Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:34

Эл куралдарды кайтаргысы келбей жатат


7-апрель, 2010-жыл, Бишкек
7-апрель, 2010-жыл, Бишкек

Апрель-июнь окуялары учурунда элге өтүп кеткен курал-жарактын калгандарын кайтарып алуунун бүгүнкү абалы "Арай көз чарай" берүүсүндө талкууланды.

Талкуунун катышуучулары: Ички иштер министрлигинин коомдук-коопсуздук иштери боюнча башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Жекшен Калманбетов жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын башчысынын мурдагы орун басары, Элдик-демократиялык партиянын лидери Артур Медетбеков.

"Азаттык": Кыргызстандын баш-аягы 600дүн тегерегинде жарандардын өмүрүнө забын келтирген апрель, июнь окуялары өткөн эки жылга аяк басып калды. Ал окуялардан калган жарааттар али айыга элек, далай маселелерге чекит коюла элек. Алардын эң эле талылуу маселеси катары элдин колунда калып жаткан ушул күнгө чейин курал-жарактар айтылып келатат. Негизги жогологон куралдардын жалпы саны канча? Алардын канчасы кайтарылды, канчасы элде?

Жекшен Калманбетов: 2010-жылы апрель окуясында ар кандай моделдеги 1177 курал жоголуп кеткен. Бүгүнкү күндө көрүлгөн чаралардын негизинде 45%, же 528 курал кайтарылды, калган 600гө жакыны элдин колунда.

2011-жылдын январында Ички иштер министрлигинин атайын коллегиясында ушул маселе биринчи болуп каралып, катуу тапшырма коюлган. Бул боюнча биз радио, телевидениеге көп кайрылуу жасадык. Бирок жакшы жыйынтыгын берген жок. Андан кийин биз өкмөткө кайрылуу жасаганбыз, элди кызыктыруу үчүн токтом чыгарып, акча бөлүп берсе деп.

2010-жылы ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн 32-токтому чыккан. Ошонун негизинде 1 жарым млн. сом каражат сарпталды. Бүгүнкү күндө 145 курал-жаракты алдык. Жаңы жыл алдында кайра өкмөткө кайрылдык, бизге дагы 10 миллиондой акча курал-жарактарды алганга бөлүп берип атат. Биз да сунуш киргизип атабыз, мурунку чыгарылган токтом боюнча автоматка деп 4800 сом, пистолетке 3200 сом деп айтылган. Кара рынокто автоматтар 1-2 миң доллардан ашык акчага сатылып жатат. Ошонун баасын бир аз көтөрүп берсе, элибиз өткөрсө деген оюбуз бар.

Угармандарга айта кетейин дегеним, ар бир райондордо атайын комиссия түзүлгөн, РОВД, же ПОМдорго келип тапшырса болот. Андан тышкары өзүн-өзү башкаруу органдарына барып кайрылса, биз алганга шарт түзүп беребиз.

"Азаттык": Артур мырза, курал элдин колунда эки жылдан бери кармалууда. Ага эмне себеп болуп атат? Азыр Жекшен мырза айткан чаралар жетишсиз болуп атабы, же башка себептери барбы?
Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





Артур Медетбеков: Бул жерде Жекшен мырза, ИИМ боюнча жоголгон курал-жаракты айтып кетти. Андан башка СНБ жактан 263 курал-жарак жоголгон, анын 20% гана кайрылып берилди. Андан тышкары ок-дарылардын 18 миңден ашыгы элдин колунда.

7-апрелде Ош окуясы болгондон кийин көбү жаштардын, же криминалдык топторго, же диний-экстремисттик топтордун колуна түшкөн. Буга бир далил, "Жайшук Магди" деген террордук топтун балдары былтыр 5-январда ок атышып, алардын куралынан эки киши набыт болгон жана эки террорист каза болгон.

Экспертизадан өткөргөндө бул куралдар 7-апрелде Бишкек шаарында "Форумдун" жанынан тартып алынган куралдар болуп эсептеленет. Дагы бир пистолет чыкты, анын тагдыры Ош окуясында атылып, бир аял, бир жаш кыз жарадар болгону аныкталды. Демек бул куралдардын көбү криминалдык жана диний-экстремисттик топтордун колунда катылып, кандайдыр бир ыңгайлуу шартты күткөндөй коркунучту туудурат.

Экинчиден, биздин ошондогу Убактылуу өкмөт, азыркы убактагы өкмөт, укук коргоо органдары толук куралдуу алуу боюнча оперативдүү иликтөө иштерин жакшы жүргүзө албай жатышат. Себеби 7-апрелде жүргөн балдардын көбүнүн колунда курал жүрөт, видео тасмалар бар. Бирок тилекке каршы иш козголуп, иликтөө иштери аягына чыкпай, жакшы жүрбөй жатат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG