Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:03

Баткенде Өзбекстандын ретрансляторлору табылды


Ретранслятор (иллюстрациялык сүрөт)
Ретранслятор (иллюстрациялык сүрөт)

Чек арадагы бул аймакта өзбек телеканалдарын обого таратуучу автоматтык ретранслятор иштеп жатканы белгилүү болду.

Кыргызстандын байланыш агенттиги болсо өлкөдөгү бардык телечагылдыргычтар каттоодо турганын билдирүүдө. Жергиликтүү калк ансыз да аймакта маалымат коопсуздугу курч турганда башка өлкөнүн телеберүүлөрүн алып көрсөтүүнү туура көрбөйт.

Телечагылдыргычтар кантип орнотулган?

Өткөн жумада Баткен облусунда телерадио берүүлөрдүн сапатын текшерүү боюнча КТРК жана республикалык радиорелейлик магистралдарынын адистеринен түзүлгөн жумушчу топ иштеген. Алар Баткен, Лейлек райондору боюнча толкундардын таркалуу сапатын текшерүү учурунда Лейлек районунун Исфана шаарында кубаттуулугу 30 Вт жана ушул эле райондун Бешкент айыл өкмөтүндө күчү 10 Вт Өзбек Республикасынын телекөрсөтүүлөрүн чагылдырып берип туруучу автоматтык телечагылдыргычтар иштеп жатканына күбө болушканын айтып чыгышты.

КТРКнын техникалык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Искендер Касымовдун айтымында, ошол эле Исфанада (Лейлек районунун борбору) орнотулган КТРКнын көрсөтүүлөрүн чагылдыргычтын кубаттуулугу Өзбекстан көрсөтүүлөрүн чагылдыргычка салыштырмалуу 3 эсеге аздык кылат.

- Исфана шаарынын борборунда 30 Ваттык, ошондой эле Бешкент айыл округунун аймагында 10 ваттык болгон Өзбекстандын телепрограммаларын обого таркатуучу автоматтык телечагылдыргычытар орнотулуп, көптөн бери иштеп келгени аныкталды.

Жергиликтүү деңгээлде бул шаймандардын иштеп жатышына ким тарабынан уруксат берилгени, ким орноткону тууралуу маалымат алуу кыйын. Бул жабдыктын бири 30 жылдай мурда эле курулуп, экинчисин жергиликтүү эл өзү орноткону да айтылууда.

Улуттук байланыш агенттигинин жетекчисинин орун басары Чыңгыз Бекташовдун айтымында, мунун баары келишимдин негизинде иштеп жатат:

- Бизде азыр баары келишимдин негизинде. Башкача айтканда чагылдыргычтарды орнотоордо биз орнотсок кошуналар менен макулдашабыз, алар орнотсо биз менен макулдашат. Бизде бардык чагылдыргычтардын маалыматтары бар. Биз менен макулдашуудан тышкары ар бир өлкө өз байланыш толкундарын камтыган эл аралык реестрге катталат.

Кошуналарга боло береби?

Өзбекстандын бул жабдыктары учурунда Лейлектеги өзбек тектүү тургундар үчүн орнотулган болушу мүмкүндүгү айтылууда.

Жергиликтүү коомчулукта болсо Кыргызстандагы улуттук азчылыктарды телеберүүлөр менен камсыздоо үчүн кошуна өлкөлөрдүн телеканалдарын алып көрсөтүү маселени чечпейт деп эсептегендер да бар. Алардын бири баткендик серепчи Базарбай Маасеитов:

- КТРК аркылуу эле биздеги этникалык азчылыктар үчүн атайын бир аз убакыт бөлүп, телеберүү маселесин чечип койсо болот да. Мисалы Баткен облусунун аймагында Тажикстандын жана Өзбекстандын бир канча телерадио берүүлөрү тартат. Анан биздин атуулдар ошол телеберүүлөдү көрүп, ошол мамлекеттердин идеологиясына, саясатына ыктап жаткандай таасир калтырат кээде.

Баткен облусунун аймагында кошуна Тажикстан менен Өзбекстандын 9 телерадио каналын атайын орнотулган ретранслятору жок эле угуп, көрүүгө мүмкүн. Ошол эле учурда Миң-Булак, Кедей-Көрбөс сыяктуу айылдарда Кыргызстандын телеберүүлөрүн көрүүгө таптакыр мүмкүнчүлүк жок.

Өзбек телеканалдарынын толкундары ушинтип облус аймагында тоскоолдуксуз тараса, тескерисинче кошуна тарап Кыргызстандын телетолкундарын өз аймагына өткөрө койбоого аракеттенет. Маселен, Баткен шаарына жакын жердеги телечагылдыргыч Өзбекстандын аймагыбызга телетолкундар өтүп кетүүдө деген даттануусунан улам тикесинен орнотулган...

XS
SM
MD
LG