Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Милиционердин өлүмүнө шектүүлөр жок кылынды


Операцияда өлтүрүлгөн эки адамдын жанынан чыккан курал-жарак. 11-декабрь, 2015-жыл
Операцияда өлтүрүлгөн эки адамдын жанынан чыккан курал-жарак. 11-декабрь, 2015-жыл

11-декабрга караган түнү УКМКнын "Альфа" бөлүмү антитеррористтик операция өткөрүп, эки кылмышкерди атып өлтүргөнү кабарланды.

УКМК жок кылынган эки адам экстремисттик топко тиешеси бардыгын жана 19-ноябрда участкалык милиция кызматкерин ушулар өлтүргөн деп маалымдоодо. Адистер бул окуя өлкөдө экстремисттик топтун мүчөлөрү жашыруун көбөйүп жатканынан маалымат берет дешсе, бир бөлүгү жок кылынган кылмышкердин баарын эле алдын ала "террористтер" деп айтканы күмөн жаратат деп айтышууда.

Ок атууну эч ким байкабай калды

Буга чейинки атайын операцияларга салыштырмалуу 11-декабрь түнү болгон окуяны коомчулук эртеси күнү УКМК тараткан маалыматтан гана билди. Операция Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда жүргүзүлүп, эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрү деген кылмыштуу топ курчоого алынган. Кармоо учурунда алар куралдуу каршылык көрсөткөндүктөн атайын багыттагы кызматкерлер ок атуу менен тынчытышканын УКМК өкүлү Рахат Сулайманов "Азаттыкка" айтып берди.

- Биздеги маалыматтар боюнча булар Жумагуловдун же болбосо "Тоха" деген каймана ат менен белгилүү адамдын террористтик тобу менен тыгыз байланышта болгон. Жумагуловдун тобу ушул жылдын 16-июлунда Бишкек шаарындагы террорго каршы операция учурунда жок кылынган.

Ал ортодо Ички иштер министрлиги жок кылынган эки адам 19-ноябрда участкалык милиция кызматкери Актилек Абдивалиевди өлтүргөндөр болуп чыкканын расмий маалымдады.

Милиция кызматкери курман болгон жер. Бишкек. 20-ноябрь, 2015-жыл
Милиция кызматкери курман болгон жер. Бишкек. 20-ноябрь, 2015-жыл

Ички иштер министринин басма сөз катчысы Бакыт Сейитовдун "Азаттыкка" билдиришине, буга чейин эки кылмышкердин фотороботу жарыяланып, алар мурда соттолгон адамдар экени маалым болгон.

- Бизде маалыматтар бар болчу, учурда кошумча тергөө иштери жүрүп жатат. Жашаган жери жана алардын туугандарынан кошумча маалымат алып жатабыз. Булардын бир нече аялы бар экен. Алардын үйүнөн учурда кошумча адабият китептер, башка далил заттар алынып жатат.

Милиция алдыдагы тергөө иштеринин натыйжасында бул адамдардын дагы бир нече шериктери аныкталат деп турат.

Өлгөндүн баары эле террористпи?

Бирок өлтүрүлгөн адамдарды алдын ала "террорист" деп айтууга болбосун укук коргоочу Токтайым Үмөталиева айтууда. Ал алдыдагы иликтөөлөр жана соттун чечими гана операция учурунда өлгөндөрдүн ким экенин айта алат деген пикирде:

- Азырынча согушкер же террорчу өлгөнүн эч ким айта албайт. Азыр кылдаттык менен иштебесе, атайын кызматтар да аз маалымат берип жатышат. Өлгөндөрдүн функциясы кандай эле аны билүү кыйын. Бир тараптуу террорчулар деп айтууга болбойт.

УКМК өкүлү Рахат Сулайманов өлтүрүлгөн эки адам Бишкек шаарында жана Чүй облусунда бир нече теракттарды уюштурууну пландап жатканын кошумчалады. Ага далил катары атайын операциядан кийин өлгөндөрдүн жанынан төрт тапанча, "лимонка" жардыргычтары, колго жасалган жардыргыч заттар, уюлдук телефондор жана бет каптар табылган.

Экстремизм - идеология кармашы

Адистер бул окуя дагы бир жолу өлкөдө экстремисттер тымызын кулач жайып жатканынан кабар бергенин айтууда. Коопсуздук жаатындагы эксперт Марат Иманкулов антитеррористтик операция ийгиликтүү өтүп, коркунучтуу топтор жок кылынып атканы менен радикал күчтөрдү акыр- аягына чейин курал менен токтотуу мүмкүн эмес экенин айтып мындай оюн ортого салды.

Атайын операциядан кийин. 20-декабрь
Атайын операциядан кийин. 20-декабрь

- Мамлекет уюштуруу иштеринен аксап жатат. Калк арасында, айрыкча жаштар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек болуп турат. Себеби экстремизм менен радикал күчтөрдү кара күч менен жеңүү эч качан болгон эмес. Экстремисттер идеологиялык жактан сугарылып калган, ага идеология менен гана жооп беришибиз керек. Биз жаштарга ата-салтыбызды, үрп-адаттарды жайылтып, өзүбүздүн идеологиябызды сиңиришибиз керек.

11-декабрга караган түнү өлтүрүлгөн эки адам Баткен жана Нарын облусунан болушкан. Атайын операция учурунда экөө УКМКнын бир кызматкерин жарадар кылганга жетишти. Жаракат алган кызматкердин дарылануусуна президент Алмазбек Атамбаев каражат бөлүп, атайын багыттагы кызматкерлердин алып барган ишине ыраазычылык билдирди.

19-ноябрда Бишкектин 8-кичи районунда участкалык милиция кызматкери Актилек Абдивалиев кылмышка шектүүлөрдү издеп жүрүп, эки адамды токтотуп, документтерин текшере баштаганда алар кол салышкан.

“Макаров” үлгүсүндөгү тапанчадан Абдивалиевге беш ок атылып, анын бири башына тийип жан берген. Тартип сакчылар ошондон бери эки кылмышкерди издеп келсе, учурда тергөө иштерин күчөтүп, кылмыштуу топко тиешеси бар башка мүчөлөрдү издөөгө киришкен.

УКМК операциясы. 11-декабрь, 2015-жыл

XS
SM
MD
LG