Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:13

Сатыбалдиев: “Ата-Журттун” дооматтары ынандырбайт


“Ата-Журт” фракциясы Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча Мамлекеттик дирекцияны жоюуну Жогорку Кеңеш отурумуна сунуштады.

Мындай чечимге фракция 9-февралда Дирекциянын башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин маалыматын уккандан кийин келген. Сатыбалдиев болсо “Ата-Журттун” демилгесин негизсиз деп жатат. Өз жүйөсүн ал “Азаттыкка” берген интервьюсунда төмөнкүдөй негиздеп берди.

Жантөрө Сатыбалдиев: Мага коюлган төрт күнөө бар, мунун биринчиси, менде иштеген кишилер айлыкты көп алат деген. Аны да эч ким талдаган жок, биздин жазып берген справканы окуган жок. Орточо айлык 20 миң сомдун тегерегинде турат. Бул айлык бүгүнкү күнкү шартка туура келет деп ойлойм. Айлыктарды мен өзүм койгон эмесмин, Убактылуу өкмөттүн токтому менен бекилген. Ал жаңы деле эмес, бул мурунку өкмөттүн донорлор менен, кредит менен иштегендердин (долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү) маяналарын койгон 2009-жылы февраль айындагы токтому бар экен, ошонун негизинде түзүлгөн.

Экинчиси, бир жактуу гана жардам болуп атат деген күнөөнү коюшту. Ага да макул эмесмин. Мисалы, былтыр биз 1780 жапа чеккен, күйүп кеткен үйлөрдү калыбына келтирсек, бүгүнкү күнү ошондой эле көп кабаттуу 880 батирдин жумуштары ишке ашып атат. Анын биринчи 75 батирин шаарга өткөрүп берүү боюнча жумушчу комиссия түзүлүп, азыр мамлекеттик комиссия түзүү алдында турат. Жапа чеккендердин тизмесине ылайык, 1550 батир ушул жылдын аягына чейин Кудай буюрса, бардыгы жакшы болсо бүтөт.
Үчүнчү койгон күнөөсү – башкы план. Ош шаарынын башкы планы бузулуп, үйлөр салынып атат дешет. Башкы план бир күндүк эмес, беш күндүк да эмес, бир жылдык да эмес, башкы планды келечекке түзөт. Шаардын келечегин «Ата-Журт» партиясынын депутаттары канча билсе, мен алардан кем эмес билем. Себеби Ош шаарынын мэри, Ош облусунун губернатору болуп иштегем. Ал башкы план Кудай буюрса жакын арада бүтөт. Марттын этегинде биз өкмөткө сунуштайбыз, өкмөт бекитсе, бул документ калыбына келет. Анан Жалал-Абад шаарынын башкы планына өтөбүз.

Төртүнчү күнөө - түштүккө бекилген акчадан 1 млрд. сомду фермелерге бердирткенге макул болдуңуз дейт. Мен ага да макул эмесмин. Себеби былтыркы окуядан түштүктө карапайым элдин баары жапа чеккен. Биринчи кезекте фермерлер жабыркады. Өстүргөн азык-түлүктөрүн сата алышкан жок. Кайтарым иретинде өкмөттүн башчысы, анын биринчи орун басары, өкмөттүн башка мүчөлөрү - бардыгы сурап, эми түштүккө каралган акчанын бардыгын биринчи, экинчи кварталда өздөштүрө албайсыз, 1 млрд. сомун биз фермерлерге жардам иретинде берип туралы дегенинен мен колдогом. Алар болсо, сиз башка бир партиялардын саясий убадаларын аткарууга жардам берип атасыз дейт. Андай эмес, 1 млрд. сом фермерлер үчүн ашып кетсе 10 пайызды да түзбөйт.

"Азаттык": Жантөрө мырза, дирекциянын бюджети канча, айта аласызбы?

Жантөрө Сатыбалдиев: Азыр дароо так айта албайм, бирок былтыркы жылы алты айдын ичинде бизге каралган акчанын 60-70 пайызын гана иштеткенбиз.

"Азаттык": Бүгүн «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы билдирүү таратып, ал жерде «Ата-Журт» фракциясынын демилгесине макул эместигин билдиришиптир. Бирок ошол эле учурда мамлекеттик дирекция ишин кайра карап чыгууга муктаж деген экен. Бул биринчи кезекте ачык-айкындык, ошол келип түшкөн каражаттардын, чыгымдардын отчеттуулугу жөнүндө сөз болуп атат. Сиздерде отчеттуулук кантип атат?

Жантөрө Сатыбалдиев: Биринчиден, ким жазса дагы чоң рахмат. Бирок бизди көзөмөл кылган уюмдар бүгүн толуп атат. Эл аралык көзөмөлдөө кеңеши түзүлгөн, ал жерге бүт донорлор кирген, бей өкмөт уюмдар кирген. Аны мен түзгөн эмесмин. Өкмөттүн, мамлекеттин башчысынын буюругу чыккан. Коомдук кеңеш түзүлгөн. Ош, Жалал-Абаддын мурунку атка минерлери, аксакалдары кирген ага. Алардан башка Ош шаарында катталган бейөкмөт уюмдар өздөрү ассоциация түзүп, өзүнчө мониторинг жасап атышат. Бүгүнкү күнү Эсептөө палатасы иштеп атат, депутаттардын, ар кандай фракциялардын өкүлдөрү келип текшерип кетип атат. Ал эми кандайдыр бир материалдар жетпей атышы мүмкүн. Ал үчүн биздин сайтыбыз ачык, www doj.ktnet.kg дегенге кирсеңиздер, каржыдан баштап курулушка чейин ар түрдүү маалымат аласыздар. Акчанын күндөлүк чыгымдарынан өөдө берип атабыз. Кандайдыр маалыматтар жетпейт десе, мен бергенге дайыма даярмын. Бейөкмөт уюмдар менен мен өзүм чакырып 2-3 жолу тегерек үстөл өткөрдүм.

"Азаттык": Сиз айткан жолугушууларга парламенттин өкүлдөрү, анын ичинде «Ата-Журт» фракциясынан катыштыбы?

Жантөрө Сатыбалдиев: Биз бүт жеңип барган парламенттик фракциялардын башчыларына кат жөнөткөнбүз. Бир гана «Республика» партиясынын өкүлдөрү катышты.

"Азаттык": Эмне себептен «Ата-Журт» фракциясы сиз айтып аткан төрт дооматты келтирип, ушундай демилге көтөрүп атат дейсиз? Балким алардын кандайдыр бир иликтөөлөрү бар чыгаар?

Жантөрө Сатыбалдиев: Аны мен билбейт экемин. Мага ачык айткан жок. Айтаарым - менин дирекциямда иштеп аткандар - жалданган жумушчулар, мамлекеттик кызматкерлер эмес, бир гана мен мамлекеттик кызматкермин. Мен катардагы вице-премьер, катардагы министр катары айлык алып жүрөм.

"Азаттык": Жалданган канча жумушчу иштейт? Канча киши жалдап атасыз?

Жантөрө Сатыбалдиев: 41 киши иштейт.

"Азаттык": Азыр ушундай зарылдык барбы?

Жантөрө Сатыбалдиев: Зарылчылык бар. Былтыр иш кызуу болгондо, бир эле кезде 1780 объектиде иш жүргөндө менде кызматкерлер жетпей калган фактылар бар. 6 миңге жакын жумушчу иштеди объектилер пикке чыкканда. Ошолор менен иш алып барыш керек.

"Азаттык": Кандай деп ойлойсуз, «Ата-Журт» фракциясынын сунушу парламентте колдоого алынышы мүмкүнбү?

Жантөрө Сатыбалдиев: Мен аны биле албайм. Бирок мени парламентке чакыра турган болсо жүйөлүү жоопторду берүүгө даярмын. Дирекциянын түзүү - бул саясий чечим болгон.

"Азаттык": Сиз айтпадыңызбы, бир жактуу жардам көрсөтүп атасың деп күнөөлөдү деп. Бир жактуу жардам дегенди чечмелеп бересизби, бул бир улутка жардам берип, экинчисине жардам бербей атасың деген маанидеби?

Жантөрө Сатыбалдиев: Ошондой ойлорду айтып атат. Мен ага карманча каршымын. Алар бир жактуу айтып атышат.

"Азаттык": Конкреттүү айтылган улуттарды атай аласызбы?

Жантөрө Сатыбалдиев: Биз жардам бергендер - баары Кыргызстандын жарандары. Алар жапа чеккендер. Мен эч кимди улутка бөлгөн жокмун, бөлө да албайм.

"Азаттык": Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG