Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:23

МАИнин ордун “тыңчы-унаалар” басабы?


Видео көзөмөл камералары жол кызматкерлеринин унааларына жана башка жерлерге орнотулат.
Видео көзөмөл камералары жол кызматкерлеринин унааларына жана башка жерлерге орнотулат.

ИИМ “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыра баштаганын жарыялады. Бишкекте 10-декабрда долбоордун бет ачарында анын иштөө тартиби, жол-жобосу тууралуу маалымат берилди.

Кыргызстан бир канча жылдан бери “Коопсуз шаарды” бир жаңсыл кыла албай келет. Буга чейин эки жолу тендер өтүп, баары жыйынтыксыз аяктаган. Соңку тендерди уткан компания укугун талашып сотко кайрылган.

Ички иштер министрлигиндеги маалымат борборго түз туташтырылган алгачкы камера Сокулук районундагы “Азамат” базарынын тушуна орнотулду. Министр Мелис Турганбаевдин билдиришинче, анда эки сутканын ичинде эле белгиленген ылдамдыктан ашырып катуу айдаган 15 миңден ашык факт катталды.

Мелис Турганбаев
Мелис Турганбаев

- Долбоордун биринчи этабына көп деле акча кетпейт, болжол менен 10 миллион сом жумшалат. Ишти акырын баштай беребиз. Андан сырткары айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизиши керек. Камераларга, жабдууларга сертификат алуу зарыл. Сертификат алгандан кийин көчөлөрдүн кесилиштерине камераларды орното баштайбыз. Мына бир эле камера менен эки сутканын ичинде 15 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысын каттадык. Ошолордон айып пул жыйнасак, мамлекетке акча түшө баштайт. Ошол түшкөн акчалар менен долбоорду ишке ашыра берели деп жатабыз. Кудай буюрса, эки жыл ичинде толугу менен бүтүрөбүз.

Кыргызстан “Коопсуз шаар” долбоору боюнча негизинен Молдованын тажрыйбасын колдонгону жатат. Жол эрежесин бузууларды камера аркылуу автоматтуу түрдө каттап-аныктаган программалык камсыздоону расмий Кишинев бекер орнотуп берди.

Молдова полициясынын маалымат борборунун башчысы Дан Кариценин айтымында, бул система стационардык, тактап айтканда, жол боюнда, кесилиштерде такай турган камераларга, андан сырткары мобилдик, башкача айтканда, унаалардагы камераларда катталган маалыматтар менен иштей алат:

- Мобилдик жана стационардык комплекстин иштөө тартиби бирдей эле. Стационардык комплекс жол эрежесин бузган унаанын номерин автоматтуу түрдө көчүрүп алып, маалымат борборуна жөнөтөт, ал жерден айып жазылат. Мобилдик система болсо жол эрежесин бузгандарды жылып жүрүп каттайт. Мисалы, ал унааларга орнотулат. Бул жол коопсуздугун камсыздоого жакшы жардам берет.

Видео көзөмөл камералар кайгуул унааларга орнотулат, бирок атайын белгиси болбойт. Мындан улам, мисалы, аларды Молдовада “тыңчы унаалар” деп тергешет экен.

ИИМдин маалымат борбору
ИИМдин маалымат борбору

ИИМдин башкы маалымат борборунун жетекчиси Алмазбек Бообеков жол эрежесин бузгандарга айып салуу тартибин түшүндүрүп берди:

- Камерага катталган жол эрежесин бузууларды биз үч күндүн ичинде каттап, ошол унаанын ээсине жөнөтүшүбүз керек. Ал адам айып тууралуу маалымдаманы алгандан тартып бир айдын ичинде айыпты төлөшү керек. Эгер бир ай ичинде төлөбөсө, биз сотко кайрылабыз. Сот тиешелүү чечимин чыгарат. Азыркы кезде биз катуу айдаган унааларды каттап жатабыз. Камералар бардык жол эрежесин бузууларды аныктай алат. Андан сырткары уурдалган, издөөдө жүргөн унааларды да номери менен аныктай алат.

Байкоочулар “Коопсуз шаар” долбоору ишке аша баштаса ишеним кат тартибине, унааларды кайра каттатууга байланыштуу бир катар маселелер жараларын айтып жатышат. Ишеним кат мурунку премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тушунда жоюлган болчу. Азыркы өкмөт болсо аны кайра киргизүүгө камданып жатат. Жарандык активист Айбек Баратовдун пикиринде, унааларды кайра каттатууга, документтерди тууралаганга жеңилдик берилиши керек:

- Ишеним кат маселеси негизинен кеминде бир жыл ичинде чечилет. Биз негизинен анын чечилишин ылдамдатсак болот. Ар кандай жеңилдиктерди берип, мисалы, унааны кайра каттоого кеткен чыгымдарды азайтуу өңдүү кадамдарга барсак, жарандар буга өздөрү эле кызыкдар боло баштайт. Элдин баары эле сатып алган унааны тезинен өздөрүнө каттатууга өтө баштайт. Эгер ушундай жол менен кетсек, бул бир жыл ичинде жөнгө салынып калат.

Ушул тушта Facebook, Twitter өңдүү социалдык тармактарда “Коопсуз шаар” долбоору кызуу талкууланып жатат. Анда негизинен тааныш-билиштик менен компьютерге катталган маалыматты өчүртүп койсо болот, тандап-иргеген мамиледен улам чоң-чоң аткаминерлердин номерлери аныкталбай калат, паракорчулук тыйылбайт деген өңдүү пикирин билдирген, күмөн санап шектенгендер басымдуулук кылууда.

“Коопсуз шаар” долбоору боюнча буга чейин эки жолу тендер өткөн. Өмүрбек Бабанов өкмөт башчы болуп тургандагы алгачкы тендерди кытайлык компания жеңип алган. Бирок анын кызмат акысы ашкере кымбат болгон, сынактын жол-жобосу сакталган эмес, мыйзам бузуу болгон деген негизде соттун чечими менен тендердин жыйынтыгы жокко чыккан.

Быйыл экинчи жолу тендер уюштурулуп “Стилсофт Бишкек” деп аталган кыргыз-орус компаниясы уткан. Бирок ички иштер министри Мелис Турганбаев компаниядан күмөн санап, тендерди уюштуруп өткөрүү мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып, келишимге кол коюудан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG