кыргыз-түрк "Себат" лицейинде 57 окуучунун уулануусу катталган. Буга байланыштуу Санитардык көзөмөл жана оорулардын алдын алуу департаменти лицейдин ашканасында текшерүү иштерин жүргүздү.

Акыркы маалыматтар боюнча ууланган балдардын абалы жакшы. Ооруканага кайрылгандар да кайра үйлөрүнө чыгарылган.

Алдын ала жүргүзүлгөн лабораториялык изилдөөлөр уулануу стафилококктон болушу ыктымалдыгын көрсөтүүдө. Бул тууралуу аталган департаменттин тамак-аш коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Токтогул Базарбаев “Азаттыкка” билдирди:

- 20-февраль күнү эртең мененки тамакка сүт менен быштак берилиптир. Саат он бирлерде балдар ичтери ооруп, кусуп, лицейдин медпунктуна кайрылышкан. Кийинчерээк алардын саны көбөйүп отуруп, 57ге жеткен. Токмоктогу жугуштуу оорулар ооруканасына да кайрылышкан. Биздин алгачкы иликтөөлөр ооруну стафилококк таякчасы козгогонун көрсөттү. Азыр биз таякча кантип тамакка аралашып калганын иликтеп жатабыз. Ашканадан тартып, ашпоздорго чейин текшерилип жатышат.

Дарыгерлердин билдиришинче, стафилококк - бул оорууну козгоочу бактерия. Токтогул Базарбаев уулануунун себептери толугу менен бүгүн-эртең аныкталарын кошумчалады.

“Себат” билим берүү мекемесинин жетекчилиги окуя болору менен лицейге барып, кырдаал менен таанышкан. Аталган мекеменин башкы директору Нурланбек Кудайбердиевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, мекеме башчылыгы Санитардык көзөмөл жана оорулардын алдын алуу департаменти менен чогуу иштеп атат:

- Ал жердеги окуяны укканда эле жетекчиликтен өкүлдөр лицейге келип, абал менен таанышканбыз. Буйруса, эки-үч күндүн ичинде баары ордуна келип, кайра окуу жараяны башталат. Азырынча мектептен да, ата-энелерден да эч кандай арыз-дооматтар түшкөн жок.

Нурланбек Кудайбердиев уулануунун себеби аныкталгандан кийин кемчилик кетирген кызматкерлерге тиешелүү чаралар көрүлөрүн кошумчалады.

Кыргызстанда “Себат” билим берүү мекемесинин он беш лицейи, бир нече толук орто мектеби жана бир университети бар. Аталган билим берүү мекемесинин бардык окуу жайларында окуу акылуу. Дээрлик ар бир окуу жайда ата-энелерден түзүлгөн атайын комитет бар, алар лицейде балдардын алып жаткан билиминен тартып, жаткан жери, жеген тамагына чейин көзөмөлгө алып турушат.

"Себаттын" Ысык-Көлдөгү кыздар лицейинде бир нече жылдан бери ата-энелер комитетин жетектеген Анара Шабданбекова лицейдин окуучуларына берилип жаткан тамак-аштын сапатына ата-энелер комитети да көзөмөл кылып турарын “Азаттыкка” билдирди:

- Мен, мисалы үчүн жети жылдан бери ата-энелер комитетин жетектейм. Балдардын тамак-ашынан тартып, мугалимдердин окуучуларга жасаган мамилесине чейин көзөмөл кылып, текшерип турабыз. Балдар жеп жаткан тамак-аштын сапаты, аны даярдоодо колдонулган азык-түлүктөргө да көңүл бурулат. Биздин балдар окуган лицейге ысыккөлдүк дыйкандар өстүргөн жашылча-жемиштер алынат, жергиликтүү сүт фермалары менен келишимдери бар. Ошонун баарына көз салып, карап турабыз.

Мындан бир нече жыл мурда "Себатка" таандык Жалал-Абаддагы лицейде электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашынан улам муздаткычтар жакшы иштебей, балдар тамактан ууланышкан. Эки жыл мурун Таластагы кыздар лицейинде сарык оорусу катталганы белгилүү.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG